Белгилүү куудулдар Бекбоевдердин үй-бүлөсүндөгү чындыктар ачыкка чыгууда. Буга чейин жубайлар Токторбек Бекбоев менен Жаңыл Бекбоеванын ажырашып кеткени тууралуу жазган элек. Жакында Жаңыл айым үй-бүлөсү кандай себептерден ураганын айтып гезиттердин бирине маек курган. «Ар бир адамдын өз чындыгы бар, мен бала катары ата-энемдин ажырашуусунун себептерин айтып берейин» деп кызы Бегимай Бекбоева бизге кайрылды.
– Бегимай, апаң Жаңыл Бекбоева атаң менен ажырашып кеткенин айтыптыр. Сен бул боюнча «өз пикиримди билдиргим келет» деп жатасың. Сенде кандай чындык бар?
– Ата-энемдин ажырашып кеткенине 5 жыл болду. Бул жылдар аралыгында эч кимге сыр билгизбей жашап жүрдүк. Башында чын эле ажырашпаса керек, убактылуу таарынышып жаткандыр деп ойлоп жүргөм. Бирок андай болгон жок. Бир жылдары атамдын агасы, анын артынан иниси удаа каза болушту. Таежелерим колунда бар адамдар, алар атамды басынтып «ушулардын өлүмү бүтпөй койду» деген сыяктуу жаман сөздөрдү айтып туруп алышты. Ошондой чоң сыноону апам да көтөрө албай, алардын сөзүнө кирип «мен өзүмчө иштейм, өз жанымды багам» деп кетип калды. Бир туугандарын жоготуп кайгы басып отурганда сиңдим экөөбүз атамдын жанында калууну туура көрдүк. Кийин апама чалып «чогуу эле иштейли» десек, «өзүм жалгыз болгон жашоону тандадым, бул менин каалоом» деп туруп алды. Бир жолу да апам кетип калганда артынан барып алып келип, өзүм элдештиргем. Экинчи ирет кеткенинде бул анын тандоосу деп түшүндүм. Апамдын кетип калышы бизге чоң сокку болду. Ошондон кийин күйөөгө чыксам балдарымды таштабайм деп өзүмө сөз бергем.
– Жаңыл Бекбоева «бардык жүктү өзүмө артып алганыма өкүнөм» дептир. Үйдө оокат-тиричилик апаңдын гана моюнунда беле?
– Апам «арабаны өзүм тартчумун, эркек эркектин, аял аялдын ишин кылыш керек» деп айткан экен. Негизи «мен» деп эле айта бербеш керек. Анткени атамдын да эмгеги чоң. Атам күчтүү өнөктөш болгону үчүн апамдын таланты ачылды. Апам «бас иштейли, ушинтип эле жата беребизби?» деди. Атам бир туугандарын жоготуп стресс болуп жүрсө кантип иштейт? Апам кеткенден кийин деле чыгармачылыгыбыз токтоп калган жок. Ортодо миллион сомго жакын карыз болуп кеткенбиз, ошонун баарынан акырындап кутулуп, бутка туруп келе жатабыз.
– Андай көп суммага кантип карыз болуп калдыңар?
– Таежелерим үйүнө бир нерсе алса апама дагы «ала бер да, кутуласың» десе эле апам дүнүйө чогулта берген. Уруштун дагы бир себеби ушул. Ошол карыздын үстөк пайызы өсүп кеткен. Аларды калтырып басып кетти. Апам кеткенден кийин атам «келбейсиңби?» деп чалып да жүрдү. Ошондогу апамдын «мага чалбагыла, мен күйөөгө тийип кеткем» деген сөзү атама катуу тийген. Бул сөздү эмне себептен айтканын билбейбиз. Ушундай нерселерге кабатырлана берип микроинфаркт да болдум. Кудайга шүгүр, сыноолор артта калып, азыр баары орду-ордуна келди. Апамды эч качан жамандагым келбейт. Азыр жанында жүргөн достору, туугандары бир нерсе болсо көп дегенде 3 күн карашар. Келечекте апамды колума алам деген ниетим бар.
– Эми апаңар менен такыр байланышты үздүңөрбү?
– Кыргызда «ата-эненин ыраазычылыгын алмайынча ишиң жүрбөйт» дейт. Жаңы жылдын астында апама чалып байланышканга аракет кылгам. Ошондо дагы бир жолу апам үчүн кыздарынан дагы достору маанилүү экенин түшүндүм.
– Сиңдиң экөөңөрдүн Токтор агай менен калганыңардан улам «өз апасы эмес окшойт» дегендер болуп жатат. Чын эле ошондойбу?
– Мен таенемдин колунда өскөм. Апам башынан эле эмнегедир мага мээрим төгүп мамиле кылган эмес. Атам да «Бегимайга өгөй кыздай мамиле кыласың» деп апамды урушуп калчу. Таенем каза болор алдында «сени багып алышкан» деп мага айткан. Атамдан сурасам каткырып «өзүбүздүн эле кызыбызсың» деп койгон. Кандай болгон күндө да апамды жакшы көрөм.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg