Өзүнө ишенген, ай чырайлуу бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!
Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.
АЛИЯ ШАЙЫРБЕКОВА
Жашы – 18
Параметри – 80-60-90
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Алия: «СЫНАК ИЙГИЛИКТЕРГЕ ЖОЛ АЧАРЫНА ИШЕНЕМ»
– Алия, кайсы жерде төрөлүп өскөнсүң?
– Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында төрөлгөм, мектепти да ошол жактан аяктагам. Учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада-вокал бөлүмүндө 3-курста окуйм. Келечекте татыктуу ырчы болгум келет. Фортепианодо ойнойм, гитара чертүүнү өздөштүрүп жатам.
– Келечектеги ырчы кандай максатта сулуулар сынагына катышып жатат?
– Чоң сахнага чыгып өзүмдү сынап, көрсөткүм келди. Моделдик кесипке да кичинемден кызыгам. Профессионалдык фотосессияларга катышып, камеранын алдында иштегим келет. Бул сынак максаттарыма жеткирүүчү ийгиликтерге жол ачып берет деп ишенем.
АЗИЗА БАКИРДИНОВА
Жашы – 20
Параметри – 92-62-89
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 47 килограмм
Азиза: «КӨПТӨН БЕРИ СЫНАККА КАТЫШУУНУ КЫЯЛДАНЫП КЕЛГЕМ»
– Азиза, буга чейин сулуулар сынагына катышып көрдүң беле?
– Жок, биринчи жолу катышып жатам. Бул сынакка катышууну көптөн бери күтүп келгем. Буга чейин жашым жетпегендиктен «батыраак чоңоё калып катышсам» деп кыялданчумун. 18ге чыктым, эми катышам деген жылы сынак өткөрүлбөй калып капа болгом. Эми сынак кайрадан старт алып, кыялым ишке ашканына сүйүнүп жатам. Сынакка катышкандардын көбү «эң башкысы катышуу» деп коюшат го, мен болсо жеңгим келет.
– Окуйсуңбу же иштейсиңби?
– Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун геологиялык чалгындоо факультетинде 3-курста окуйм. Буюрса, пайдалуу кендерди таап, өз кесибим боюнча иштеп геолог болом.