«БЕТИМДЕГИ МАЙ ШИШИКТИ КАНТИП ЖОГОТОМ»

Окурмандардан келген суроолорго врач дерматолог, косметолог Мээрим Давлетова жооп берет.

– Бетимдин ар кайсы жеринде май шишик бар. Таанышымдан ийне менен алып салууга болот дегенди угуп аракет кылып көрдүм. Шишик тешилди, бирок ишке ашкан жок. Үй шартында кантип жок кылууга болот?

Калыс, Бишкек

– Май шишиктер майлуу тамактарды көп жегенден пайда болот. Аларды ийне менен тешип алууга болот, бирок үй шартында өзүңүз алганыңыз өтө кооптуу. Анткени сиз ийне аркылуу инфекция киргизип алышыңыз ыктымал. Беттеги май шишиктерди косметологго барып тазалаткандан кийин кайра чыгарбоого аракет кылуу керек. Майлуу тамактарды азайтып, мүнөздөп тамак ичүү сунушталат. Оксид цинка ичсеңиз болот, бирок сөзсүз дерматологго кайрылыңыз, өлчөмүн ал айтып берет.

Дерматолог, косметолог эскертет! Үй шартында кандайдыр бир ыкма колдоноордон, дары ичерден мурун адис менен кеңешиңиз!

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Ayko-0990
2016-04-18 12:25:51
Ийне менен тешууго болбойт,кадимки ( прыщты) ийне менен тешип инфекция кирип, рак болуп калган адамды билем
+3
Rifle_3
2016-04-24 15:35:00
Ayko-0990,Жогоруда адис да ушул нерсени жазыптыр. Уй шартында болбойт деп.
0
gulkar
2016-04-18 13:00:24
Админ Йод жонундо кененирээк жазгылачы.Акыркы убакта окумуштуулар йодту изилдеп, ичсе болооорун таап чыгышыптыр го.
0
admin_superstan
2016-04-18 15:41:25
gulkar, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Rifle_3
2016-04-24 15:17:18
gulkar,Медициналык йод суйуктугун ичсе болбойт !
Операциядан кийинки жаратка да йод суйкосо болбойт . Чоон, далдайган тырыктарды пайда болушуна шарт тузот йод.
Колун кесип алып, кан токтотобуз деп йод куйган да болбойт!
Йод суйуктугун ичип жаткан сууга аралаштырып ичсе да болбойт!
бул нерсени жазганымын себеби, карапайым эл ушул нерсени жасап жатканын коп коруп жатам. Кобунчо жаш балдарынын бир жери кесилип калып,йод куюп келишет. Йод куюлган жаратка косметикалык кылып тигуу болбой калат. Жыйынтыгында чоон тырык пайда болот.

Эгер соз тамак аштагы йод тууралуу болсо анда башка соз.

0
nurzhaz
2016-04-18 15:00:23
Эгер каршы болбосон Админ-р жазгыча мен билгенимди жазайын бугунку кундо йод жетишсиздигинен Аялдарда оорукчан балдар торолот (салмагы аз,акыл эс жана физиологиялык жактан артта калган)
Жаш балдарда тез-тез ооруйт, осуулору жана онугуулору начар, мектепте начар окуйт.
Оспурумдордо жыныстык жактан онугуусу начар, бою жапыс болуп, чач эрте тушот. Чондордо алсырап, иштоо жондомдуулугу томондойт, эте картаят, эркекти алсыздыка алып келет негизинен инвалиддике алып келет.
+3
nurzhaz
2016-04-18 15:05:05
алдын алуу учун эн арзан жонокой жолуйоддолгон тузду туура сактоо озу бекем ийдишке, туура колдонуу тамак бышкан сон оттон алгандан кийин тамактануунун алтында тузду салыш керек. тамака кайнаганда куурулуп жатканда тузду салбоо керек.
+1
Palan4a
2016-04-18 19:11:55
nurzhaz,Рахмаат!
0
Iolik
2016-04-19 00:47:16
Менин бетимде да ушундай проблема, бетимдин териси ото майлуу,эрте менен кечинде созсуз турдо самындап жууп жатам, анда да эки сааттан кийин кайрале жылтырап майланышып калат, ишенсенер колума суу алып бетимди жууп жатканда колум кадимкидей майланышат,мындай проблемадан почти 7-8жылдан бери жабыркап келем, ар кимден ар нерсени угуп алардын айткандарын кылып журуп хуже кылып алдым окшойт,адашпасам ушул угрилеримди кетириш учун 60-70мин акчам жон эле кетти, азыр эми эчтеке кылбай койдум,тажагам(((
+1
barsa30
2016-04-19 01:21:54
Iolik,дектярный самын алып кор да бетинди кагаздай кылып кургатат .
+1
Iolik
2016-04-19 01:55:07
barsa30,аны менен да жуугам, кир самын, детский самын, деги койчу самындын туру менен жуудум го. Кылып корбогон нерсем калбады окшойт))
+3
nursultan67
2016-04-19 15:55:10
Iolik,абаны озгортуп корушун керек же кан алмаштыргын
0
Iolik
2016-04-19 22:46:05
nursultan67, канды бир эмес үч жолу алмаштыргам, жыйынтык болгон эмес, аба алмашып Москвага да барып келгем ал жакта азайган но кымбат бир кремдин жардамы менен) а Кыргызстанга келгенимде кайрадан быжырап жатып калган
0
admin_superstan
2016-04-20 10:07:47
Iolik, nursultan67, barsa30, жеке маек үчүн купуя же "Маек" бөлүмү бар.
-1
kaidiger
2016-04-24 23:06:05
Iolik,гормональное нарушение болсо да угри чыга берет эндокринологго кайрылсан
0
namys
2016-04-20 13:26:12
Лолике сунуш:
1. Кыз болсон ( темпераментный)эрге тий.

-1
hann
2016-04-20 19:19:00
Ар нерсени шыбана берип тири укмуш болуп кетпегиле... моя прелесть о моя прелесть деп букуройуп...
-1
Aselina_kg
2016-04-20 20:46:23
Ички организмди тазалаш керек.Ал үчүн туура тамактануу зарыл.
Сырттынан балекет сыйпасанарда кайра чыга берет угри- мугри дегендер
+3
Rus.ruslan
2016-04-22 11:40:24
Кан бузулгандан да чыгат болуш керек.
0
gulu1991
2016-04-23 16:47:30
Умение бе тим де кызыл тамырларкорунуп ттура т ким ге кайрылсам болот
0
Rifle_3
2016-04-24 15:33:52
gulu1991, кыргызча жазылган сурообу ?
Бийик тоолуу аймакта жашаган болсонуз бул норма. Алай, Нарынга иш боюнча барганда коп кордум. Бул бийик тоолуу аймакта жашагандыктан, организмдин табиятка жообу.
0
sunu2015
2016-04-24 19:22:42
Менин бетиме жаш кезимде бойдок чыгып азыр ошолордун орду майда тешик болуп калды эми ага кандай кам корсо болот ушу суроого да жооп алып бериниздерчи админ рахмат
-1
admin_superstan
2016-04-25 09:47:49
sunu2015, саламатсызбы? Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан