ИЗДЕЙМ СЕНИ

«АТАБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Урматтуу окурмандар, сиздерден жардам сурайбыз. Биз атабыз Абдыбеков Мыктыбек Мамытбековичти издейбиз. Ал 1952-жылы 20-февралда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Шекер айылында туулган. 2010-жылы жай айында үйдөн бир досу менен чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Өзгөчө белгилери: дайыма мурут коюп жүрчү, тез-тез сүйлөчү жана оң жакка сылтып басчу. Көрүп-билгендер болсо маалымат берип коюуңуздарды өтүнөбүз.

Адилет Жолдошалиев, adiletjoldoshaliev@gmail.com

«НУРАЛЫ, АПАҢА БАЙЛАНЫШ!»
– Мен уулум Нуралы Нарынбай уулун издейм. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Бирлешкен айылында 1993-жылы 29-ноябрда туулган. 2012-жылы иштейм деп Орусиянын Екатеринбург шаарына кеткен. 2013-жылдан тарта Красноярск шаарында иштеп жаткан. Ошол жылы чоң энеси каза болуп, ага кабар берген эмеспиз. Кийин угуп «эмне үчүн кабар берген жоксуңар?» деп таарынып, ошондон бери байланышпай жатат. Нуралы, биз менен байланыш же уулумду таанып-билгендер болсо кабарлап койсоңуздар.

 Азимкан, телефон: 0557 669793

«МЭЭРИМ, КАЙДАСЫҢ?»
– Классташым Болотова Мээрим Белековнаны издейм. Биз Нарын шаарындагы №9-мектепте чогуу окуганбыз. Фамилиясын Белекова деп өзгөртүп алышы да мүмкүн. Бактыгүл деген сиңдиси бар эле. Мээрим, эгер окуп калсаң кабарлаш.

Назима Карпаева, karpaevana@icloud.com, телефон: +79652073780

 

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nika7777
2016-04-25 04:33:58
Издейм сениге кайсы почтага кат жазсак болот?
0
admin_superstan
2016-04-25 09:37:06
nika7777, саламатсызбы? Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан