ЧЕННИНГ ТЕЙТУМ. СТРИПТИЗДЕН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Голливуд жылдызы десе эле кеминде 2-3 жолу сүйүктүүсүн алмаштырган, келбеттүү, мачо мырзалар көзүбүзгө тартылат эмеспи. Ченнинг Тейтумдун бейнесин окугандан кийин бул түшүнүк туура эмес экен деп калдым. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан актёр учурда эң келбеттүү 50 мырзанын катарында. Ага канчалык көз арткан айымдар көп болбосун өзүн татыктуу алып жүрүп, сүйүүгө, үй-бүлөгө туруктуулугун далилдеп келет.

Туулган жылы, күнү – 1980-жыл, 26-апрель
Туулган жери – АКШнын Алабама штатынын Каллмэн шаары
Бою – 185 сантиметр
Тартылган тасмалары – «Бир кадам алдыга», «Бир кадам алдыга-2: Көчөлөр», «Мачо менен ботан», «Супер Майк» жана башкалар
Учурда – Актёр, продюсер, бийчи жана модель

АУТИСТТЕР МЕНЕН ЧОГУУ ОКУГАН
Атасы курулушта, апасы авиакомпанияда эмгектенген Ченнингдин генинде ирланд, француз, индейлердин каны бар. Балалыгы АКШнын Каллмэн шаарында өтүп, 6 жашында үй-бүлөсү менен айылга көчүп барышат. Окуудан тышкары америка футболу, жеңил атлетика, бейсбол менен алектенип, кунг-фу менен да машыгат. 1998-жылы Батыш Виржиниянын колледжинде окуусун улантуу бактысы буюрат. Бирок ал жакта көпкө кармалбай үйүнө кайтып келе берген. «Атам менин жакшы окуп, бир кесиптин ээси болушумду каалачу. Бирок элестеткиле, мен эл бир күндө окуган сценарийди 5 күндө окуп бүтөм. Бала кезде мени такыр эле кем акылга чыгарып, аутист балдар менен чогуу окутушкан. Ал жакта күчтүү дарыларды иче берип «зомбиге» айланып баратканда гана токтотуп калгам»,- деп балалыгын эскерет актёр.

СТРИПТИЗ БИЙЧИ
Ченнинг 15 жашынан тартып түнкү клубдардын дайымкы кардарына айланган. Башында тартынып четте гана элди карап турса, кийинчерээк бий аянтынын «падышасына» айланып чыга келет. Келечек тууралуу ойлоону да каалабаган болочок актёр куруучу, дүкөндө сатуучу, ветеринардык клиникада жардамчы, анан да стриптиз бийчи болуп иштейт. Сымбаттуу, келбеттүү мырза, 18 жаш кырчын кез, ашып-ташкан энергия, кыздар... Мындай жашоо Тейтумду толук канааттандырчу. Анткен менен мындай жыргалчылык көпкө созулган эмес. «Бара-бара 10 жылдан кийинки жашоомду ойлоно баштадым. Денем шалбырап, айымдар стрингиме акча кыстарып жатканын элестетип коркуп кетчүмүн. Андыктан бул жумушумду таштоону чечтим»,- дейт ал.

ТУШООСУ КЛИПТЕН КЕСИЛГЕН
Тейтумдун чыгармачылыктагы тушоосу Рикки Мартиндин «She Bangs» клибинен кесилген. Андан соң бат эле моделдик агенттиктерге чакырылып, Dolce & Gabbana, Emporio Armani сыяктуу бир катар беделдүү бренддер менен иштешет, жарнамаларга тартылат. Биринчи жолу "C.S.I.: Кылмыш орду – Майами" сериалында эпизоддук ролду ойнойт.
Андан кийин эле «Бир кадам алдыга» тасмасындагы башкы ролу ага чоң атак алып келет. Бат эле жылдызы жанып чыга келген актёрго көз арткан, жеткиси келген айымдардын саны арбый берет.

БАЛАСААК АТА
Тейтум сүйүү жаатында көпчүлүккө үлгү болчудай. «Бир кадам алдыга» тасмасындагы өнөктөшү Женна Дуан менен тасма аянтында табышты, сүйүштү, үйлөндү. Эки жашты ушул күнгө чейин ажырашты деп көп жолу жазып чыгышкан. Бирок анын баары катардагы ушак болуп чыгат. «Женна экөөбүз тең бир көрүп сүйүштүк. Биз тасмада роль ойногон жокпуз, чыныгы сезимдерибизди көрсөттүк. Тасмадан кийин экөөбүз Лос-Анжелеске келип, ошону менен ажырашкан жокпуз»,- дейт актёр сүйүүсү тууралуу.
Ошентип, эки жаш 2009-жылы баш кошуп, 4 жылдан кийин кыздуу болушкан. Актёр абдан баласаак, «кээде бир күн кызымды көрбөй калсам, кадимкидей чоңойгондой, бет түзүлүшү да өзгөрө түшкөндөй сезилет» дейт ал.

КЫЗЫКТУУ...

  • Ченнингдин»33andOut Productions» деген кино тартуучу компаниясы бар.
  • Актёр Сергей Бодровдун «Монгол» тасмасында Чыңгызхандын ролун жаратмак, бирок анын ордуна Таданобу Асано алынган.
  • 2001-жылы "Tear Sheet" журналынын версиясы боюнча "Эң келишимдүү 50 адамдын" катарына кирген.
  • Жубайы Женна экөө 2011-жылы «10 жылдан кийин» тасмасында сүйүшкөндөрдүн ролун жаратышкан.

Актёрдун чыгармачылыкта да, жеке жашоодо да багын ачкан "Бир кадам алдыга" тасмасы болду.


Ченнинг катышкан бир топ тасмалар уландысы менен тартылат. Бул да катардагы комедия – "Мачо менен ботан".

"Женнага баш кошкон күн дагы деле эсимде. Аябай толкунданып, алаканым тердеп жаман болгом".

"Супер Майк XXL" "Супер Майк" тасмасынын уландысы. Анда тажрыйбалуу стриптиз бийчинин (Ченнинг Тейтум) кызыктуу окуялары баяндалат.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
jemile
2016-04-18 11:04:20
Эх, Татум! Кинодо эле билинет, адамдык сапаттары, азамат!
Мунун катарына Мет Деймон, Орландо Блумду кошсо болот
+1
nursultan67
2016-04-19 16:03:52
Семирип кетиптирго
-2
gulnara2014
2016-04-21 00:19:14
Ушул актер аябай жагатда. Жанагы суйгон кызы эс тутумун жоготуп койгондогу киносу барго ошол филмдин аты кандай эле
0
Solnywko93
2016-04-21 19:51:20
Клятва деген кино
0
kanu
2016-04-24 00:25:59
молодец мындай элдин козундо жургон анан да артынан толтура кыздар чуркап журсо да биринчи оорунга семья деген.Эркектердин баары ушундай болсо
+1
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан