ӨКМӨТКӨ АМБИЦИЯСЫЗ ЖАНА ИЙКЕМДҮҮ БАШЧЫ КЕЛДИ

Бул апта Темир Сариевдин премьер-министрликтен отставкага кетери тууралуу билдирүүдөн башталды. Андан ары Ак үй жана Көк үйдөгү жүрүштөр далай жолу репетициядан өткөндөй тездик менен жасалды. Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөт башчы болсо, ал эми парламентке жаңы спикерди шайлоо кийинки аптага калды.

КҮЗДӨН БЕРИ КҮТТҮРГӨН ОТСТАВКА
«Темир Сариев өкмөт башчылыктан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары мандаттарын алары менен ыргыйт» деп көзү ачыктык кылгандар көп болчу. Буга анын шайлоодон жеңип чыккан партиялардын бирине да тиешеси жоктугу жана премьер-министрлик кызматында туруп кийинки баскычка, тагыраагы, президенттик шайлоого карата саясий упай топтоого мүмкүнчүлүгү кеңири болорун себеп кылып жатышкан. 2010-жылдан бери өкмөт башчыларынын кол жоолуктай болуп калганы, 1-2 жылга жетпей алмашышы өнөкөт ооруга айланып бара жатат. Андыктан эртели-кеч Сариевдин кызматтан кетери күн тартибинде бышып турган маселе эле. Балыкчы-Корумду жолунун тендери боюнча чууга келсек, ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт болуп, өкмөт башчы министрге, министр орун басарына шылтап, айтор, тендер учурундагы кемчиликтер орун алганы дайын болсо да, жоопкерчиликти эч бири моюнуна алгысы келген жок. Бул окуя отставка менен из жашырып кетпей, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ишти аягына чыгарат деп күтө туралы.
Эске салсак, 2012-жылдын сентябрында аргымак чуусунан улам Өмүрбек Бабанов, 2014-жылдын мартында Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттын ичинен 7 миллиард сомдун изин таппай коюшкандыгы үчүн Жантөрө Сатыбалдиев, 2015-жылдын апрель айында «Кумтөр» кенине байланыштуу Жоомарт Оторбаев премьерликтен кеткен.

АМБИЦИЯСЫ ЖОК ЖЭЭНБЕКОВ КЫЗМАТЫНА АРГАСЫЗ КЕЛДИБИ?
«Премьер-министр болорум үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Партия чечти, мага ишеним көрсөттү. Талапкер катары көрсөтүлгөн соң иштөөгө туура келет. Жаңы өкмөттүн программасынын үстүнөн эки күн иштедик»,- деп түшүндүрүп жатты Сооронбай Жээнбеков жаңы дайындалуусу тууралуу. Карьерасынын дагы бир тепкичке жогорулоосу өзүнө жаңылык болгону, баарынан да өкмөт башчылыкка аргасыздан барып жаткандай түр көрсөткөнү коомчулукта түрдүү сын-пикирлердин жаралуусуна жем болуп берди. Интернетте орун алган комментарийлерде Сооронбай Жээнбековдун буга чейин ээлеген кызматтарында көрүнүктүү деле иш жасабаганы, өкмөттү жетектеп кетчү лидер катары көрүнбөгөнү байма-бай жазылып жатты. Атүгүл аны өкмөт башчылыкка жактырган депутаттар да бир ооздон «амбициясы жок жана ийкемдүү» деген мүнөздөмө беришти. Мындай адамдын жооптуу кызматка келип калуусу жөнүндө Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев: «Сооронбай Жээнбеков оор мезгилде президент Алмазбек Атамбаевдин жанында болгон. Муну да эске алуу керек»,- деди.
Жаңы өкмөт башчынын досьесине келсек, ал 57 жашта. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Кесиби боюнча зоотехник. 2003-жылы экономика боюнча жогорку билим алган. Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, 2007-жылы айыл чарба министри болуп иштеген. 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Ош облусуна губернатор болуп дайындалып, өткөн жылы декабрь айында Мамлекеттик кадр кызматынын директору болгон. Ал эми быйылкы жылдын март айында Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков спикерлик креслосун агасы премьерлик кызматка келиши үчүн бошотуп берди. Дагы башка бир тууганы Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси.

ӨКМӨТТӨ ӨЗГӨРҮҮЛӨР АЗ
Сариевдин ордуна Жээнбеков келгенден тышкары 3 креслонун гана ээси өзгөрдү. Биринчи вице-премьер-министр болуп Аалы Карашевдин ордуна Мухамметкалый Абулгазиев, транспорт жана коммуникациялар министри болуп Аргынбек Малабаевдин ордуна Замирбек Айдаров, Өкмөттүк аппараттын жетекчиси болуп Нурханбек Момуналиевдин ордуна Акылбек Осмоналиев келди. Эртеси эле Нурханбек Момуналиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору болсо, Аалы Карашев Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Карашевдин көп жыл жетекчилик кызматтарда иштеп келгенине карабай эч кандай ызы-чууга аралашпаганы чиновник үчүн сейрек көрүнүш. Биринчи вице-премьер болуп турган Карашев орто муундагы саясатчы катары өкмөт башчылыкка талапкерликке көрсөтүлсө логикага сыйган көрүнүш болмок.  
Өкмөттүн курамы, программасынын долбоорун жалпы 115 депутат колдоп, 2 эл өкүлү каршы добушун берди. Оппозициялык «Республика-Ата Журт» жана «Бир бол» фракциялары ың-жыңсыз колдоо көрсөтүшкөнү көшөгө артында сүйлөшүүлөр орун алышынан улам ыктымал.


120 ДЕПУТАТКА КОЖОЮН КИМ БОЛОТ?
Премьер-министрлик кызматка Сооронбай Жээнбековдун келиши жана дайындалышы эч кандай таң калууну жаратпаса, Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы ким болору көбүрөөк интрига менен коштолууда. Эки башкы талапкердин ысымдары эң көп айтылып жаткан кези, алар – «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан