– Студент кезде курбум Айгүл (Чалова) экөөбүз кызык окуяга кабылганбыз. Айгүл Соң-Көлгө концертке куудулдар менен баратканын айтып, мени да кошуп алды. Концерт бүтүп Сары-Булак капчыгайындагы бир ашканага тамактанганы кирдик. Баары кызып калышкан, биз алардын ичкенин жактырбай, өзүбүзчө бөлүнүп башка столго барып алганбыз. Алар арак ичип, кыраан-каткы түшүп жаткандыктан бейкапар отура бериптирбиз. Бир убакта сыртка чыксак эч ким жок. Кийимдерибизди, сумкаларыбызды да ташташпаптыр. Биз талаада калганыбызга ызаланып «кайда барабыз?» деп ыйлаганыбызды көрүп ашкананын кожоюну ошол жерге жаткызып, эртең менен Кочкор районуна жеткизип койду. Менин акчам кийим салган сумкамда болчу. Дагы жакшы, Айгүлдүн сумкасында акча бар экен. Куудулдан өч алабыз деп ата-энебизге Ат-Башыда жүрөбүз деп айтып Ысык-Көлгө эс алганы кетип калганбыз. Соолуккандан кийин бизди аябай издешиптир. Кийин жолукканда кечирим сурап, буюмдарыбызды беришкен.