Өзгөчө үй-бүлө күткөн мырзаларга майдай жаккан «Сулууларга суктанууга акым бар» деген ырды ырдаган Кубаныч Ажыбаев ар бир суроого ачык жооп берип, башынан өткөн окуяларын баяндап отурду. Ырчы Роза Адилканованын кызы Раллиянын ырдаганын жактырып, тун кызына Раллия деген ысым ыйгарганын кошумчалады.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Нарын району, Эмгек-Талаа айылы
Туулган жылы, күнү – 1981-жыл, 3-май
Билими – К.Молдобасанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториясынын элдик ыр ырдоо бөлүмүн бүтүргөн
Үй-бүлөлүү – 1 уул, 2 кыздын атасы
Репертуарындагы ырлары – «Неге сени сүйдүм, ай?», «Атасынын баласы», «Сулууларга суктанууга акым бар» жана башкалар
– Кубаныч мырза, куш келипсиз! Маегибизди балалыктын бал күндөрүнөн баштабайлыбы?
– Рахмат, үйдө 3 кыз, 3 эркекпиз, эркектердин улуусу менмин. Мени чоң энем өтө эркелетип өстүрдү. Тентектик кылып, күнөө менден кетсе да мага болуша берчү. Өзү да айылдагы кемпирлердин атаманы эле. Бала кезимден кыздарга жакын болуп өстүм. Айрыкча жанымда отурган Гүлзат деген кызга тийишип, аны көп ыйлатар элем. Анын апасы мектепте пол жууп иштечү, кызына болушуп мени тилдеп эле басып жүрчү. Тажаганда чоң энеме келип, «сенин балаң кызымды ыйлатып, эч жанын койбойт» десе, «күнөөнүн баары сенин кызыңда» деп чоң энем өзүн урушкан.
– Бул адатыңыз качан калды? Алгачкы сүйүүңүз дагы кызык болсо керек?
– Көнгөн адат боюнча мектепте бир кызды сөгүп койсом анын апасы келип арызданса, апам болушмак турсун завучка чейин жетелеп барып сабаган. Ошондон кийин кыздарга тийишкенди токтотком. Алгачкы сүйүүм эсимде, Мунара деген сары кызды жакшы көрүп, мектепке узатып барып, узатып келер элем. Бир күнү топусун жула качып үйгө алып келдим. Кечинде ойноп отуруп, кантип кучактап уктап калганымды билбейм. Эртең менен атам келип «мектепке бар» деп төшөктү ачса, топу коюнумда экен. «Атаңдын оозун урайын! Бул Асанбайдын кызынын топусу го» деп күлүп жатпайбы.
– Тентек бала кантип ырчылыкка аралашып калды?
– 4-класстан бери комуз менен ырдап, дастан айтып кароо-сынактарга катышып, байгелерди жеңип жүргөм. 2002-жылы Бишкекке келип Улуттук консерваторияга тапшырдым. Замир Арыкбаев экөөбүз группалашпыз. Ал бат эле ырчы болуп, эл оозуна алынып кетти. Мен акчам жок чыга албай, тамада болуп тойлорду алып барып калдым. Негизи тамада болоюн деген оюм деле жок болчу. Бир жолу дос баламдын туугандары той өткөрүп, тамадасы келбей калыптыр. Жатаканада уктап жатсам досторум ой-боюма койбой тургузуп, биринин шымын, биринин көйнөгүн, Аскаттын (ред. Мусабеков) костюмун кийгизип жөнөтүштү. Ошентип тойду алып барып 500 сом таптым. Ал кезде бул акчага 1 шым, 1 көйнөк келчү. Акчанын даамын татып калгандан кийин тамада болом деп далай тойлордун «кашасын» чыгардым. Жадакалса той ээси «кандай тамадасың?!» деп кууп ийген күндөр болгон.
– Ырчы катары сизди элге тааныткан «Сулууларга суктанууга акым бар» деген ырыңыз болду окшойт?
– Ага чейин Кубаныч Сатаев экөөбүз Чубак Сатаевдин «Неге сени сүйдүм, ай?» деген ырын комуз, аккордеондун коштоосунда ырдап, бир аз элге таанылгам. Эл мени толук болгонум үчүн «Кубанычтын жанында ырдаган киши аяш атасы болот» деп алышыптыр, болбосо Кукем экөөбүз теңбиз. Ал эми «Сулууларга суктанууга акым бар» деген ыр мени толук Ажыбаев экенимди тааныткан чыгарма болду.
– Интернет баракчаңыздан арыктаган сүрөтүңүздү көрүп калдым. Сырыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...
– Мурда 119 килограмм болчумун, азыр 13 килограммга арыктадым, дагы 10 килограмм таштасам деген максатым бар. Учурда нан, картошка, таттуу жебей, спорт залга барып машыгып жатам.
Бир окуя айтып берейин. Келинчегим дүкөнгө кирсе, сатуучу эже «алдыңа кетейин, жапжаш туруп эмнеге атаң менен тең кишиге тийип алгансың?» дептир. «Кайсы кишини айтып жатасыз?» деп таң калса, «ой, жанагы Чубак Сатаевдин досучу» дейт экен. «Ал Чубак Сатаевдин баласынын досу, менден 1 жаш эле улуу. Экөөбүз чогуу окуп жүрүп баш кошконбуз» десе, тиги эже уялып кечирим сураптыр.
– Келинчегим деп калдыңыз, ал тууралуу да айта кетпесеңиз болбойт го?
– Келинчегим Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти бүтүп Консерваторияга тапшырган, өзү комузчу. Учурда Бишкектеги №7-мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштейт. Экөөбүз студент кезде таанышканбыз. «Аял алсаң Кочкордон, айрыласың достордон» дейт. Тескерисинче досторум мени келинчегимден айрып коёюн деген (күлүп). Сүйлөшкөн кызыма эптеп жолун таап, ушундай бир эмоция менен «мен сени жакшы көрөм!» деп сүйүүмдү билдирип жатсам, Кадырбек деген досум мас болчу, «Эй, кызга сөз айткандын балакетин аласыңбы? Байпагыңдын жыртыгын жамап алчы» деген эле. Студент кезде курсак ач, байпак жыртык күндөр көп болгон да.
– Досторуңуздун курчоосунда сүйүүңүздү билдиргениңизге караганда романтик окшойсуз?
– Биз студент кезде сүйгөнүнө жумшак оюнчук берген мода болчу. Жатакананын жанында оюнчук саткан дүкөн бар эле, ал жерде акыл-эси кем бала иштечү. 14-февраль күнү ошого барып «Могу чоң коёнуңду берчи. Мени тааныйсың, ушул жердеги жатаканада жашайм. Сүйлөшкөн кызым менен кетип бара жатканда акчаңды сураба, мен өзүм алып келип берем» десем макул болду. Сүйгөнүмө белекти берип тамак алып берип коёюн деп ашканага баратсак, жанагы бала астыбыздан чыгып, «эй, акчаны бер, болбосо коёнду алып кел» десе болобу?! Сүйлөшкөн кызымдын мага боору ооруп кетти окшойт, "мен ыраазымын, оюнчукту берип салалычы" дегенине болбой кетип калдым. Анан тамак ичип бүтүп келип тиги балага «сен мени уят кылдың, эми акчаңды эч качан бербейм» дедим. Ошону менен окууну бүткүчө доолап жүрдү. Ал жумшак оюнчук дагы деле үйдө турат.
– Баш кошкондон кийин деле кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
– Студент кезде үйлөнгөм. Келинчегим кош бойлуу убакта деле үй-бүлөлүүмүн, жакында ата болом деген сезим менде такыр болбоптур. Кызым төрөлгөндө достор менен майрамдап кетип калыптырмын. Келинчегим «бизди чыгарып кет» деп чалды, көрсө, тоону томкоруп койгонсуп 1 жума майрамдаптырмын да. Дос балдар менен барып жатаканага кызым менен апасын алып келдик. Анда эч нерсе менен ишим жок, бир аз ооруп калып, өзүм менен өзүм убарамын. Бир маалда жакшылап байкасам кызым ыйлап жатат, келинчегимдин эмчегине сүт толуп, колтугуна чейин шишип ал бурчта ыйлап отурат. Туй ата, бияктын баарын эмне кылып салгам деп өзүм да бир сыйра ыйлап алып, ошондо үй-бүлө жоопкерчилигин сезгем. Окууну бүткөндөн кийин "жатаканадан кеткиле" дегенде батир издегенибизди айтпа. Арзаныраак деп бир жатакана таап ал жакта жашасак, түнү менен кантала талайт. Кызымды чакпасын деп таң атканча уктабай көтөрүп чыкчумун. Кийин бажамдын үйүндө жашап жүрүп, ата-энемдин колдоосу менен 2 жыл мурун үйлүү болдук.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg