ТАЛАСТА КӨЧӨГӨ ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙДЫ ИТ ЖЕП КЕТТИ

Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинде 121-берене бар. Анда өзүн сактап калууга мүмкүнчүлүгү жок адамды жардам бербестен калтырып кетип, анын кесепетинен өмүрүнө зыян келип же коркунуч жаралса таштап кеткен адам 3 айга камакка алынат. Ал эми бул жосундун аягы өлүмгө алып келсе күнөөлүү 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. 26-мартта Талас шаарында 25 жаштагы «күкүк эне» көчөдөн төрөп, баласын бир үйдүн короосуна таштап кетсе, аны ит жеп салган. Баласын таштап кеткен аялдын үстүнөн жогорудагы 121-берене боюнча кылмыш иши козголду, эми ал кандай жаза аларын сот чечмекчи.

«БАЛАНЫН АТАСЫ БЕЛГИСИЗ»
5-апрель күнү Талас ОИИБинин маалымат кызматы «итке жем болгон ымыркайды таштаган деп анын 25 жаштагы энеси колго түштү» деген маалымат таратты: «26-мартта Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган. Колу-буттары, башынын жарымы жок табылган денени шаардык оорукананын өлүкканасына алып барып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сөөк табылган аймакка аны иттер сүйрөп барып, жеп кетишкен. Ымыркайды төрөп таштап кеткен аялды жана жеп кеткен итти милиция кызматкерлери издеп башташкан. Ымыркайды ташталган үйдүн ээсине таандык алабай породасындагы ит жеши мүмкүн деп аны сойгондо ичинен ымыркайдын дене мүчөлөрү чыккан. 4-апрелде баланын энеси делип 25 жаштагы келин кармалды. Ал: «Бага албайт болчумун, никеси жок төрөгөм. Бирөөлөр таап багып алсабы дегем. Баланын атасы ким экендигин билбейм»,- деген көрсөтмө берди. Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал 26-март түнү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында уул төрөп, киндигин үзүп, баланы бир үйдүн дарбазасынын алдына таштап кеткен. Сурактын жүрүшүндө шектүү турмушка чыгып, ажырашып кеткени жана анын бир кызы бар экендиги аныкталды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бала тирүү төрөлгөнбү же өлүүбү ал экспертизанын жана тергөө иштеринин жыйынтыгы менен анык болмокчу».



«ЖЫРГАГАНЫНАН ТАШТАБАСА КЕРЕК»
Талас облусу боюнча акыйкатчынын өкүлү Арзыкан Момунтаева буларга токтолду:
– Кылмышка шектелип кармалган келиндин жакындары мага кайрылышкан жок. Тиешелүү маалыматтарды топтоп жатам. Бирок ал келиндин туугандары өздөрү арыз менен кайрылмайынча окуянын тергелишине аралаша албайм. Ал деле жыргаганынан таштаган жок да, атасы каза болуп калыптыр, турмушу канааттандырарлык болгон эмес. Баланы турмушу жакшы үй-бүлөнүн короосуна багып алсын деп таштаган экен.

«СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ ЖАРАША ЧАРА КӨРҮЛӨТ»
Талас облустук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Дамира Токторбаевага да кайрылып, маалымат алдык:
– Окуя тууралуу билген соң келиндин кызы бар экен деп угуп, анын кайсы жерде жашап жаткандыгын аныктадык. Ал Талас районуна караштуу Конезавод айылында келиндин туугандарыныкында багылып жатыптыр. Бизге жеткен так эмес маалыматтарга таянсак, кыз бала бир жарым жашта. Аны мамлекет камкордукка алабы-жокпу азырынча чечиле элек. Ташталган баланын энесинин иши сотко жете элек. Тергөө аяктап, иши сотко өтсө, анда аны энелик укуктан ажыратуу же ажыратпоо маселеси да каралат. Эгер сот аны энелик укуктан ажыратса, камкордукка ала турган жакын тууганы жок болсо гана мамлекет тарабынан камкордукка алынат. Биз да соттун чыгарган чечимине жараша чара көрөбүз.

«ТӨӨ БУУРЧАК СОРТТОП ИШТЕЧҮ»
Келиндин үй-бүлөсү менен байланышууга аракет жасадык. Анын атасынын иниси Эмир Тургуналиев карындашы Талас шаарында иштеп жүргөнүн айтат:
– Мен Конезавод айылынан алыс Шумкар деген жерде мал багам. Кыздын агасы дагы азыр мал багып тоодо. Аны «Талас шаарындагы жеке менчик ишканада төө буурчак сорттоп иштейт» деп жеңем айтып калчу. Атасы каза болуп калган. Мурунку турмушунан төрөгөн кызын азыр жеңем багып жүрөт. Кызы иштесин деп өз колуна алып калган. Мен деле анын эмне менен алектенип жүргөнүн билчү эмесмин. Ар кимдин өз жашоосу бар, турмушубуз бөлөк дегендей... Жаштык кылды да. Кош бойлуу экенин апасына айтса аман-эсен төрөтүп, бир айласын кылышмак экен. Чоңоюп, турмуш көрүп калган кыз, өз жашоосун өзү чечет дечи, бирок ушундай болуп кетти.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
asdf
2016-04-20 10:50:32
Адамдар айбандан да томон болуп баратабыз.Акчасы жок олуп бараткан учурда да оз канынан жаралган наристени таштап кетиш айбандык деп деп айтууга болбойт анткени айбандар да баласын таштабайт
0
JUROK
2016-04-20 15:06:09
Тооба.Жок дегенде уй ээси чыккыча карап турса болмок экен.Айта турган соз коп...
0
gulnara2014
2016-04-20 20:30:37
JUROK,туура айтасын. Качан уй ээси чыгып баланы алганга чейин кутуп турса болмок. Окуп алып журогум зыркырап кетти
0
seni.gana
2016-04-21 14:26:23
Емне деген акмакчылык ушунчалыкка кантип барды

0
kazemir
2016-04-21 18:55:00
Жакшы ойдо таштаганда бечара.Заман куноолуу заманды курган баардыгыбыз айрыкча бийликтегиоер куноолуу.
0
kazemir
2016-04-21 18:57:39
Кызды куноолобогуло ар бир Адам кабылышы мункун сен болбосом сенин бир тууганын балдардын кыздарын.Соттгй турган жалгыз АЛЛАХ!
0
Ais07
2016-04-22 08:04:09
Биз эн жакшы заманда жашап жатабыз, Аллахка шугур. Ушундай Аллахтан коркпогон уятсыздар оздору куноолуу. Инвалид эмес экен го, иштесе болот да жокчулук дебей...
-1
jansezim26
2016-04-22 22:12:54
кантип бечара деп атасынар тооко 100тукум бастырсанар бирин таштабай багат.тоокчо мееси иштебеген адам сымал 5минуттук жыгалчылык учун бала арттырып же ал баласына роддомдо еле отказной жазып бербей канынан жаралган баласын ай талаага таштаган.тоок мее дейин десем тоок да акылдуураак болуп атпайбы
0
jansezim26
2016-04-22 22:21:24
багалбайм дебей такккыр айла жок калса талаага таштабай интернатка таштап барып иштеп уй алып балдарын кайра албайбы.бир жыл жакшылап иштесе вагон болсо да алмак,зато балдары жанында болмок
0
AnnaBeLLa
2016-04-23 02:21:46
Айткандын оозу ыйлагандын козу жаман. Бул корунуш башкаларга сабак болсун. Болор иш болуптур,окунучтуу. Айла жок.
0
Jeengul
2016-04-23 16:49:00
Кээ бирлер балага зар , кээ бирлер баланы хор кылат.Аллахтын алдында ар бир кылган ишибиз учун жооп беребиз!
0
Tatli_Melek
2016-04-24 00:32:43
Кудай сакта!
0
portugalia
2016-04-24 13:18:19
Бироого кор бироого зар дуйно.
0
maisalbek_93kg
2016-04-25 07:36:30
Мыкаачыго
0
sabira.199890
2016-04-25 08:34:17
Аллахым баарыбыздын куноолорубузду кечирсин, мени ит жеп жаткандай эле кыйналдым го.
0
Bahtigul1601
2016-05-04 17:52:00
Эх жашоо жашоо кандай таттаал кээ бироо учун.Таттаалына кабылыптыр кукук эне.
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан