ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ. Бул ыкмага ишенүүгө болобу?

Мезгил үнү

"Айылда жумуш жок" деп элет жаштары борборду көздөй агылганы-агылган. Жумуш таап күнүмдүк турмушун эптеп кеткени менен, көбүнүн үстүндө үйү жок. Мындайда ипотекалык насыя аркылуу үй алып, үйдүн акчасын бөлүп төлөө чынында ыңгайлуу.

Ипотекалык насыя тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Баш­кы курулуш башкармалыгынын Үлүштүк курулуш жана насыялоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Курманалиев төмөндөгүлөрдү айтып берди.

«ПАЙЫЗЫ ЖОК ҮЙ КУРУУДАБЫЗ»
– Ипотекалык насыя боюнча 2008-жылдын ноябрь айында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жобо кабыл алышкан. Аткаруучу Бишкек мэриясынын Башкы курулуш башкармалыгы болгон. Жобонун негизинде 54 квартиралуу көп кабаттуу эки үй бир жылдын ичинде тургузулуп, ээлерине тапшырылды. Учурда дагы 5 үй салынууда.
– 2010-жылдын эсебинен да үй курулабы?
– Ушул жылдын эсебинен, буюрса, эки үй баштоо алдында турабыз. Жогоруда айтып өткөн 7 үй Жал кичирайонуна курулган. Ал эми 2010-жылы салынуучу үйлөр кайда салынары азырынча белгисиз.
– Каалаган эле адам үйлүү боло алабы?
Үй алуучу адам, биринчиден, мамлекеттик ишканаларда иштөөсү, үйү жок болуусу зарыл. Ушуларды тастыктаган маалымдамалардан сырткары да бир нече документ чогултулушу кажет.
– Үйдүн курулушуна кеткен каражаттан сырткары да пайыз акча төлөнөбү?
– Үйү жоктор көп экенин эске алуу менен шаардык бийлик жардам болсун деп пайыз кошууну туура көргөн жок.
– Буга чейин ушундай программа менен курулуш иштерин баштап, бирок аягына чыгара албай калган компаниялар болгонун билебиз...
– Бизде андай маселе жаралышы мүмкүн эмес. Анткени бул долбоор белгилүү банктардын биринин колдоосунда.
– Акчанын биринчи бөлүгүн төлөп бергенден кийин калганын төлөй албай калса эмне болот?
– Анда арыз жазылып, жыйынтыгында төлөнгөн акча кайрадан ээсине кайтарылып берилет. Же ал адам өз укуктарын жакындарына өткөрүп берип, үйдүн ээси кылып каттатса болот.
– Рахмат, маегиңизге.

Ипотекалык насыя болбосо деле жаңы үйлөрдүн курулуп жатканы жакшы. Бирок такшалган куруучулардын “азыркы үйлөр эптеп эле курулууда” деп кейигендери ойлонтпой койбойт. Ошондон улам Мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Төлөбай Кеңешовду кепке тарттык.

«СОВЕТ УБАГЫНДА КУРУЛГАН ҮЙЛӨР БЕКЕМ»
– "Совет убагында салынган үйлөр менен азыркылардын айырмасы асман менен жердей" деген сөзгө оюңуз кандай?
– Албетте, Союз убагында курулган үйлөр бекем. Анткени ал кезде курулуш уюмдарынын баары мамлекеттик болуп, катуу көзөмөлгө алынчу. Азыр өзүңөр билгендей, жеке менчик курулуш компаниялары көбөйдү.
– Үй куруу үчүн алгач эмне кылуу керек?
– Чоң имаратпы, төрт бөлмөлүү үйбү курулуш баштоодон мурун алгач жерди изилдеп чыгыш керек. Балким, ал жер саздак же бир аз тереңдиктен кийин эле суу чыгат. Архитектор курулуштун ээсине жердин шартын түшүндүргөн соң суу, газ, жылуулук кайдан кирерин карап чыгуу зарыл. Анан жогорудагы шарттарга карата долбоор чийилип, курулуш материалдары алынуусу кажет. Куруу иштерине долбоордун авторлору, ишкана жетекчилери көз салууга тийиш.
– Үлүш жер алган соң кожоюндар долбоору жок эле ал гана эмес, жерди текшертпей өздөрү курулуш баштап жатышпайбы...
– Негизи, мамлекет акча-тыйын­дын жоктугунан улам жарандарга үйлөрдү өз алдынча куруп алууларына уруксат берген. Эгерде арматура коюлбай, атайын бетондон жасалган конструкциялар пайдаланылбаса, анда үйлөр аз баллдык эле жер титирөөгө туруштук бере албайт.
– Канткенде бекем үй салынат?
– Курулуш жүргүзүүдө 10 же 20 эмес, 438 нормативдик документтерге таянуу керек. Өз алдынча там салардан мурун архитекторго үйдүн долбоорун чийдирип, коопсуздук эрежелерин да эстен чыгарбоо зарыл.
– Үй салам дегендерге жол көр­сөт­көнүңүз үчүн рахмат.

Жок дегенде эки бөлмөлүү кичине үй салып алалы деп шашканыбыз менен, ага деле олуттуу мамиле керек экенин макаладан баамдасаңыз керек. Ошондуктан "үңкүр да болсо үйүм бар" деп машырлангандан мурун бекемдигин да ойлоону унутпайлы.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ҮЙҮҢҮЗ БАРБЫ?

Саламат,
20 жашта, студент;
– Өз үйүм бар. Бирок азыр айылдан шаарга көчүп келгендердин эсебинен батирден-батирге көчүп кыйналгандардын саны көбөйдү. Катардагы кызматкерлер да сатып ала тургандай мамлекеттик программалар иштелип, үйлөр салынса жакшы болмок деп ойлоп кетем.

Жыпариса,
53 жашта, сатуучу;
– Бала-чакам менен батирде турам. Күндүн ысык-суугуна карабай майда-чүйдө сатып, батирдин акчасын чогултууга аракет кылам. Батирдин акчасын өз убагында берүү керек. Анан айла жок ичкен-жегениңди кыскартасың. Чынын айтсам, азырынча үй алууга шартым жок. Балдарымдан үмүт кылып жашап келем.

Абай,
32 жашта, экономист;
– Азырынча жеке менчик үйүм жок. Батирде турам. Чынын айтсам, алган маянамдын көбү эле батирдин акысына кетип калат. Үй алайын десең тим эле кымбат. Азыр шаарда канчалаган курулуштар жүрүп жатат. Бирок көбү эле чет элдик ишкерлердики экен. Анан, албетте, алар өз каалаган бааларын коюшат.

Раушан,
22 жашта, үй кожойкеси;
– Айылда чоң үйүбүз бар. Бишкекте батирде турабыз. Батирдин да баасы кымбаттап эле баратат. Бул маселе бир гана мени эмес, көпчүлүк адамдарды кооптондурат. Көп эле тааныштарымдан арзан батир таппай кыйналгандарын угуп калам.“Үңкүр да болсо үйүм бар” деген кептин баркын эми даана сезип жатабыз.

Абдыкерим,
48 жашта, мугалим;
– 11 жылдан бери борборубуздагы ЖОЖдордун биринде мугалим болуп иштейм. Мына ошол окуу жайдын жатаканасынын бир бөлмөсүндө турам. Эми кыйынчылыктар болбой койбойт. Ошентсе да “Сабырдын түбү сары алтын” демекчи, алдыда үйүмдү кеңейтип же жер тилкесин сатып алсам деген максатым бар.

Сагида,
19 жашта, студент;
– Ата-энемдин үйүндө турам. Келечекте өзүм каалагандай үйдү салдырып алам деген тилектерим бар. Менин оюмча, ар бир атуул 18 жашка чыккандан кийин өзүнчө үй куруу тууралуу ойлоно башташы керек. 40-50 жашка чыкканча ата-энесинин моюнунда отургандар көп эле болуп жатпайбы. Аракет кылса берекет да.

Сүйүнбек,
28 жашта, жеке ишкер;
– Бишкекте жашагандардын үчтөн бири эле мага окшоп батирде жашашат. Ал эми арзаныраагын издеп улам көчүп жүргөндөр канча? Анан да Бишкектин тегерегине жапырайган тамдарды салдыра бербей, көп кабаттуу үйлөр салынса.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
золотишка
2010-02-16 17:45:27
Мен да батирде жашайм. Гос жумушта иштейм. Жети жылдан бери акчамдын баары эле батирге кетет. Ошол аябай окунучтуу
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан