MEGACOM АБОНЕНТТЕРИНИН КЫЗМАТЫНДА 10 ЖЫЛ

Уюлдук телефонубуз аркылуу чалганда кандайдыр бир кырдаал жаралып калса же жаңы тарифтик пландар тууралуу маалымат алгыбыз келсе дароо *500 номерине чалабыз. Кандай маанайда чалбайлы сылык-сыпаа, назик үн менен жооп берген адистер бизге жол көрсөтүп, жардам бергенге аракет кылышат. Мына ушул *500 деген ат менен белгилүү кардарларды тейлөө кызматы ушул тапта өзүнүн 10 жылдыгын белгилеп жаткан чагы. 24 саат бою жардамга келүүчү бул бөлүмдө эмгектенген кызматкерлер ары татаал, ары кызыктуу окуяларын эстеп өтүштү.
Расмий түрдө МegaCom уюлдук оператору 2006-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Ошол эле жылы 17-апрелде MegaCom’дун Call-борборуна биринчи коңгуроо келип түшкөн. Ал учурда компаниянын абоненттик базасын болгону 7 гана оператор тейлеп турчу. Жаңы тарифтик пландардын, кызматтардын жана опциялардын киргизилиши операторлордун көбөйүшүнө дагы шарт түзүп, бүгүнкү күндө 300гө жакын оператор эмгектенет. Учурда кардарларды тейлөө борборунун ар бир адиси күнүнө 300гө чейин коңгуроону кабыл алганга мүмкүнчүлүгү бар.
2015-жылда жүргүзүлгөн иликтөөгө таянсак, MegaCom’дун абоненттеринин 95 пайызы тейлөө сапатын жогору баалаган. Кардарларды колдоо кызматынын (ККК) адиси эң негизгиси сабаттуу, эмгекчил, тартиптүү жана кандай гана кырдаал болбосун жагымдуу үн ээси, эң башкысы стресске чыдамкай болуусу керек.
Кардарларды колдоо кызматы улам эффективдүүлүгүн өстүрүп, заманбап ыкмаларды киргизип келаткан компаниянын эң ири бөлүмдөрүнүн бири. Биз ошол *500 номерине жооп берген сылык-сыпаа, жагымдуу сүйлөгөн адистер ким болду экен деп кызыгып, айрымдары менен маектешип келдик. "*500гө чалып көпкө күтөбүз" дегендер бар, жерине барып кеңеш алуу үчүн линияда кеминде ар бир адисти 10-20 абонент күтүп тургандыгына күбө болдук. Айрым абоненттер кеңеш алганына ыраазы болуп рахматын айтса, жинин чыгарып кагып-силккендери да жок эмес. Ошого карабай өз ишин сүйүп иштеген адистер ишинин жагымдуу экенин белгилешти.

МАХАБАТ КАРТАҢБАЕВА, ККК АДИСИ:
– Менин жумушумдагы эң жагымдуу учур – жамаатыбыздын ынтымактуулугу. Кесиптештер бири-бирине дем берип, ар дайым колдоп, алдыга сүрөп турушат.
Эң оор жери – абдан чоң көлөмдөгү маалыматты эсиңе тутуп калуу. Бизге ар түрдүү суроолорду беришет. Ар бирине жооп кылып, абонентке жардам берүү биздин милдетибиз. Абоненттерибиз биздин кызматтарга тиешеси болбогон суроолорду берген учурлар да арбын.
Бир жолу бир чабан чалды. Ал өзүнүн алыскы тоодо жүргөнүн, зериккенинен эмне кыларын билбей жатканын айтты. Жакындарына чалууга балансында бирдиги жетишсиз экендигин, ал кардарларды колдоо кызматына чалуу акысыз болгондуктан жөн гана биз менен сүйлөшкүсү келгенин билдирди. Аягында ыр ырдап да берди.

ЕЛЕНА ФИСЕНКО, ККК АДИСИ:
– Эң жагымдуусу – сенин аткарган жумушуңдун башкалар үчүн пайдалуу экендигин түшүнүү.
Кээде абоненттер көйгөйлөрүн чечүүдө суроолорун так бере албаган учурлар кездешет. Чалып жаткан абонент кайсы суроону тактагысы келгендигин билүү үчүн кошумча суроолорду бере баштайсың. Бул болсо бир топ убактыңды алат.
Бир абонент биздин кызматтын адисине чалып, мени менен байланыштырууну суранган учур болгон. Анын арзып жүрүп жетпей калган сүйүктүүсүнүн ысымы дагы Лена экендигин жана ага менин үнүм жагып калгандыгын айткан эле.

Кахрамон Искандаров, ККК адиси:
– Эң жагымдуусу – абоненттин түшүнбөгөнүн түшүндүрүп, ага жардам бере алганың. Дайыма мыкты иштөөгө шыктандырып турган жетекчилерибиз жана жамаатыбыз.
Эң кыйыны – чоң апалар чалган учурда интернет деген эмне экендигин жана 3G менен 4G интернетинин айырмасын түшүндүрүп берүү.
Бир жолу бир байке чалып, суроосуна жооп берсем түшүнбөй, телефонун аялына берди. Мен ал эжеге түшүндүрдүм. Ал да түшүнбөй, телефонун кызына берди. Мен кызына түшүндүрө баштадым. Аягында чалган байке чыдабай кетти көрүнөт: «Сен адабий сөздөр менен сүйлөп жатасың. Биз жөнөкөй адамдарбыз. Бизге жеткиликтүү кылып айтып берчи»,- десе болобу. Мен анын суроосуна колдон келишинче жөнөкөй тил менен жооп бердим.

Алина Аманова, *800Expert багытындагы адис:
– Эң жагымдуусу – өзүң үчүн да жаңы болгон маалыматтарды билүү, кесипкөйлүк сапаттарыңды өстүрүү.
Эң кыйыны – кийинки суроо кандай болорун жана ага кандай жооп берүү керектигин алдын ала билбей тургандыгың.
Жакында эле бир абонент чалып, «Тандыр Пабдын» жайгашкан жери тууралуу маалыматты тактап берүүнү өтүндү. Биз ал жөнүндө маалыматтар базасынан таппай, аталышын тактап берүүнү сурандык. Бирок абонент «Тандыр Паб» деп ишенимдүү түрдө айтып жатты. Качан гана биз «балким, «Блондер Паб» тууралуу айтып жүрбөңүз?» десек абонент аталышын жаңылыш айтып жаткандыгын түшүндү.

Саид Мадыханов, «Маркетингдик изилдөөлөр» багытынын адиси:
– Эң жагымдуусу – абоненттердин ыраазычылыгына арзыган учур. Өзгөчө улуу адамдар ыраазычылык билдирип, бата бергенде абдан жагымдуу болот.
Ал эми мен үчүн эң кыйыны – кечке чейин бир орундан жылбай отура берүү. Биздин жумушубуздун өзгөчөлүгүнө жараша телефондун жана компьютердин жанында болушуң керек.
Бир жолу бир байке чалып, кайсы бир жагымдуу окуяны белгилеп жатышкандыгын жана ошого байланыштуу досторуна тост айтып коюуну суранды. Мен маалымат гана бере ала тургандыгыбызды жана чектен чыгууга укугубуз жок экендигин түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бирок ал дагы айтканынан кайтпай туруп алса болобу. Ушул учурда «анда эмесе, ден соолук үчүн!» деп айткандан башка аргам жок эле. Менин сөздөрүмдөн кийин бокалдар кагылышып, каалоолор жана ыраазычылык билдирген сөздөр жаңырып жатты.
MegaCom кардарларды колдоо кызматы *500 – суткасына 24 саат бою кесипкөй кеп-кеңеш жана жардам.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2016-04-25 13:06:36
Азаматсынар ар дайым элге кызмат кылып журо бергиле.
+1
meerimbek.zhoroev
2016-04-26 15:44:47
"Өзгөчө улуу адамдар ыраазычылык билдирип, бата бергенде абдан жагымдуу болот"
0
Diana92kg
2016-04-27 21:30:38
мен чалсам дайыма эл грубо мамиле кылышат негизичи, жооп бергиси келбей, суроонду толук укпай эле шаша беришет. Бир куну симканы восстановление кылганы барсам, нагло компьютерди карап отурушат.
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан