«БЕТ ТЕРИМ КУРГАП КЕТҮҮДӨ»

Окурмандардан келген суроолорго врач дерматолог, косметолог Мээрим Давлетова жооп берет.

– Акыркы учурда бет терим аябай кургак болуп кетти. Эртең менен жумушка крем сүйкөп чыксам да эки саатка жетпей кургап кетет.

Асыл, Балыкчы

– Сиз айткан маселе авитаминоздон келип чыгышы мүмкүн. Эртең менен көчөгө чыгарда бетиңизге азыктандыруучу крем сүйкөңүз. Кечинде жатарда аевит витаминин ийне менен тешип бетиңизге сүйкөсөңүз, кургап кетүүнүн алдын алат. Бирок бул препарат кош бойлуу айымдарга сунушталбайт.

Дерматолог, косметолог эскертет! Үй шартында кандайдыр бир ыкма колдоноордон, дары ичерден мурун адис менен кеңешиңиз!

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Gulza2014
2016-04-18 12:58:57
Менин да бетим дал ушундай болуп жатат.бирок мен азыр кош бойлуумун,анда эмне кылышым керек?
0
Jumaida
2016-04-18 16:01:42
Салам инфо,кош бойлуу учурда бетке дак тушурбоо учун эмне кылуу керек,бетке кандай кам коруу керек. Маалымат алып бериниздерчи,рахмат
+1
admin_superstan
2016-04-20 13:07:55
Jumaida, саламатсызбы? Сунушуңуз эске алынат, рахмат.
0
belka
2016-04-19 02:07:26
Менин да бетим аябай кургак,кош бойлуумун бетиме дак тушпойт эле негизи кол бойлуу убагымда, бирок бир жумадан бери оозуман айланасына дак тушконсуп калды,эмне кылсам болот деп баш катырып аткан убагым.
0
Siren90
2016-04-19 19:10:08
Дак дейби так эмеспи же сепкил
0
DUNI
2016-04-20 11:47:58
мен да кош бойлуумун ,бетим кургак . тулоп жатат не кылса болот
0
never-cry
2016-04-23 17:17:26
кош бойлуулар копчулук экенбиз.super.kg сиздерден сураныч негизи эле кош бойлуу кезде бетке кандай кам коруш керек жана тороттон кийин тактарды кантип кетирсек болот кенен маалымат алып берсениздер.алдын ала рахмат
+1
ErlanGulya
2016-04-23 20:47:48
Суроо берейин дегем кантип жонотсом болот?
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан