Индира Жолдубаева: «МАКСИМ БАКИЕВДИ СОТКО БЕРҮҮГӨ ЖЕТИШТИК»

Баш прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында кыргыз тарап Улуу Британиянын сотуна жарандык доо арызды берүүгө үлгүргөнүн билдирди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган экономикалык кылмыштар боюнча айыпталган Максим Бакиевге карата соттук дооматтын эскирүү мөөнөтү 2016-жылдын 6-апрелинде бүткөн. «Бирок биз жарандык доо арызды сотко берүүгө үлгүрдүк. Бул маселе боюнча Башкы прокуратура жардамчы ролун ойноп, тиешелүү материалдар жана маалыматтар менен камсыздоо иштерин жүргүздү»,- деди Жолдубаева.
Эске салсак, эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева интернеттеги баракчасына: «Жакында эле Британияга болгон иш сапарымда ал жакта жашап жаткан Максим Бакиевге биздин өкмөт доо арыз берүүдөн баш тартканын аныктадым. Өкмөт лондондук адвокаттардын кызмат акысын төлөгөнгө каражат жок экенин себеп кылыптыр. Муну менен биз бюджеттен уурдалган миллиарддарды кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло кол жуудук»,- деп жазган болчу. Өкмөт өз кезегинде Эльвира Сурабалдиеванын айтканы чындыкка коошпойт деп билдирген. Бирок баш прокурордун «доо арыз бергенге жетиштик» деп айтканы өкмөттүн калпын чыгарды. Себеби буга чейин өкмөт "кылмыштын эскирүү мөөнөтү 6-апрелде бүтпөйт" деп маалымдаган эле.
Белгилүү болгондой, эл аралык Global Witness уюму Максим Бакиев учурда Британиянын Суррей графтыгында
5 миллион доллар турган хан сарайда жашаарын айтып чыккан. Ошол эле уюмдун маалыматына ылайык, Курманбек Бакиевдин эрке уулу 2016-жылдын июнунда Британия жарандыгын алышы мүмкүн.
Максим Бакиевге «Азия универсал банкынан» акча чыгарып кетүүсү боюнча өмүр бою эркинен ажыратылсын» деген чечим чыккан. Сот кылмышкерден 60 миллион доллар же 3 миллиард сомдук каражатты мамлекет эсебине өндүрүп алуу чечимин да чыгарган. Буга катар Максим Бакиев Улуу Британиянын жараны Шон Дэйлини өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча да соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Баса, депутаттардын алдында отчёт берген Индира Жолдубаева бул ирет отчётту кыргызча берип, суроолорго орусча жооп кайтарып турду. Буга чейин Индира айымга анын кыргызча сүйлөбөй жатканы боюнча бир катар сын-пикирлер айтылган эле. Аларды эске алып, кийинки жыйынга даярдык көрүп келген баш прокурор жылыштар орун алганын көрсөттү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан