(Башталышы өткөн сандарда)
– Сен Аруукесиң,- деди Жанар бир убакта кубанган түр менен.
– Мен Джимин. Жаннамын.
– Мен далилдеп берем.
– Менин Джи экеним далилденген. Мындай кылалы, эртең түшкө жуук жолугабыз. Бул телефонду карма. Көрдүңбү 6-айфон? Демек, мени сөзсүз чалат деп ишенсең болот. Азыр болсо кетейинчи, чын, кыйналып чыктым.
Жигит телефонду мыжыгып кармаган бойдон туруп калды. Кыз унаасын от алдырып айнектерин көтөрүп жатканда Жанардын эсине капысынан баягы денесине чектирген тамгалар эсине түшпөспү.
– Токто! Сенин сол ийиниңде латынча J (джей) деген тамга бар. Аны биз чогуу жаздырганбыз!
Кыз үндөгөн жок. Бирок көздөрүндөгү таң калуу дапдаана байкалып калды. Айнектерин жапты да, унаасын зуулдата айдап кетти.
ххх
Бөлмөдөгү чоң күзгүнүн алдына келип, кийимдерин шапа-шуп чече салып далысындагы J (джей) тамгасына көзү түштү. “Кантип? Ал кайдан бул тамганы билип жүрөт?” жооп табылчудай эмес.
– Апа!
– Оу, кызым,- коңшу бөлмөдөн апасынын үнү чыкты.
– Мен муну качан чектиргем?
– Билбейм, эсимде жок. Бирок сага жакшы жарашат,- бөлмөгө кирип келген апасы кызынын далысындагы тамганы карап сүйлөп жатты.
– Сиздер мени тапканда бул сүрөт бар беле?
– Бар болсо керек.
– Ага чейин бар беле?
– Билбейм. Ага чейин сен бизден бөлөк жашачусуң. Өзүңдүн батириңде. Балким, ошондо чектирген чыгарсың? Бул сенин ысымыңдын башкы тамгасы эмеспи.
– Силер мени айлап-жылдап көрчү эмес белеңер?
– Кызым, кел, ал күндөрдү эстебейбиз. Жаман түш сыяктуу унутуп коёбуз.
– Мага айтып коюңузчу, апа?
– Жылдап эмес, бирок кээде 3-4 ай көрүшпөй калчубуз.
– Эмнеге?
– Мен сага айтып бердим эле го. Атаң сага өзүнчө батир белек кылган. Кийин сен биз менен бир аз таарыныша кетип, өз батириңе кетип калгансың.
– Эмнеге таарыныштык эле?
– Болор-болбос нерсе. Жашоодо андайлар боло берет.
– А мен бала кезимде кандай элем?
– Аны сага көп эле жолу айтып бербедим беле. Аябай тентек болчусуң. Тың элең. Божурап көп сүйлөчүсүң.
– Мен чын эле силердин кызыңармынбы?
– Келсең,- апасы күзгүгө жакындады. – Карачы биз кандай окшошпуз. Суунун эки тамчысындай. Болгону сенин мурдуң атаңдыкына окшоп бир аз чоңураак. Анан сен менден сулуурааксың.
Кыз жылмайып койду. Ал чындап эле апасына окшош болчу. Көп суроо бергиси келди, бирок апасын аяды. Суроолор көбөйө баштаганда ал тынчсызданып, керек болсо кээде ыйлап жиберчү.
ххх
Жанар кыз унаасын айдап кетери менен эле таксиге отуруп анын артынан ээрчип жөнөгөн. Бул аракети менен кыздын дарегин таап алды. Эртең ал кызды ушул жерден күтүп алат. Бир топко чейин көп кабаттуу үйдү тиктеп турду. Балким, терезеден кыздын элесин көрүп каламбы деген үмүтү бар эле. Капыстан эшик ачылып, тиги кабаттуу үйдөн илмийген арык орус улутундагы жигит чыкты.
– Суроо берсем болобу?- арыда турган Жанар үн катты.
– Мен “чуркалар” менен сүйлөшпөйм! Уф! Эмне кылсам экен?- орус жигит ар бир сөздү кыйналуу менен кыжалат болуп айтып жаткандай болду.
– Балким, сага жардам керектир?
Жигит жооп берүүнүн ордуна Жанарды жапайы көз караш менен карап алды.
– Ушул үйдө жашайсыңбы? Бул унаанын ээсин тааныйсыңбы?- Жанар жана Арууке айдап кеткен унааны көрсөттү.
– Эмне болду? Сенин ишиң эмне?
– Сен суроомо жооп берсең, акчасын деле төлөп бермекмин.
– Сен менин кандай үйдөн чыкканымды көрдүңбү? Бул жерде жалаң байлар жашашат. Менин бул жакта үйүм бар. Демек, мен акчага зар эмесмин. Анан калса “чуркадан” акча
сурагыдай мен ким экенмин?!
– Мурдуңду каңдап коё турчу неме экенсиң. Бирок сен үчүн муштум булгаштын кажети жок,- Жанар ызырынып койду. “Эртең келсемби же таң атканча ушул тегеректе болсомбу?” ал ичинен ушуларды ойлоп, короодон сыртка чыкмакчы болду.
– Эй!- орус жигит кыйкырды.
– Эмне?
– 25 доллар.
– Эмне 25 доллар?
– Мага бир дозага жеткидей 25 доллар берсең, мен бул унаанын ээси тууралуу айтып берем.
“Демек, баңги экенсиң да” Жанар жанатан бери жигиттин эмнеге кыйналып жатканын эми түшүндү.
– Сен адегенде айтып бер!
– Жок. Мен чыдабай баратам. Азыр Ашотту чакыра калайын сен төлөп койчу. Анан мен баарын айтып берем. Чогуу үйгө кирип чай үстүндө.
Жанар макул болду. Орус жигит кимдир бирөөгө телефон чалары менен, заматта эле капкара жол тандабас айдаган бирөө келип, орус жигиттин колуна бир нерсени карматты да, көздөн кайым болду.
– Жүр үйгө! Сен мени куткарып калдың. А Джи тууралуу мен баарын билем. Баса, менин атым Сергей. Серж деп койсоң болот.
Сергейдин батири чынында эле байлардыкындай экен. Бирок баары ачык-чачык. Жуулбаган идиштин жагымсыз жыты турат. “Сен тура тур” деген орус жигит жуунуучу бөлмөгө кирип кетип 1 сааттай жок болду. Бир убакта көздөрүн кызарта чыгып келди.
– Мына 50 доллар. Бул сенин дагы эки дозаңа жетет,- Сергей Жанар сунган жашыл акчаны колуна алып, жумшак отургучка жайгашты.
– Рахмат. Джи байдын кызы да. Айдаган унаасын эле карабайсыңбы. Атасы салондон жапжаңы алып берген. Өзүнчө батир да белек кылган. Жалгыз кыз. Алар бул жакка көчүп келишкенде Джи 15 жаштардагы кыз болчу. Ошондо эле сулуу эле. Шайыр кыз болчу. Баары менен учурашып, дароо элге аралашып кетти. Жакын жерде мектеп бар. Ошол мектепте менден эки класс төмөн окуп жүрдү. Билесиң го, байларды бардык жерде сыйлашат. Джи деле ошондой болду. Ананчы, аны мектепке акыркы үлгүдөгү Мерседестер менен алып келишчү. Муну көргөндө эле көбүнүн ээктери түшүп калган. Ырас, менин атам деле бай неме. Бирок мени эч ким Мерседес менен мектепке ташыган эмес. Карачы, жадакалса унаа алып берген эмес...
(Уландысы кийинки санда)