КЫЗ КЫЯЛЫНДАГЫ КААРМАНДАР

Тасмадагы каармандарды сыртынан сүйүп, суктанган кыздардын суранычы менен учурдун “сердцеед” атка конгон актёрлору тууралуу кыскача маалымат берип кетүүнү туура көрдүк.

ТАМАШАКӨЙ, АКТЁР, СУПЕР БОЙДОК

БЕКЗАТ ПИРМАТОВ.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Туулган жылы – 1983-жыл.
Жылдыз белгиси – Чаян.
Фильмографиясы – «Ашыктыктын асманы», Бактыгүл Бадыеванын «Жүрөк тагы» клибинде роль жараткан.

Бекзат көп кырдуу талант. Бирок калың элге актёр катары да тааныла алды. Ал биринчи жолу Актан Арым Кубат менен Эркин Рыспаев тарткан «Ашыктыктын асманы» аттуу тасмага тартылган. Таанышынын сунушу менен «Кыргызтелефильмде» жарыяланып жаткан кастингге катышып, биринчи сыноодон эле өтүп кетет. Бул Бекзаттын бирден-бир жараткан ролу. Ошондой эле Бактыгүл Бадыеванын «Жүрөк тагы» клибине тартылып, көп кыздардын жүрөгүнө чок сала алды. Бекзаттын айтуусунда, эс алууга барып, капысынан клипке тартылып калган. Бекзат төрт жылдан бери «КG Club» долбоорунун мүчөсү катары да таанылып келет. Ал эми 2008-жылы өзүн телеалпаруучу катары сынап көрдү. Улуттук биринчи каналда «Сулуулар долбоордо» аттуу телеберүүнү алпарган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү. Жүрөгүнүн ээсин таба элек.

АЛ ОШОНДОЙ ЖӨНӨКӨЙ ЖИГИТ

ПЭ ЁН ЧЖУН.
Туулган жери – Сеул шаары.
Туулган жылы – 1972-жыл.
Жылдыз белгиси – Бийкеч.
Фильмографиясы – «Кыш сонатасы», «Биринчи сүйүү», «Мейманкана ээси».

Пэ кичинесинде эле искусствого жакын болгон. Баласынын музыкага шыктуу экенин байкаган ата-энеси анын Сеулдагы Сонгюнгван университетине тапшырышына макул болушат. Университеттин кино таануу факультетинде окуган Пэ биринчи жолу 1994-жылы киного тартылган. Жаш актёр биринчи эле ролунда катуу сынга туш болот. «Актёрлук чеберчилик колумдан келбейт» деп ойлогон Пе көп жылдар бою киного тартылбай калат. Бирок 2002-жылы чыккан «Кыш сонатасы» тасмасы аны бүтүндөй Азияга таанымал кылды. Тасма ушунчалык таасирдүү болгонун мындан билиңиз, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүн корей киносунун толкуну каптады. Ушул тасмадан кийин Пэ өнөктөшү Чхве Жиу экөө Япон кинолоруна тартылууга да чакыруу алган.
Чыныгы жашоосунда Пэ жөнөкөй жана боорукер адам. Бир жолку Тайвандагы иш сапарында рак менен ооруган күйөрманына ооруканага чейин барып, материалдык жактан жардам берген. Жашоосундагы чоң сүйүүсү Ан Са Генг аттуу кыз болгон. Бирок белгисиз себептер менен экөө ажырашып кетишкен.

УЛУГБЕКТИН КИНОДОН КЕТКЕНИНИН СЫРЫ

УЛУГБЕК КАДЫРОВ.
Туулган жери – Ташкент шаары.
Туулган жылы – 1983-жыл.
Жылдыз белгиси – Арстан.
Фильмографиясы – «Фатима жана Зухра», «Сарвиноз», «Бакыт үчүн миллион».

Өзбек фильмин популярдуулукка жеткирген дагы бир актёр – Улугбек Кадыров. Улугбек Ташкенттеги театралдык институтту 2004-жылы бүтүргөн. Бирок анын актёрлук чеберчилиги эрте эле билинип, 2001-жылы «Аялзаты» аттуу фильмде эпизоддук ролду ойногон. Аткарган ролу башкы актёрдун ролунан мыкты чыгып, режиссёрлордун жакшы баасына ээ болот.
Өзбек киносунун жүзү болгон Улугбек 2008-жылы «M&ТVA» аттуу сыйлыктын башкы ээси болгонго жетишкен. Бул сыйлыктын даражасы чоң болгондуктан, өз ара «Өзбек Оскары»деп да атап алышкан. Улугбек 2008-жылдан бери тасмага тартыла элек. Айрым маалыматтарга караганда, ал өзбек киносунун башында тургандарга жакпай калып, эч кандай роль берилбей калган. «Актёр кино дүйнөсүнөн биротоло кетти» деген да кептер айтылууда. Кандай болгон күндө да, атактуу актёрдун башы да, жүрөгү да бош.


Кино жаңылыктары

КУРМАНЖАН ДАТКА ТУУРАЛУУ ФИЛЬМ ТАРТЫЛАТ
Жакынкы күндөрү кыргыз кинематографиясына Алай ханышасы Курманжан датка тууралуу фильм тартуу милдети жүктөлдү. Атактуу инсан тууралуу тасма тартууга өкмөт тарабынан акча бөлүнүп берилди. Алгач документалдуу фильм тартылып, анан көркөм тасма тартылмакчы. Эскерте кетсек, эгемендүүлүктү алгандан бери биринчи жолу тасма тартууга өкмөт тарабынан акча бөлүндү. Аталган тасмалардын режиссёрлору ким болору атайын комиссия мүчөлөрүнүн кеңеши менен чечилмекчи.

«ЭННИ» СЫЙЛЫГЫ КИМГЕ БЕРИЛДИ?
Лос-Анжелес шаарында анимациялык фильмдер үчүн бериле турган «Энни» сыйлыгынын 37-сыйлык тапшыруу салтанаты болуп өттү. Аталган сыйлык 1972-жылдан бери ыйгарылып келет. 2009-жылдын мыкты анимациялык фильми болуп, «Өйдөгө» мультфильми табылды. Мындан тышкары «Каролина коркунуч дүйнөсүндө», «Ханбийке бака» аттуу тасмалар үч жолу «Энни» сыйлыгына татыды.

КЭМЕРОН «ОСКАР» СЫЙЛЫГЫНАН БАШ ТАРТТЫ
«Оскар» сыйлыгына «Аватар» менен «Бороон падышасы» тасмалары ат салышып жатканын жазган элек. Режиссёр Жеймс Кэмерон өз эрки менен бул таймаштан баш тартып, экс-жубайы режиссёр Кэтрин Биглоуга жол бошоторун жарыялады. Кэмерон: «Кэтрин бул сыйлыкка көптөн бери ашык. Мен анын ийгилигине бут тоскум келбейт. Ошондуктан мен бул жылы «Оскар» сыйлыгынан баш тартам»,- деп билдирди.

АННА ДҮЙНӨ САЛДЫ
Орусиянын белгилүү актрисасы, 48 жаштагы Анна Самохина 8-февраль күнү каза болду. Дарыгерлердин айтуусунда, актриса ашказан рагынан улам дүйнө салган. Самохина өлөрүнөн төрт күн мурун эле Орусиянын Эмгек сиңирген артисти деген наамга ээ болгон. Анна Самохина «Мыйзамдагы ууру», «Дон Сезар де Базан», «Карышкырдын үйүрү», «Кара карга» жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан