«БЕТТИ ТАЗАЛАТУУ ДЕГЕН КАНДАЙ?»

Окурмандардан келген суроолорго врач дерматолог, косметолог МЭЭРИМ ДАВЛЕТОВА жооп берет.

– Бир курбум салонго барып бетимди тазалатып келдим дей берет. Мен бир да жолу барган эмесмин. Салонго барбай эле каражаттарды сатып алып, үйдөн тазаласа болбойбу? Негизи тазалоо деген кандай процесс?

Уулкан, Талас

– Жеке өзүм кардарларымдын бетин тазалоодо төмөндөгүдөй ыкма колдоном. Бетти тазалоо тартиби 5 этаптан турат.
1. Бетти атайын каражаттар менен тазалоо.
2. Теринин үстүндөгү тер чыгуучу эң майда тешикчелерди ача турган, бет терисин жумшартуучу маска коюу.
3. Атайын аппарат жана кол менен тазалоо.
4. Эс алдыруучу маска жабуу.
5. Акырында бет териге ылайыкташкан крем сүйкөө.
Албетте, үй шартында да тазалай турган ыкмалар көп. Мисалы, 3 чоң кашык акталган сулу данын ысык сууга 5-15 мүнөт чылап, аны бетке коюп, 5 мүнөт укалоо керек. Соңунда жылуу суу менен жууп саласыз.

Дерматолог, косметолог эскертет! Үй шартында кандайдыр бир ыкма колдоноордон, дары ичерден мурун адис менен кеңешиңиз!

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
sagyn01
2016-04-18 10:21:52
Сулу даны деген эмне?
0
Klara1994
2016-04-18 10:38:07
sagyn01сулуу улпулдогу орусчасы овсянка
0
kobra86
2016-04-18 15:46:44
ромашканы демдеп эле жууп детский крем суртом же череда мн жуйм ал эми масканы творог мн жумкртканын сарысын аралаштырып жасап колдоном. коп эле салондорго баргандын пайдасынан зыяны коп деп ойлойм
0
chika-chika88
2016-04-18 23:10:39
Бал менен жангакты (грек жангагын) аралаштырып жумасына 2жолудан бетке суйкосо кургак беттерге жакшы. Петрушка менен айрандан маска жасаса да бет тазаланат. Айрандын озун делекээде сузмону деле жумасына бир жолу маска катары суйкоп койом.
0
Azikko
2016-04-21 23:37:49
Ромашканы демдеп бетти партетип,балга лимонду кошуп маска жасаса дагы жакшы
0
Azikko
2016-04-21 23:42:35
Чекеме анан оозумдун тегерегине безеткилер чыгып тажатты кантип кетирсем болот ким билет айтып койгулачы сураныч,бир жолу сыгып ийип так калып калды
0
Erka_kg
2016-04-30 00:26:57
Мындай учурда соссуз дарыгерге кайрылуунуз зарыл.бул коп учурда кандын бузулуусунан болот деп коп уккам
0
Magusi
2016-07-25 11:35:27
Атайын салонго барып тазалаткан деле бир чети туура.Анткени косметолог жакшы кенештерди берет.Менда мурун барчу эмесмин,жакындан бери барып баштадым.Аябай жакшы жардам берип атат.Каракол шаарында Хан бийке деген салонго барып жатам.
+1
Nariza
2016-09-14 13:40:39
Сонун кенеш экен
0
ibadat2005
2019-11-09 21:26:46
Аппарат деп ультра ундуу, вакуумдук тазалоо тууралуу айтып жатасыздарбы? Жооп берип коесуздарбы, сураныч!
0
admin_portal
2019-11-11 09:54:12
ibadat2005, Саламатсызбы!
Бул жерде үй шартында эмес, салондон бетти тазалатуу боюнча айтып жатат. Аппаратты үй шартында колдонууга болбойт. Салондо гана жасалуучу ыкма. Аппаратты колдонуу боюнча адиске кайрылыңыз.
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан