«КӨЗҮМДҮН СУРМАСЫ КЫЧЫШЫП, ТҮЛӨП ЖАТАТ»

Окурмандардан келген суроолорго врач дерматолог, косметолог Мээрим Давлетова жооп берет.

– Көзүмдүн сурмасы кычышып, шишип, кызарып жатат. Тырмасам териси какач сыяктуу болуп түлөйт. Жаңы косметикалык каражаттарды деле алган эмесмин, мурдагы колдонуп жүргөндөрүмдү эле пайдаланып жаткам. Боёктордун таасири болсо керек деп боёнбой да жүрдүм. Бирок сурмамдын кычышканы, түлөгөнү токтогон жок.

Назгүл, Бишкек

– Сиздин сурмаңыздын терисинин кычышуусунун бир нече себеби бар. Алардын бири аба ырайы. Учурда аба ырайы бир калыпка түшө элек, бирде ысып, бирде суук болуп жатат. Мындан сырткары жазында авитаминоз, витаминдердин жетишсиздиги башталат. Көздүн тегереги өзгөчө назик болгондуктан аба ырайынын улам өзгөрүшүнө, авитаминозго туруштук бере албайт.
Дагы бир себеби экзема, демодекоз же башка тери оорусу болушу мүмкүн. Ошондуктан дерматологго барып кеңеш алышыңыз керек.

Дерматолог, косметолог эскертет! Үй шартында кандайдыр бир ыкма колдоноордон, дары ичерден мурун адис менен кеңешиңиз!

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
vivi
2016-04-18 11:49:35
Менде да ошондой проблема болуп жаткан, макияжды растительное масло менен кетирип калдым, "для снятия макияжа" дегендин баардыгын колдонуп кордум, баарысына аллергия болуп кычышып, шишип, тулоп жатты. Жудоп анан жадап кеткем эми козумду суу май менен кетирип, бетимди эле пенка менен жууп калдым. Азыр жакшы болуп калды.
0
eliza89
2016-04-20 06:26:57
Erten menen tursam kozdorum kyzaryp,wiwip,4ydatpay ky4ywyp,krem suykop baikatpay boyop koyoun desem tulop it akmagym 4ykkan.Aylam ketip mayluu detskiy kremdi kundo jataarda suykodum ele,tez ele jardamyn bergen .Bolboso aga 4eyin emnelerdi gana kylgan jokmun.
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан