КЫЛМЫШТУУ ЧӨЙРӨДӨ БИЙЛИК ТАЛАШ ЖҮРҮП ЖАТАБЫ?

Бишкектин чок ортосунда эле акыркы күндөрү ок атылып, адамдарга куралдуу кол салуу көрүнүштөрү күчөп кетти. 9-апрель күнү Бишкектин Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде орусиялык ишкер Александр Гайдукка белгисиз адам ок чыгарып, из жашырып кеткен. Маалым болгондой, Гайдук экс-депутат Замир Бекбоевдин инисине таандык унааны айдап жүргөн. Кол салуудан ишкер жеңил жараат алган.
Эске салсак, 5-апрель күнү Бишкектин Шабдан баатыр жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде Субару Легаси үлгүсүндөгү жеңил унаада бараткан адамдар жөө бараткан эки адамды көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки адамдын бири октон жараат алган. Жараат алган адам кылмыш дүйнөсүндө Сакал каймана аты менен белгилүү Улан Токтосуновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болушу мүмкүн деген маалыматтар тарады. Ал эми 6-апрель күнү Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан Мерседес жана Одиссей үлгүсүндөгү эки унаа токтотулган. Одиссей унаасынын айдоочусу токтобой, белгисиз тарапка качып кеткен. Мерседес үлгүсүндөгү унааны токтотуу маалында айдоочу милиция кызматкерин сүзүп, унаасынын капотунда бир канча метрге сүйрөгөн. Андан кийин айдоочу унаасынан түшүп, кызматкерди бычак менен сайып жиберген. Мындан соң милиция кызматкери айдоочуну көздөй ок чыгарган.
Жогоруда аталган иштер боюнча Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү ыкчам аракеттерди көрүп жатканын маалымдады. Буга катар ИИМдин өкүлдөрү бул үч атышуу бири-бирине тиешеси жок экендигин билдиришүүдө.
Ал арада коомчулук жогорудагы окуялар аркылуу кылмыштуу чөйрөдө таасир талаш жүрүп жатканын айттырбай түшүнүүдө. Улан Токтосунов Кыргызстанга келип, милициянын колуна түшүп берген күндөн тарта Бишкек тынч уктай албасы айкын болгон. Себеби күч органдары алсыз, ал эми кылмыштуу чөйрө ошол алсыздыктын эсебинен күч топтоп алган. Өлкөдөн мына өлөт болуп чыгарылып кеткен мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин өлбөй-житпей эле өмүр сүрүп келатканы жогорку бийликке көө жаап жатканы да белгилүү. Жогорку Кеңеш Батукаевдин маселеси боюнча кыйкырып гана кала берди. Мамлекеттин негизин түзгөн жогорку органдардын мындай шалаакылыгы Кыргызстанды кылмышкерлердин бейишине айлантары турган иш.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан