"АБАКТАН ТАПКАН МАХАБАТЫМ"

"ИНТЕРНЕТТЕН ЧЫКПАЙ КАЛГАМ"
– Жашоо кызык. Кээде оюңа келбеген кырдаалдарга туш болуп, турмушуң жарым жылга жетпей аңтар-теңтер болуп кетерин сезбей каласың. Атым Айжан, карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Башкалардай болуп түнкү клуб, отуруш-кечелерге деле барган эмесмин. Жогорку окуу жайды бүтөрүм менен базарда соода кылып, эрте бутума турдум. Артымдан тынчымды алып чуркаган жигиттер көп болбосо да, сөз айткандар болчу. Бул менин кемчилигимби же хоббимби, интернетте жигиттер менен көп жазышчумун. Сүрөтүн көрүп жакса таанышам, жакпаса "кара тизмеге" кошуп коём. Таанышкан жигиттер менен жолукчу деле эмесмин, жөн гана тамашалашып эрмектегенди жакшы көрөр элем. Акыркы учурда бул жоругум адатка айланды. Апам да «жок дегенде үйдөн интернетиңди таштачы, болбогон аки-чүкүлөр менен сүйлөшө бербей» деп көп урушчу, агам да «сен күйөөгө тие турган жигит интернетте отурбайт, убара болбо» деп тамашалачу болду. Мага кызык да, боорум эзилгенче ыкшып, интернетте жигиттер менен жазышып отура берчүмүн. Ошондой күндөрдүн биринде мага белгисиз жигит жазып калды.
– Кандайсың, Айжан? Жаңы эле бир жигиттин сүрөтүнө "класс" басыптырсың, ошону тааныйсыңбы?
– Салам! Мен "класс" баскан сүрөттөрүмдү эстеп калбайм.
– Кызык, анда эмнеге басасың?
– Сенден сурап басайынбы? Жакты, басып койдум!
– Чоң кыз, оңураңдабай эле жооп берчи, айдан түшсөң да. Сени менен таанышуу максатында жазышкан жокмун, мага ошол жигит керек болуп жатат.
– Керек болсо өзүнө жаз!
– Ну и дура!
Ушинтип жазышкандан кийин ал мени "кара тизмеге" киргизип койгон. Адатта жигиттерди "кара тизмеге" мен киргизчү элем, бул жигиттин жоругуна таң калып да, жиним келип да отурдум.

«БЕЛГИСИЗ ЖИГИТ АБАКТА ОТУРЧУ ЭКЕН»
– Арадан 1 ай өттү. Адаттагыдай эле интернетте отурсам, баягы мени "кара тизмеге" киргизген жигит кайра жаза баштады.
– Кандай, Айжан, тааныдыңбы?
– Кайсы сүрөтүңдөн тааныйын, аюунун сүрөтүнөнбү?
– Сен жөн жооп бере албайсыңбы?
– Эми "кара тизмеге" мен киргизем сени.
– Баягы күнкү сен сүрөтүнө "класс" баскан жигитти таптым. Адвокатыма чалсам өчүк болуп жаткан, ошол жигит жаңы номерин билет болуш керек дегем. Акчамды алып...
– Сөздү узартпай айтчы, сага эмне керек?
– Сени менен таанышып алсам болобу?
– Болот, бирок азыр бош эмесмин, жумушум көп.
Ошентип ал жигит менин бош убактымды 1 жумадай күтүп жүрдү. Экөөбүз тааныштык, аты Алмаз экен. Башында орой көрүнгөн Алмаз жазыша келгенде шайыр, тамашакөй, билимдүү болуп чыга келди. Менден эч нерсесин жашырган жок, 1 жылдан бери абакта отурганын айтты. Айтымында, ага "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко жабырлануучу келбей, улам жылдырылып жатыптыр. Алмаз мага күндө абактагы кызыктарды айтып берчү. Түрмө кызматкерлери каалаганда камерага кирип көзүнө көрүнгөн уюлдук телефонду алып кетишет экен. Алмаз телефонун өчүрөрдө «шмон» башталды, менттер кеткенде чалам» деп жазып жиберет. Чынында, ошол убакта анын абакта отурганы мен үчүн чоң көйгөй эмес эле. Эмне болуптур, адам баласы адашат, кайра ал кемчилигинен сабак алат деп ойлочумун. Көрсө, баары эле мендей ойлой бербейт тура.

«ТУРМУШКА ЧЫГУУМА АТА-ЭНЕМ КАРШЫ»
– Алмаз экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө 7 ай болуп калды. Башында ага боорум ооруп, аяп, моралдык колдоо көрсөтүп, «көрөсүң, баары жакшы болот, сен акталасың» деп дос катары күч-кубат берип турчумун. Ал эми азыр ага болгон жылуу сезимдерим бар. Алмаздын акыркы соту жакында эле болду. Тилекке каршы, акталган жок. Сот аны 2 жыл 2 айга кести. Бирок анын карындашы, досу, мен болуп акча чогултуп Алмазды абактан куткарып калдык. Ак жеринен соттолду, күнөөсү жок деп азыр ар бирине айтып, аны актагым келбейт, болгону ал менин көзүмдө күнөөсүз, ак көңүл, ишенчээк жан. Экөөбүз эми үйлөнөбүз деп турганда ата-энем каршы болушууда. Ушунун айынан үйдө күндө ызы-чуу, уруш-талаш. Атам «соттолгон адамга турмушка чыккандан көрө бойдок жүргөнүң артык» деп жемелөөдө. Менин сабырым канчага түтөт билбейм, бирок дагы деле көгөрүп өзүмдүн оюмда турам. Учурда ата-энемдин батасын, ыраазычылыгын алып, эч кимдин көңүлүн оорутпай сүйүктүүмө турмушка чыксам экен деген үмүт менен жашап келем.

Айжан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
33SUUN
2016-04-21 03:45:18
Суйуу маселесине соз жок ,акча менен соттон актап алдык дейби? кайра кайра окуп тушуно албадым.
0
AikaOsh
2016-04-21 08:12:40
Эже сиздида тушунсо болот, суйгон адамын абакта аны куттуп жашаганын, баарынанда чет олкодо камалган адамды кутуп жашаган эн жаманда, баарынанда ал адам уже чыгыптырго ушул эн негизгиси, бироону куттуп жашаган оор нерсе,
+1
Aytur
2016-04-21 15:35:25
Менин бир тааныш эже досум бар эле абакта отурган жигит менен 1 жыл суйлошуп турмушка чыккан,2 балалуу болуп ажырашып кетти.
Эми баары бирдей эмесго, бирок катаал таш боор болуп калышат турмодо отургандар деп коп угуп журом.
+1
Ais07
2016-04-22 08:24:14
"Бейбаштык" беренеси боюнча соттолгон болсо,ага жалган-жалаа жабылбаса,неге оз жазасын албайт? Акча берип эле чыгып кете беришеби?
+1
Ais07
2016-04-22 08:40:34
Ата-эне байкуш да жакшы болсун дешет да. Ушунча тороп,багып,остургондон кийин... Озубуз чоноюп калгандай эле,алардан акылдуу болуп келе калабыз оз билдим болуп.
+1
Rus.ruslan
2016-04-22 09:19:50
Ата-энен жаман каалабайт, баласына!
+1
nargis
2016-04-22 12:00:11
Бул бала сотко чейин абак эмес убактылуу кармоочу жай экенда менимче ар бир экинчи эркек мушташып тушсо керек бул жака .Айжан кантсе да кичине ата-энеге мункундук берип уйлонбой тургула алар да билсин кенири тааныштырыныз озунуз да баланын ата энеи менен таанышып анан чечим кабыл алыныз .
+1
nabievich
2016-04-22 15:35:41
турмодон убагы бутуп чыгып кетип жатканда зектер буйруса дагы кайра келем деп чыгат экенго
0
azimut
2016-04-22 15:47:54
мм
0
Moskva.kg
2016-04-22 18:24:56
Суйуу бугун бар эртен жок нерсе суйууго коп берилбеш керек суйуудон корком аябай
+1
tim11ai
2016-04-22 19:27:28
Тообо жашоодо эмнелер гана болбойт ээ
0
Jyrgal8
2016-04-23 01:07:56
Айжан сенин оюна мен кошулам "Аял жакшы Эр жакшы Ваазир жакшы Хан жакшы" деген макалга мен ишенем себеби менин бир байкем торт беш хотка кылып алда ошол жакта жатып тапкан суйуусуно уйлонуп азыр уч балалуу болду азыр алардын жашоосуна кеебир уйбулоо суктанарлык жашашат так что Алмазга турмушка чыгабер .....
-1
stervella415
2016-04-23 02:56:18
Baktyluu boloruna kozun jetse çyga ber,al menen sen jawaisynda
+1
chika-chika88
2016-04-25 08:53:45
Менин комент.окубайтгоо, окуса да конулда болбойт болуш керек. Айтайын дегеним Ата эненди УК!!! Алар билгенди сен билбейсин. Суйуулордун эн туруктуусу эне суйуусу гана. Башымдан коп нерсе отту,эми тушунуп жеттим, ата эне бизге куйгонунон гана бизге жакщы болушу учун гана айтат.эхх.
0
simone
2016-05-02 10:27:11
Кээде ата энен да жанылат, ошого кичине убакыт отсун,кимдин-ким экенин билесин.
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан