"БЕТИМ КЫЧЫША БЕРЕТ"

Окурмандардан келген суроолорго врач дерматолог, косметолог МЭЭРИМ ДАВЛЕТОВА жооп берет.

– Бетимди самын менен эле жууп коём. Өмүрү крем коюп көргөн эмесмин. Жарым жылдан бери бетим кычыша баштады. Теринин алдынан кумурска чуркап кеткендей болот да, кычышып кирет. Бул эмнеси?

Садыр, Жалал-Абад

– Бет териңиздин алдында паразиттер жашашы мүмкүн. Андыктан лабораторияга барып демодекозго анализ тапшыруу зарыл. Эгер паразиттердин бар экени аныкталса дарылоону косметолог, дерматолог жүргүзөт. Бет теринин алдындагы паразиттер иммунитет түшкөндө, нервденгенде көбөйөт.

Дерматолог, косметолог эскертет! Үй шартында кандайдыр бир ыкма колдоноордон, дары ичерден мурун адис менен кеңешиңиз!

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Косметологдон кеңеш. Бетке кандай кам көрүү керек?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Azikroshka
2016-04-20 16:15:08
Суу коп ичсе, тери озу эле жакшы болуп кетсе керек деп ойлойм.
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан