ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (жаңы сериал)

2003-жыл... Авиациялык колледжди кызыл диплом менен бүтүп, «Манас» аэропортуна ишке кире албай жүрүп калдым. Анда дипломум кызыл, окууну жакшы окугам, мени албаганда кимди алат эле деген ишенимим күч.
Окууну бүтөрүм менен аэропорттун кадр бөлүмүнө баргам, фамилиясы Иванов болуш керек эле, биринчи барганымда дипломумду көрүп, «жакшы экен, эмки айда кел, бош орун болуп калар» деп жолго салган. 1 айдан кийин барсам, 3 айдан кийин кел деп, айтор, ошентип Бишкекте 1 жылдай жүрүп калдым. Айылга баргандан уялам, себеби окуп жүргөндө окуу жайдын алдыңкы баласы деп гезиттен, телевидениеден, радиодон келгендерге мени көрсөтө беришчү, 2-3 жолу телевизордон, бир жолу гезиттен, бир жолу радиодон чыккам. Айылыбыз кичине болгондуктан баары таанышат, телевизордон да көрүшкөн. Айылга мындай сөздөр тез эле жайылып кетет эмеспи, мени аэропортто чоң кызматта иштеп жаткандай көрүп калышкан эле. Дем алыштарда барсам, чоң-кичинеси дебей сыйлашып дегендей.
Ошол маалда Кыргызстанда спирт ичимдиктери кымбаттап, колго жасап саткандар көбөйгөн. Спирт ичимдиктерди жасаганы менен, ага акциздик марка керек, ошол марканы мендей балдар шаарды кыдырып, ичимдик сатылган жерлерден чогултуп келип аларга сатышат. Ичимдик саткандар бөтөлкөнү сууга салып коюшат, марканын клейи жибип өзү эле түшүп калат, аны акырын жыртпай алып чогултуп коюшат да, балдарга сатышат. Менин да эки досум ошентип иштешчү.
Бир күнү дагы аэропортко барсам Ивановум жок экен, күтүп отуруп калдым. Аэропорттун ичиндеги бир кафеге кирип шире ичип отуруп бармен бала менен таанышып, сүйлөшүп калдык. Сөздөн сөз чыгып, марка жөнүндө кобураша кеттик. «Мен көптөн бери маркаларды чогултуп жүрөм. Сатып жакшы акча тапса болот деп уккам. Бирок кимге, канчага сатышты билбейм» деди. Бир чоң коробканы көрсөттү, ичи толтура марка, арак, вино, коньяк, шампан, Казакстандын маркалары жүрөт. Баасын мен да билбейт экенмин, акча керек болуп турганбы, мага «Баарын эле 1 сомдон берет элем, алып койбойсуңбу? Досторуңа айтып өткөзүп жибересиң» дегенинен макул болуп баарын алдым.
Эң көбү арак менен винонуку экен, экөө биригип эки миңге жакын, коньяк менен шампандыкы үч жүздөн ашык.
Анда өзүм жалгыз эжемдин жаңы конуштагы үйүндө турчумун. Марканы үйгө алып барып бекитип коюп эртеси «Ош базарына» бардым. Маркаларды ошол жерде аялдар алышчу, алар
спирт ичимдиктердин этикеткасын, крышкасын жана башка ичимдик жасаганга керектүү нерселердин баарын сатышчу. Эгер ичимдик жасап сатам десең, ошол аялдардан эле бардык нерсени сатып алып барып жасай берсең болот. Марканы да ошол аялдар балдардан арзаныраак сатып алышып, кайра кымбат сатышчу.
Мен ошол аялдарга барып баасын сурасам, арактыкы 8, винонуку 4, коньяктыкы 25, шампандыкы 15 сомдон экен.
«Менде көп бар. Бирок жанымда эмес, үйдө» десем, Айгүл деген эже такси менен үйгө келип алып кетти.
Маркалардын жасалмасы да болот экен, жүздөй марка жасалма болуп чыкты, көнгөн көзгө оңой эле билинет экен.
Айгүл эже «эгер ушундай көп алып келип турсаң, базардагы аялдардан эки сомго кымбатыраак алып турам, тиги аялдар деле балдардан алып мага сатышат» деди.
Маркаларды сатып аябай эле көп акча таптым, башка эч жерде иштебегендиктен марка чогултуп иштеп калдым. Көбүнчөсүн аэропорттогу кафе, ресторандардан алам. Аэропорттон шаарга келе жаткан жолдун боюндагы айылдардагы кафе, дүкөн, ашканалардан да чогултам. Баарын үйрөтүп алдым, мага гана сатышат, себеби ар нерселерди оюмдан токуп айтып коркутуп алгам. «Милициялар сынап балдарды жөнөтүшөт, кымбат алабыз деп кызыктырышат, канчасын кармап аябай көп акча штраф салышкан» десем коркуп калышкан, маркаларын мага гана беришет. Шаардагыларга салыштырмалуу аябай эле арзан алам.
Марка чогултуп 1 жылдай жүрдүм окшойт. Аламүдүн 1 кичи районунан бир бөлмөлүү батир алайын деп калгам, ал маалда 1300 доллар турчу. Марка менен иштеген балдардын баарын милиция кызматкерлери жакшы билишет да. Мен да эл катарында 2-3 жолу кармалдым. Мени кармаганда жанымда марка жок болчу, жыртылып калгандары гана бар эле. Жыртылгандарын бекер эле беришчү да, мен үйгө алып барып клей менен билинбей тургандай кылып чаптап, эртеси бүтүн маркалардын арасына кошуп өткөзүп жиберчүмүн.
– Сен көптөн бери марка сатып иштеп жүрөсүң. Кана, көрсөт, эмнени жашырып жүрөсүң?!- деп оңураңдайт бирөөсү.
– Кайсы марка? Силер мени бирөө менен адаштырып алдыңар окшойт,- деп такыр шек бербейм. Милиция кызматкерлери кармаган менен көчөдө тинтип карай албайт, бөлүмгө алып барып, 2-3 адамды күбө кылып туруп караш керек. Ал жакка жеткенче кичине марканы 220 жолу ыргытып жиберсең болот да, байкатпай. Ыргыткан жериңди эстеп каласың да, чыкканда кайра алып аласың.
Бир күнү дагы «Манас» аэропортунан келе жатып жолдогу айылдардын биринде чоң ресторан бар, бармени түрк кыз эле, марка алайын деп киргем. Ал ресторанды кээде «Ганси» авиабазасынын солдаттары бир күнгө арендага алышып, өздөрү гана олтура турган, башка эч кимди киргизбей. Ошол күнү базанын солдаттары алышкан экен...

(Уландысы кийинки санда)

Субан Жуманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
MIRBOLOT
2016-04-18 09:32:44
Жаштарды эмгекке үйрөөтүүгө багытталган чыгармалар жазылса болот эле, Мисалы: бул чыгарманы окуган жаштар өздөрүн согушчан сезип, Сирияга кетип калса кандай болот?
0
asdef
2016-04-18 09:50:49
Дагы эле аэропорртко байланыштуу окшойт чыгармасы
+1
Nazikbaigazy
2016-04-18 10:31:59
Бул автордун чыгармасы биринчиден дагы аеропортко тиешелуу болсо, экинчиден ийгиликтин баарын озуно оодарып алат экен, мурункудай эле кыялданып чет олкодо жомоктогудай жашабады беле, эми кандай жашайт жума сайын коро жатаарбыз
+5
tynar92kg
2016-04-18 11:16:00
Озу авиясияны буткон болсо. Чыгармаларыда ошого байланыштууго. Окуп коробузда эми
0
Pantherka
2016-04-18 11:38:16
баягы окуяга окшош го
+1
dinar-87
2016-04-18 13:12:02
Жакшы башталды куттобуз.
+1
Begimkyz
2016-04-18 13:47:14
Кызыгып окуп баштадым, өзүңөр жаза албагандан кийин "андай, мындай" деп негативдерди жазбай тынч отургула.
+6
munara.11.
2016-04-18 17:28:31
крим чойрого аралашып жургон окшойт убагында
+1
Seyitira8186
2016-04-18 20:25:03
Ого бул жагы кызык башталдыго
0
Siren.ms
2016-04-18 20:47:37
марка сатып бир батирге жетти дегени отоле аша чаап кеткенби
0
temirov76
2016-04-24 21:10:32
Siren.ms,ал кезде квартира ото эле арзан болчу да,азыр эми уй квартиралардын баасы асман чапчып калбадыбы.
0
Muslima.aksy
2016-04-18 23:05:04
эээ дуйно керемет,
кийинки дуйшомбу качан келет?
0
ZANIA-92
2016-04-19 00:44:42
Аябай кызыктуу чыгарма, мурда окуп баштап бирок аягына чыкпай калдым эле... Сандан санга кутуудон тажабаймго Эми.
0
MIRBOLOT
2016-04-20 14:03:52
"Бриллиант жыландын" үчүнчү бөлүгүндөгү Мырзанын баштан өткөргөн окуясынан алысырак болсо экен деген үмүттөмүн.
0
admin_superstan
2016-04-25 09:36:09
temirov76, Neymarf, жеке маек үчүн купуя бар.
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан