ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИҢЕ КАРАП ТӨШӨКТӨГҮ ТЕҢИҢДИ ТАП

Текечер айымды төшөктө эмне кызыктырат? Арстан мырзанын темпераменти кандай? Астрологдор жылдыз белгилеринин төшөктөгү өнөктөштүгү тууралуу эмне дешет, көз чаптыралы.

КОЙ (21.03-20.04)
Кой эркек төшөктө темпераменттүү келет. Ал максатына жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот. Айымдар тарабынан макталып, көңүл борборунда болууну самайт. Кой жылдызындагы эркектер ага баш ийип, кемчилигине көз жумган кыздарга үйлөнүшөт. Бир кемчилиги, «башкы байгеге» жеткен соң кызыгуусун дароо жоготот. Андыктан аны улам-улам «заряддап» туруу керек. Кой, арстан, тараза айымдарды тандашса жаңылышпайт.
Кой жылдызынын астында төрөлгөн айымдар төшөктө өзүмчүл келишет. Эркектерди өзү тандоого умтулган, айтканынан кайтпаган өнөктөштөр. Башкалар каалаганды берүүгө эмес, тескерисинче, өздөрү каалаган лаззатты алууга аракеттенишет. Сексуалдык потенциалы төмөн эркектер буларга жакындабай эле койгону оң. Кой, суу куяр эркектер оюндагыдай түгөй боло алышат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачар эркектер төшөктө жай «от алышканы» менен, өнөктөшүн кумардын туу чокусуна жеткирип, анан эс алышат. Өнөк издегенде өзүнүн тажрыйбасына гана таянат жана кызганчаак болушат. Букачар эркектерди арбоо, өзүнө имерүү оңойго турбайт. Себеби булар акылдуу жана сезимтал келишип, чындык менен жалганды мыкты айырмалашат. Текечер, балык, тараза айымдарды тандашса жаңылышпайт.
Букачар айымдар табиятынан сезимтал жана наздуу келишет. Айланасын кооз буюмдар менен курчоого жана жактырган эркегин өзүнө тартып алууга жан далбасташат. Өнөктөшүнө ырахат тартуулоонун жолдорун мыкты билишет жана өзү да толук лаззат алууга жетишет. Буларга төшөктө суу куяр, текечер, бөйөн эркектер туура келет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эгиздер эркектер сүйүү, төшөк маданияты тууралуу сүйлөшкөндү жактырышат жана өнөктөштү да бат табышат. Бирок «марага» жетип алган соң дароо башканы ойлоп, түгөйүн ара жолго таштап коюудан качышпайт. Баса, өзүнүн сексуалдык эрдиктери тууралуу жазган Жакомо Казанова да эгиздер жылдызынын астында туулган. Текечер, суу куяр, чаяндар менен төшөктө төп келишет.
Эгиздер айымдар акылы, адамдарга жасаган жагымдуу мамилесинин аркасы менен ишинде чоң ийгиликтерге жетишсе да, түгөй табууда кыйналышат. Кокус көңүлүндөгүсүн жолуктуруп калса, өзүнүн сезимин арноого даяр келишет. Бирок бул топтогуларга татыктуу эркектер сейрек жолугат. Ошондой эле сүйүү оту көбүнчө тутанбай калат. Эгер булар түгөйүн табышса, алардын үй-бүлөсү көбүнчө үлгү болуп бере алат. Суу куяр, бөйөн мырзалар менен мыкты өнөктөш боло алышат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бөйөн эркектердин көпчүлүгү сексти улуу сезим катары баалашат жана айымдардын тез эле башын айлантып, өздөрүнө имерип алышат. Темпераменттүү болгону менен, төшөк мамилесинде өзүмчүл келип, кумардын туу чокусуна чыгууга аракет жасайт. Төшөктө букачар, бөйөн, эгиздер айымдар буларга туура келет.
Бөйөн айымдардын делебеси тез козголот. Аны жашыруу менен эркектерге кантип орой мамиле жасап алышканын өздөрү да түшүнбөй калышат. Дайыма сүйүп, эркелетип турууну самашат. Булар бөйөн эркектер менен гана мыкты өнөктөш боло алышат.


АРСТАН (23.07-23.08)
Арстан эркектер көпчүлүгү сырткы келбетинен өзүнө ишенимдүү көрүнсө да, өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенбеген адамдар болушат. Анын жөндөмдүүлүгүн башкалардыкынан жогору экенин түшүндүрүп бере алган гана айым анын жубайы болуп кала алат. Жаачылар менен жакшы союз жарата алышат.
Арстан айымдар төшөк кумарына көп деле маани бербегени менен, ар бир эркекти түбөлүк жар болууга талапкер катары карашат. Жакшы жар, боорукер эне болуп, үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоодо тикеден-тик туруп беришет. Төшөк кумарына муздак мамиле жасагандыктан, жубайлар ортосунда түшүнбөстүктөр анда-санда пайда болуп турат. Тараза, кой жылдызындагылар мыкты өнөктөш болот.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бийкеч эркектердин кээ бир орой сапаттары сексуалдык байланыш түзүүгө тоскоолдук кылат. Анткен менен башка эркектерге салыштырмалуу айымдардын көңүлүн жакшы эле көтөрүп, рахат тартуулай алышат. Эгер сүйгөнү башка бирөө менен алмаштырса, андан өч алуудан баш тартышпайт. Балыктарга туш болушса, төшөк рахатын болуп көрбөгөндөй сезишет.
Бийкеч айымдарга жумшак мүнөз, сулуулук, назиктик таандык. Төшөктө эркектер анын рахат алып жатканын көрүп, өздөрү да сүйүнүшөт. Төшөк рахатын алууда чоң өзгөрүүлөрдү булардан күтпөй деле койсо болот. Себеби бул топтогу айымдар бир аз уялчаак келип, балдардын энеси жана идеалдуу аял болуп бере алат. Буларга текечер, балыктар туура келишет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Тараза эркектер төшөктө комплимент айтканды жактырышат. Булар үй-бүлөсүн, ишин таштап эротиканын кучагына чөмүлгүлөрү келишет. Анткени өздөрүнүн сезимдерин канааттандырууну каалашат. Ошондой эле жубайынын сексуалдуу болуусун самашат. Буларга төшөктө арстан айымдар туура келет.
Тараза айымдар назик төшөк оюндары, көпкө өбүшүүнү каалашат. Төшөктө орой мамиле жасагандарды жактырышпайт. Эгер турмушунда күчтүү эркекти жолуктурса, анын каалоосун аткарып калышат. Кокус алсыз эркекти кезиктирип калышса, аны өздөрү башкарып, баскан-турганын көзөмөлдөп да калышы толук мүмкүн. Кой, балык, букачарларды мыкты өнөктөшүм деп таанышса болот.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаян эркектерди темпераменттүүлүгү менен күтүлбөгөн кадамдарды жасай билген оюнчу, артист, айлакер деп айтсак жарашат. Секс – булар үчүн чоң спорт. Аны акылы менен талантынын өөрчүшүнө жумшашат. Көп учурда бул топтогу эркектер кеч үйлөнүп, бойдок жүрүүнү каалашат. Балык, жаачы мыкты өнөктөш боло алышат.
Чаян айымдардын көпчүлүгү өзүнүн табышмактуулугун, сексуалдуулугун төшөк рахатына жетүү үчүн жумшап, акылдуулугу, сулуулугу менен башкалардан дээрлик айырмаланат. Мындай айымдар менен таанышкан эркектер акылын жоготуп, анын айтканынан чыга албай калышат. Булар турмушка чыгышса, жолдошунун ийгиликке жетүүсүнө чоң жардам бере алышат. Балык, эгиздерди тандашса жаңылышпайт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жаачы эркектер романтик болсо да бир эле кыз менен көп убакытка сүйлөшө алышпайт. Рахат алып, махабаттын туу чокусуна чыккан соң ал тууралуу жакшы ойлорду эстеп гана калат. Татынакай кыздар менен таанышууну жактырса да кагып-силкип, орой мамиле жасашканына көп деле таарынышпайт. Туруктуу союзу жок.
Жаачы айымдар жашоодогу искусствого, спорт, иш, үй-бүлө деген көрүнүштөргө кайдигер карабагандар. Табиятынан шайыр мүнөз, кыялкеч келишет. Бул топтогу айымдар өзүнүн баасын билүү менен күйөөсүн кызгана беришпейт. Текечер, арстан, чаяндар менен мыкты шайкеш боло алышат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текечер эркектер өзүнүн багытын туура аныктап, максатына жетүүдөгү жолду оңой табат. Аялдар менен болгон мамиледе буларды дайыма ийгилик коштоп жүрөт. Ал айымдарды уга билгени менен, өзүнүн жан дүйнөсүндөгү сезимди жаап-жашырып жүрөт. Бул топтогу мырзалар үй-бүлө күтсө, балдарына мыкты ата, жубайына камкор күйөө болуп бере алат. Букачар, жаачы, бийкеч, текечер мыкты өнөктөш боло алат.
Текечер айымдар өздөрүнүн каалоосу менен мүмкүнчүлүктөрүн алмаштыра беришет. Өзүнүн сезимдерин туура көрсөтө албай кыйналгандыктан, эркектер ага кандай жакындаса, ошондой алыстап кетишет. Эгиздер, букачар, текечер менен мыкты союз кура алышат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Суу куяр эркектер темпераменттүү айымдар үчүн чоң белек болуп бере алышпайт. Анткени булардын сексуалдык кыялы ички дүйнөсүндө катылып, сыртка чыга албай келет. Айымдар менен болгон төшөк маданиятында аларга баш ийип, айтканын аткаруудан баш тартпайт. Жумуш жана үй-бүлөлүк маселе менен гана тынчсыздангандыктан, башка айымдарга көп көз артышпайт. Төшөктө букачар, эгиздер, текечерлер менен төп келишет.
Суу куяр айымдар өзүнүн акылдуулугу, жылдыздуулугу менен башка айымдардан айырмаланат. Анткен менен төшөктө көп деле ысык болушпайт. Себеби суу куяр жылдызынын алдында төрөлгөн айымдардын көпчүлүгү жашоонун рахатын төшөктөн эмес, адамдар менен сүйлөшүүдөн алууну самашат жана каалашат. Тараза, чаян, бийкеч, балыктарды тандашса жаңылышпайт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Балык мырзалар жан дүйнөсү эротикалык кыялдар менен коштолуп жүрөт. Булар айымдардын көңүлүн тез эле жибитип, аларды бардык жагынан канааттандыра алышат. Жан дүйнөсүн билгиси келген айымдарды тез эле четке кагышат. Өнөктөш табууда сөз байлыгын ченемсиз колдонушат. Тараза, бийкеч, балык, чаяндар сексуалдык жактан буларга туура келишет.
Балык айымдар чыгармачылыкка жакын жана кыялкеч болушат. Ар дайым роза гүл көтөрүп келген жигиттерди күтүп жүрө беришет. Чаян, букачар, балык, бийкеч менен кумардын туу чокусуна чыга алышат.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
Atabaev.kg.su
2016-04-20 15:59:15
Бул бары жалған
0
hann
2016-04-20 19:21:17
Мындайга бир короо кой эле ишенбесе адам ишенеерлик кеп эмес кыскасы
0
tokitok
2016-04-20 23:42:38
мен чаянмын да.
0
dina-85
2016-04-21 01:00:58
Мен жылдызым боюнча балыкмын
0
skarpion-90
2016-04-29 16:44:42
dina-85,мен букачармын
0
dina-85
2016-04-30 01:02:12
skarpion-90,анда сен мениби же
мен сени тандашым керекпи?
0
kizilove
2016-04-21 21:45:01
Туура чыкты меники
+1
chyngyzbeka
2016-04-22 10:37:14
Чаян жокпу я?
0
Gupa
2016-04-22 10:49:51
chyngyzbeka, тараза менен жаачынын ортосунда турат го.
0
timaika9195
2016-04-22 12:58:40
Таптакыр туура келген жок.
0
dina-85
2016-04-23 19:23:24
Класс супер. Мен балыкмын)))
0
Alinur
2016-04-23 23:39:28
Анча деле туура келбейтко.
0
baltabaev
2016-04-24 01:55:10
Сапатсыз нерсе
0
kudret
2016-04-25 12:53:40
менда балыкмын.Тараза,
бийкеч, балык, чаяндар сексуалдык жактан
буларга туура келишет.дейтко айымдар барбы таанышалы?!!
0
admin_superstan
2016-04-25 14:49:37
kudret, таанышуу үчүн "Суперстандын" "Таанышуу бурчуна" барыңыз.
0
skarpion-90
2016-04-29 17:10:56
Dina-85 мен букачармын
0
kutmanbek80
2016-05-18 16:46:28
Кудай сакта балыктар йобур болот экен
0
Meerinsa
2016-05-26 12:10:24
Мага текечер же балык бирок менин жолдошум чаян. Жолдошума ыраазымын!
0
albertkg95
2016-06-26 23:27:40
менде да 80 пайыз туура келетю Балыктын кыздар менен тез тил табышканы жакшы бирок гулдорду аралай берсен да гулдун баркы кетерин унутпоосу керек экенин эстен чыгарбоосу керек экээээээн
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан