Атактуу спортчулар жарнамага тартылуудан тапкан кирешеден тышкары миллиондогон айлык да алышат. Бул макалада белгилүү спортчулардын чөнтөктөрүн текшерип, ким канча маяна аларын эсептейбиз.
ТАЛААДА БИР ТОП ТАЛАШКАН 22 МИЛЛИОНЕР
Эгерде спорттук жагдайды башкача өңүттөн алып карасак, футбол талаасында 22 миллионер бир топту кубалап жүрүшөт. Белгилүү футболдук клубдар футболчулары менен миллиондор менен гана эсептешет. Учурда футболчулар арасында эң көп маяна менен мадриддик «Реалдын» футболчусу Криштиану Роналду айырмаланат. Ал эми «Барселона» Лионель Мессиге андан бир миллион еврого азыраак акы төлөп келет. Салыштырсак, Кыргызстанда футболчулар айына миң доллардын тегерегинде айлык алышат.
Алдыңкы бешилтик:
КАПЧЫГЫ КАЛЫҢ БАСКЕТБОЛЧУЛАР
НБАнын (Улуттук баскетбол ассоциациясы) акыркы жылдары «Роналду – Месси» тиреши сыяктуу Коби Брайант менен Леброн Жеймс өз ара тең тайлашып келет. 37 жаштагы Брайант бул сезондун аягы менен карьерасын жыйынтыктайт. «Кара мамба» НБАда 7 жылдан бери эң көп акы алып келген. Эми бул рейтингди кийинки жылдары Жеймс алмаштырары күтүлүп жаткан иш.
Алдыңкы бешилтик:
МУЗ АЯНТЫНДАГЫ БАЙЛАР
Бул спортто Канада менен АКШнын улуттук хоккей лигасында (НХЛ) эң көп маяна төлөнөт. Хоккейде командалар оюнчулар менен көп жылдык келишим түзүү менен айырмаланат. Алсак, «Нэшвилл» командасы Ши Уэбер аттуу коргоочусу менен 14 жылга келишим түзүп, спортчу жылына 14 миллион доллар маяна алат. Олимпиада чемпиону Сидни Кросби 12 миллион доллар алса, орусиялык бомбардир Александр Овечкин 10 миллион доллар алат. Салыштырып көрсөк, Орусиянын КХЛ (континенталдык хоккей лигасы) хоккейчилеринин арасынан эң көп маяна алган Александр Пережогин жылына 100 миллион рубль (болжол менен 1 жарым миллион доллар) алат.
Алдыңкы бешилтик:
БЕЙСБОЛЧУ МИЛЛИОНЕРЛЕР
Америкада ойногон бейсболчулар дүйнөдөгү эң кымбат жана олуттуу келишимдерге ээ. MLB лигасында ойногон бейсболчулар көп жылдык келишимдерди түзүп, жумасына жүз миңдеген доллар табышат. Андыктан бейсболчу болуу да абдан кирешелүү.
Алдыңкы бешилтик:
ШУУЛДАГАН ЖАРЫШЧЫЛАР
«Формула-1» бекеринен «жарыштардын падышасы» атка конгон эмес. Ар бир жарыш спортчулардын өмүрүнө коркунуч туудурат, андыктан айлык ошого жараша төлөнөт. Кызыгы, бул рейтингдин сап башында бир нече жылдан бери Дүйнө чемпиону аталып келе жаткан британдык Льюис Хэмилтон эмес, «Ferrari» командасынын жарышчысы Себастьян Феттель турат.
Алдыңкы бешилтик:
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg