– Мындан 2 жыл мурун Сыймык атамдыкына (ред. Бейшекеев) конок келет деп даярданып калдык. Эт бышырып, баш куйкалап, айтор, колумдан келген иштин баарын чуркап жасап жүрдүм. Башты аябай жакшы куйкалап, тазалап жууп казанга салгам. Эт тартылды, башты сыйлуу деген мейманга тарттык. Алып барганда мени башкача карап койгон. Тың бала экен деп карап койду болуш керек деген ойдо чыгып кеттим. Анан коноктор «башты ким бышырды, кирсинчи» деп калышты. Мени мактайт го деп төш кагып кирип барсам, «Азамат, жакшы бышырыптырсың! Мындан кийин жаагын ажыратып бышырып жүр» деп жатпайбы. Уялганымды айтпа, жерге кирип кетейин дегем. Андан кийин үйдөгүлөр «мейман башты жейин деп жаагын ажыратса, сен бышырган баштын оозунан чөп чыкты» деп шылдыңдап жүрүштү.