ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-апрелден 24-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул апта сиз үчүн жагымдуу да, жагымсыз да жаңылыктарга жык толгон. Алар жеке жашооңузга да, ишиңизге да байланыштуу. Идеяңызды ишке ашыруу үчүн болгон аракетиңизге кесиптештериңиз, өнөктөштөрүңүз тоскоолдук жаратышы ыктымал. Сүйүктүүңүз менен болгон мамиле да солгундайт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачарлар канчалык көп жумуш бүтүрүүгө аракет кылбасын, ден соолугуна байланыштуу иш алар ойлогондой болбойт. Өнөкөт оорулары барлар ооруканага жатып калуулары мүмкүн. Ошондуктан жылдыздар чоң иштерди баштабай коё турууну сунушташат. Апта ортосунда достор, жакын адамдар менен жолугушуулар күтүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эгиздер аптанын башталышында досторум маанилүүбү же сүйүктүүмбү деген тандоого алып келген окуяга туш болушат. Үй-бүлөсү барлар балдарына өзгөчө көңүл буруп, алардын бар экени жашоодо чоң кубат берерин түшүнүп, каниет кылышат. Эс алуу күндөрү жакындарыңыздын колдоосу менен жаңы долбоор баштайсыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Карьера жаатында мыкты идеялар келет. Аны жетекчилик колдоп, акчалай сыйлыкка да татыйсыз. Бирок убактыңыздын, оюңуздун баары жумуш болуп, сүйүктүүңүз көңүл сыртында калып калганын байкабай каласыз. Ошондон улам ортоңордо жарака кетиши ыктымал. Ал жараканы бүтөө үчүн көп убакыт керектелет.


АРСТАН (23.07-23.08)
Арстандар жагымдуу жаңылыктын күбөсү болушу күтүлүүдө. Жакындары мүлк алып, аларга жардам берип бир сүйүнсө, жеке жашоосунда да жакшы жаңылык орун алып кубанат. Бойдоктор жаңы таанышууларга кабылышат. Бул таанышуулар алдыга койгон пландарды аткарууда жакшы жардам берет.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бийкечтер бул жумада финансы жаатындагы маселелер менен алпурушуп колу бошобойт. Акчаны туура бөлүштүрүү менен көп ийгиликтерди багынтарын унутпашы керек. Андыктан акча коротууну гана пландабастан, киреше булагын да табууну ойлонуш керек. Апта соңунда көптөн бери көрүшө элек адамдар менен жолугуп, сыр чечишесиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Карьерада ишин мыкты билген, эч качан сатпаган өнөктөштүү болосуз. Бирок кандай сүйлөшүү жүрбөсүн дипломат болуп, өнөктөшүңүздүн ойлору менен да эсептешиңиз. Майда-чүйдө эле го деп көңүл бурбай койгон иштер чоң маселе жаратышы мүмкүн. Андыктан ар бир ишти убагында чечүүгө аракеттениңиз.


ЧАЯН  (24.10-22.11)
Жумушта кесиптешиңиз менен бир аз келишпестик болушу мүмкүн. Ички туюмду өнүктүрүү убактысы келгенин сезесиз, анткени жакындарыңыздын кеңешин уга берип, жыйынтыгында көп жолу иштериңиз тескерисинен чыкканын көрөсүз. Апта соңу дүкөн кыдырып, жаңы буюмдуу болуп өзүңүзгө кубаныч тартуулайсыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумуш деп жүрө берип эс алууну унутуп койгонуңуз эске келет. Эске келгенде кантип? Муну ден соолугуңуз эскертет. Ошондон улам эс алууга чыгып, дарыланууну баштаганыңыз оң. Жакындарыңызда маселе болуп, сизден жардам сурап кайрылышат. Колуңуздан келсе жардам бериңиз, анын акыбети сөзсүз кайтат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текечерлер бул жумада өздөрүн маселелерге басырылып калгандай эле сезишет. Жеке турмушуңузда да, жумушта да маселе жаралып, маанайыңызды түшүрөт. Үй-бүлөлүк чырдан алыс болуңуз, ал чырга киришип алсаңыз, аягы начар жыйынтыкталып калышы мүмкүн. Жумушта жаралган маселе убакыттын өтүшү менен чечилет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Суу куярлар бул жумада айланасындагылар менен келише албай бир аз кыйналышат. Сиздин түз, баарын ачык айтканыңыз жаныңыздагылардын маанайын түшүрүп, капа кылат. Белек алууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктү коё бербеңиз. Бул белектин артынан дос катары жаныңызда жүргөн адамдын түбөлүктүү жарыңыз экенин түшүнөсүз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Балыктарга бул жумада үнөмдөө сунушу айтылат. Анткени акчага байланыштуу бир топ иштер чыгып, кыжалат болосуз. Алгач так план түзүп алып, ошону менен алдыга карай багыт алыңыз. Жалгыз бой жүргөндөр достору аркылуу жаңы таанышууларга кезигишет. Апта соңунда жакындарыңыздын жакшылыгына ортоктош болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан