САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ДЕПУТАТТАН АГЕНТТИК ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ

Султан Раевдин ордуна Маданият боюнча агенттик жетекчилигине Ибрагим Жунусов дайындалды.

Курманбек Бакиевдин 9-февралдагы жарлыгы менен Ибрагим Жунусов Өкмөткө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Ибрагим Жунусов буга чейин “Ак жол” фракциясынан Жогорку Кеңеште депутаттык жүктү аркалап келген. Көрүнүктүү эстрада өкүлүнүн мындай кызматка келиши сахна ырчыларын кубантпай койгон жок. Экс-депутаттын өзү: «Мен кызматыма киришип жатып чоң убадаларды берүүдөн алысмын. Баарын аткарган ишим менен көрсөтмөкчүмүн»,- деп билдирди.


КЫРГЫЗСТАНДА ЕВРОБИРИМДИКТИН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ АЧЫЛДЫ

Евробиримдиктин өкүлчүлүгү буга чейин Казакстанда иштеп келген. Эми мындай өкүлчүлүк Кыргызстанда да ачылды.

10-февралда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шанталь Эбберехт президент Курманбек Бакиевге ишеним грамотасын тапшырды. Шанталь айым Евробиримдиктин Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу аталган уюмдун 27 мүчөсүнүн жалпы чечими болгондугун билдирди. Ал ошондой эле: “Бул өкүлчүлүк саясий гана максаттарды көздөйт жана виза берүү иштери менен алектенбейт”,– деп баса белгиледи.


ДЫЙКАНДАРГА КҮРӨӨСҮЗ НАСЫЯ БЕРИЛЕТ

8-февралда айыл чарба өндүрүшчүлөрүн каржылоо боюнча насыя берүүчү компаниянын тушоо кесүүсү болду. Эми дыйкандарга 120 миң сомго чейинки күрөөсүз насыялар берилет.

Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев төрагалык кылган кеңешмеге бардык облус губернаторлору катышты. “1-февралда Өнүктүрүү фондун кредиттөөчү компания тандалды. Ушул жумадан арыздар кабыл алына баштайт. 15-февралдан тарта Азия Универсал Банкынын филиалдары аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында кредиттерди берүүнү баштайбыз. Азыркы учурдагы эң башкы милдеттердин бири – фермерлерге жана дыйкандарга жазгы талаа жумуштары башталганга чейин акча каражатын берүү”,- деди М.Бакиев. Анын айтымында, 2010-жылы насыя берүүчү компаниялар аркылуу айыл чарбасына 1 миллиард сом бөлүү каралууда. Кредиттер жеңилдетилген шартта берилип, максималдуу төлөм 23 пайызды түзмөкчү.


КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨЗБЕКСТАНГА КАРЫЗЫ 4,5 МИЛЛИОН ДОЛЛАР

ЖКнын “Ак жол” фракциясынын 10-февралдагы жыйынында Кыргызстандын Өзбекстан газына болгон карызынын суммасы такталды.

Ушул тапта «Кыргызгаздын» Өзбекстанга 4,5 миллион доллар карызы бар. Ошону менен бирге техникалык жактан газ жоготуусу 2009-жылдын аягында 31 пайыз болсо, 2010-жылдын январында 21 пайызды түзгөн. Карыздар төлөнүп бүткөндө гана газ берүү көлөмү кайрадан калыбына келтирилмекчи.
Белгилүү болгондой, өткөн жумада Кыргызстандын түштүк аймактарына газды берүү 50 пайызга кыскарган.


СУУК ДАГЫ КАНЧАГА СОЗУЛАТ?

Кыргызстанда калың жааган кардан улам бардык аймактарда суук катуу болууда. Мындай аба ырайы өлкөнүн аймактарында дагы бир нече күнгө созулары айтылууда.

Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинен билдиришти. “12-13-февралда республиканын тоолуу райондорунда калың кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн аба ырайы -17 градуска чейин төмөндөп, күндүз абанын температурасы -5ке чейин суук болот”,- деп билдиришет синоптиктер.
Ошондой эле ӨКМ калың кардан улам тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкүсү күтүлгөнүн эскертет.


ПРЕЗИДЕНТТИК КЕҢЕШМЕ АЛГАЧКЫ ОТУРУМУНА ЧОГУЛДУ

9-февралда өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин жетекчилиги астында Президенттик кеңешме жыйын курду.

Кеңешменин күн тартибинде мамлекеттик башкаруу реформасын ишке ашыруудагы отчёту угулду. Өз сөзүндө: “Кыска мөөнөттүн ичинде биз мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү абалды башка нукка бурууга жетиштик. Тилекке каршы, айрым чиновниктер дале болсо реформанын эмне максатта жасалып жатканын түшүнбөй жатышат. Жаңыланууну каалабагандар азыр деле бар. Бирок биз алдыга кадам таштап, жаңыланууну ишке ашыра беребиз”,- деди К.Бакиев. Ал ошондой эле тиешелүү органдарга Ош шаарынын жаңылануу долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.


ЖЕКШЕНКУЛОВ ДАЛЕ СУРАКТА

Мурдагы Тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго каршы 2008-жылы декабрь айында кылмыш иши козголгон. Сот иши дале каралып бүтө элек.

Экс-министрдин ишин Бишкектеги 1-Май райондук соту карап жатат. Кылмыш козголгон күндөн бери бир жылдан ашуун убакыт өтсө да, А.Жекшенкуловдун соту бүтпөй келет. 9-февралда кайрадан карала турган сот отуруму адвокатынын келбей калгандыгына байланыштуу 12-февралга жылдырылган. Айыпталуучуга 2 күнөө коюлууда. Биринчиси, “Кызматта турганда Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоодо “Кытай грантын” максатсыз жумшаган”. Экинчиси “Оор кылмышка тиешеси бар ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн. Ал курал менен түрк ишкери Четин Сервет атып өлтүрүлгөн” деген айып (бул Макаров тапанчасын кезинде Жекшенкуловго өкмөт жетекчиси Николай Танаев белекке берген). Юрист, адвокаттардын айтымында, жакын арада Аликбек мырзага козголгон кылмыш иштердин сурагы аягына жетип, соттун өкүмү чыгат.


РЕКОРДДУК ӨЛЧӨМДӨ ЭКСТРЕМИСТТИК АДАБИЯТТАР ТАБЫЛДЫ

Аптанын башында буга чейин болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү экстремисттик адабияттар шектүү жарандардан алынды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында буга чейин өлкөбүздүн тарыхында мындай окуя болгон эмес. Адабияттарды Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери Москва көчөсүндө жайгашкан гараждардын биринен табышкан. Кеп “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик агымдын 7,5 миңден ашуун үгүт материалдары (2 миңдей брошюра, 2 миңдей компакт-диск, 2,5 миң китеп жана 1200 баракчалар) жөнүндө болуп жатат.


Эл аралык кабарлар

ПЛАНЕТАДАГЫ ЭҢ БАЙ АДАМДАР КИМДЕР?

Американын “Forbes” журналынын маалыматына караганда, америкалык ишкер Уоррен Баффетт 62 миллиард доллар акчасы менен учурда планетанын эң бай адамы болуп саналат.

Мексикалык Карлос Слима 60 миллиард доллар менен экинчи орунга чыкса, Билл Гейтс 58 миллиард доллар менен 3-орунга түшүп калган. Ал эми 4-орунда теги индиялык Лакшми Миттал 45 миллиард доллары менен турат. Ошондой эле дүйнөнүн эң бай 10 адамынын катарында тогузунчу тепкичти ээлеп, “Базовый элемент” холдингинин башчысы орусиялык Олег Дерипаска 28 миллиард доллары менен кошулган.


ЯНУКОВИЧ – УКРАИНАНЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ

7-февралда өткөн Украинадагы президенттик шайлоодо Виктор Янукович жеңүүчү аталды. Ал башкы атаандашы Юлия Тимошенкону 3 пайызга артта калтырган.

Жыйынтыгында президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Виктор Янукович 48,95 пайыз, ал эми Юлия Тимошенко 45,47 пайыз добушка ээ болушкан. Эл аралык байкоочулардын пикиринде, шайлоо таза өтүп, анын жыйынтыгы легитимдүү болду. Виктор Янукович өзүн жеңүүчү деп жарыялап, Юлия Тимошенкону жеңилгендигин моюнга алууга чакырды. Бирок Ю.Тимошенко 3 күндөн бери атаандашын куттуктоодон баш тартып, “шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды” деп, сотко доо арыз берүү ниетинде.


МОНГОЛИЯ КАТУУ СУУКТАН ЖАПА ЧЕГҮҮДӨ

Кардын калың жаашынан жана 50 градуска чейинки сууктан улам Монголия эли жапа чегүүдө.

Маалыматка караганда, эки миллионго жакын мал тоңуп өлгөн. Сууктан 20 миңге жакын үй-бүлө жабыр тартты. 50дөн ашык айылдын эли араң жашап жатат. Бириккен Улуттар Уюму эл аралык коомчулукка дары-дармек, тамак-аш, алтургай чөп түрүндө да Монголияга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.


АКШнын КАРЫЗЫ КАНЧА?

Жалпы карыздарды эсептей келгенде АКШнын ар бир атуулу чет элдик инвесторлорго 46 миң доллардан карыз. Бүгүнкү күндө АКШнын тышкы карызы 14,3 триллион долларга жетти.

Буларга карабай АКШ Конгресси чет элдик инвестициялардын суммасын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алды. АКШ өкмөтү 2010-жылы ИДП (Ички дүң продукциясы) 2,7 пайызга жогоруларын, ал эми 2011-жылы бул көрсөткүч 3,8 пайызга өсөрүн божомолдоодо. Жакынкы эки жылда бюджеттин таңсыктыгы 3 триллион долларды түзмөкчү.

Айбек Кочкоров, Амантур Султанкулов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aladinali
2010-02-18 19:23:09
Султан Раевдин ордуна Маданият боюнча агенттик жетекчилигине Ибрагим Жунусов дайындалды.


позор эми ушу уятта!!! Андан коро Султан Раев эле жакшы болчу.
же болбосо Муратбек Бегалиевди коюшса болмок, эми Кыргызсанда хаус башталат го....
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан