Гезитибиздин өткөн санында Айжамал Кабылованын маеги чыгып, анда тамада Аман Ибраевдин да ысымы аталган. Аман мырза бизге байланышып, «Айжамалдын ажырашуусуна мени көрө албагандар аралаштырып жатышат» дейт.
– Саламатсыздарбы? Мени Айжамалдын үй-бүлөсүнүн бузулушуна себепкер кылып каралап жаткандарга унчукпай коё албадым. Кенже Дүйшеева менен үй-бүлөлүк катышым бар. Ошол эже аркылуу тойлорго «АГК» тобун чакырып жүргөм. Айрымдар «Айжамалды аэропортко алып баратканын көргөнбүз» деп жатышат. Анда бир эле Айжамал эмес, Кенже, Гүлнара эжелерди тойдон кийин аэропортко узатып баргам. Андан сырткары 1 жолу үчөөнү үй-бүлөм менен ресторанга алып барып сыйлагам. Айжамал менен жалгыз калып сүйлөшкөн күн болгон эмес.
– Демек, Айжамалга «сүйөм» деп СМС жазганың да калп турбайбы?
– «Айжамал, кандайсың? Бүгүнкү тойду унутпа» деп жазышым мүмкүн. Мындай СМСти көп эле ырчыларга жазгам. Айжамалдын ажырашканына мени жөн эле байланыштырып салышты. Аны көрө элегиме 2 жарым жыл болду. Мени интернетте каралап жазган адамды укук коргоо кызматкерлерине таап бергиле деп кайрылдым. Азырынча эч кандай жыйынтык жок. Мен сүйөм деп жазсам эле ажырашып кетмек беле? Айжамал мага, мен ага СМС жазган эмеспиз. Аны сыйлайм, баалайм, бирок өздөрүнүн ортосунда болуп жаткан ызы-чуусуна мени аралаштырбай, өздөрү териштирип алышсын демекчимин.