«Супер сулуу-2016» сынагы старт алды. Сынактын алгачкы катышуучулары менен таанышып, добуш бериңиз. Бали аралына барчу сулууну чогуу тандайлы.
«СУПЕР СУЛУУ» БОЛ!
«Супер-Инфо» кезектеги 7-жолку «Супер сулуу» сынагынын старт алганын маалымдайт. Андыктан өзүнө ишенген, келбети келишкен сулуу бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Урматтуу сулуулар, эгер сиз Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз жана бой-келбетиңиз талапка жооп берсе, анда редакцияга кайрылыңыз.
Балким, дал сиз «Супер сулуу» наамына татып, кыялыңыз орундалар. Биз сизди күтөбүз!
Сынакка катышууну кааласаңыз, STAR@SUPER.KG электрондук дарегине, 0557756354
Номуруна WhatsApp аркылуу сүрөт жөнөтүңүз.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номуруна чалыңыздар.
СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ ЖӨНӨКӨЙ
«Супер сулуу» сынагына 1988-жылдан 1998-жылга чейин төрөлгөн, бою 165 сантиметрден жогору, турмушка чыга элек кыздар катыша алышат. Ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, окурмандардын сынына коюлат. Окурмандар кимисин сулуу деп эсептешсе, SUPER.KG порталы аркылуу добуш беришсе болот. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Көп упай чогулткан катышуучу дароо финалга өтмөкчү. 1-турдан утулуп калган бийкечтерге тандоо турунун аягында дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берилет.
#СуперСулуу2016 хэштеги аркылуу социалдык тармактардан да кеңири маалымат алсаңыздар болот.
АЛТЫНАЙ ЭМИЛБЕКОВА
Жашы – 20
Параметри – 83-61-89
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Учурда – Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти
Алтынай: «СЫНАКТЫ ЖЕҢИШИМ КЕРЕК»
– Сени Нурлан Насиптин "Эркелетсемби?" клиби аркылуу тааныйт экенбиз. Сынакка кандай максатта катышып жатасың?
– Буга чейин бир канча сулуулар сынагына катышкам, бирок алардын жыйынтыгы көбүнчө адилетсиз чыгып калчу. “Супер сулуу” сынагын болсо жалпы Кыргызстанга жайылган адилеттүү сынак деп билем. Ошондуктан сынактын баш байгесин жеңиш үчүн катышып жатам.
– Окуудан тышкары эмне менен алектенесиң?
– Учурда бир депутаттын жардамчысы болуп иштейм. Эл аралык байланыш факультетинде окугандыктан, кесибим боюнча иштейин деп чечтим. Азыр аркалап жаткан жумушумдан тажрыйба топтоп жатам.
АЙЖАМАЛ БАКЫТБЕК КЫЗЫ
Жашы – 20
Параметри – 83-62-83
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Учурда – БГУнун экономика факультетинин студенти
Айжамал: «АКТИВДҮҮ КЫЗМЫН»
– Өзүңдү тааныштырып кетсең...
– Мен Бишкекте туулгам, 2 бир тууганмын, сиңдим бар. Атам жеке ишкер, апам англис тил сабагынан мугалим болуп эмгектенет. №93-мектепти бүтүргөм, азыр БГУнун 1-курсунда окуйм.
– Сынакка кимдин сунушу аркылуу катышып жатасың?
– Бир жерде жөн отура албаган активдүү кызмын, КВНге катышам, кечелерде алпаруучу болом. Учурда бий ийримине катышып элдик, заманбап, чыгыш бийлерин өздөштүрүп жатам. Кээде көргөзмөлөргө модель катары катышып жүрөм. Негизи, элдин көңүл чордонунда болгонду жактырам. Жаштыгымды текке кетирбей өзүмдү ар тармактан сынап көргүм келет.