ТАШТАНДЫЛАРДАН АРЫЛАР КҮН БОЛОБУ?

Барган сайын калк отурукташкан аймактар көбөйүп, ошондуктан таштанды таштоочу жайлардын саны да өсүүдө. Буларды жөндөөгө жетиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн жарандар тийиштүү кызматтарды күнөөлөйт. Ал эми алар каражаттын тартыштыгын жана таштандыны челектин жанына ыргыткан айрым маданиятсыздарды бетке кармап келишет. Кыскасы, ар бир тараптын өз чындыгы бар. Бирок убакыт болсо өтүүдө, таштандылар үйүлүүдө. Тоң эриген сайын мындай жайлардын «аңкыган атыр жыты» мурунду өрдөй баштаган кез...


ӨЛКӨДӨ КАНЧА ТАШТАНДЫ ЖАЙЫ БАР?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын берген маалыматына караганда өлкө боюнча 323 катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жай бар. Өкүндүргөнү, алардын ичинен болгону 61и гана мамлекет тарабынан санкцияланган. Ал эми калган полигондордун эч кандай тийиштүү уруксаттамалары жок. Башкача айтканда, жергиликтүү бийлик өзүм билемдикке салып, көрүнгөн жерди таштанды жайга айлантып алышкан.
Алсак, көл жээгиндеги Бостери айылында 2003-жылы ачылган калдык таштоочу жай тийиштүү документи жок пайдаланууга берилген. 4 гектар аянтты ээлеген бул аймакка жакын жайгашып, калдыктарга чулганып калган 183 үйдүн жана 11 кашардын тургундары ал жерди жаптыра албай келишет. Конституциялык укугун коргогон жарандар жергиликтүү бийликтин мыйзамсыз ишине арызданып барбаган жери калган эмес. Акыры чыдамы кеткен активисттер маселе боюнча ММКлар аркылуу маалымдап, президентке чейин кайрылышкан. Өкмөт тарабынан комиссия түзүлүп, алар калдык таштоочу жайдагы экологиялык абалды иликтөө боюнча тийиштүү тараптарга тапшырма берген.
Бүгүнкү күндө ал аянт жабылганын маалымдаган өкмөткө караштуу инспекциянын Экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Элдияр Шерипов: «Аталган айылдын аймагындагы тиричилик калдык жайында рекультивация иштери жүргүзүлүүдө. Бирок жергиликтүү жарандар аны 5 чакырым алыстыкка жылдырууну суранышууда. Ал болсо биздин компетенцияга кирбейт. Анткени жердин ээси айыл өкмөт болгондуктан калдык таштоочу жайга аянт бөлүүнү ошолор чечет»,- дейт.
Ал эми атал­ган аймактын жашоочусу Юлия Барабина бүгүнкү күндө абал ошол эле бойдон экенин жана айыл өкмөт ал жайды жабуунун ордуна аны мыйзамдаштырууга жандалбастап жатканын айтат. «Мына, менин үйүм менен калдык таштоочу жайдын аралыгы болгону 250 метр, рекультивация деген таштандыны көмүп коюу эмес да» деген ал: «Өткөн жылы ноябрда комиссия бул жайда экологиялык иликтөө жүргүзүп, 2016-жылдын 20-февралына чейин талапка ылайык иретке келтирүүнү тапшырган. Бирок анын бири да аткарылган жок. Айланасы тосулбай ачык жатат, таштандыларды көмүмүш болуп коюшту. Тоо этегиндеги таштанды ошол бойдон эле турат. Аймактагы фермерлер калдык жайын мыйзамдаштырууну эмес, бизден алыс жайгаштырууну талап кылганбыз. Алсак, Казакстан менен Орусияда калдык жайы калктуу пункттан 5 чакырым алыс турат экен. А бизде айдоо аянттарыбыз бул жайдын түбүндө. 2 чакырым арыраак Бостери айылы жайгашкан. Бул өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугуна кедергисин тийгизери бышык. ЕАЭБге кирдик, эгер андагы өлкөлөр таштандынын жанындагы бакчаларда өскөн мөмө-жемиштерди жана жайыттагы малдын этин билип калышса сатып алышат деп ойлойсузбу?»- деп агынан жарылды.

«БИР ДА ПОЛИГОН ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРБЕЙТ»
Талапка ылайык, таштанды жайын курууга бөлүнгөн аймакты алгач тийиштүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия карап чыгат. Ал калк жашаган аймактан кем дегенде миң метр алыс жана жанында суу, токой болбошу керек. Буга улай айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири канчалык деңгээлде болору аныкталуусу зарыл. Андан соң долбоор иштелип чыгып, анда эмнелер камтыларын ЭЛДИЯР мырза төмөнкүчө түшүндүрдү
:
– Кыскача айтканда, эң оболу аймактын тегереги толугу менен тосулуп, калдыктардын өлчөмүн каттап турууга тараза орнотуу абзел. Өлгөн жапайы жана үй жандыктарын көмүүчү бетондолгон өзүнчө чуңкурлар каралып, алардын баарын кайтарууга алган кароолчу, санитардык жагынан көзөмөлдөгөн адистер болушу керек. Ошондой эле долбоордун талабында калдыктарды өрттөөгө жол бербей, бөлүштүрүү иши жүргүзүлүп, убагы келгенде рекультивация кылууга эсеп ачуу каралган.
Бөлүм башчынын айтымында, өлкө аймагындагы тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жогорудагы 323 объектинин ичинен бири да бардык талапка жооп бербейт. Алсак, борбор калаанын башкы көйгөйүнө айланган шаар четиндеги калдык жайы өз мөөнөтүн эбак эле өтөп бүткөн. Ал 1979-жылы пайдаланууга берилип, 3 миллион куб метр таштанды жайгаштырууга эсептелсе, бүгүнкү күндө 28 миллион куб метрден ашык таштанды топтолгон. Шаар тургундарынан жана ишканалардан чыккан калдыктар мерчемделген баштапкы 12 гектар аянтты 32 гектарга чейин кеңейткен.
Аталган жайдын көйгөйүн чечүү үчүн өткөн жылы Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 22 миллион евро бөлгөнүн шаардык бийлик жар салган. Анда каражат эски жайды жаап, жаңысын ачууга жана калдык бөлүштүрүүчү завод курууга жумшалары маалымдалып, ишти баштоо 2016-жылдын жайына белгиленген. Эми айтылган убадалар аткарылса деп тилек кылып, эски тамынын ордуна жаңысын салып жаткан Мирлан Субановдун жер тилкеси полигонго 100 метрче гана жетпейт. Арзанына карап 2007-жылы сатып алып, эки жылча жашаган соң салган үйүн бекитип, батирлеп жүрүп быйыл кайра келгенин айткан ал: «Арзанына карап жер десе баса калып сатып алганбыз да. Башкасын алалы десек кымбат. Аргасыз жашап жатабыз. Полигон жайы-кышы өрттөнүп, анын түтүнү тегерек-четтеги айылдарды бүт каптап, шаардын төмөнкү бөлүгүнө чейин жетет. Биз жакын жайгашкандыктан түтүнгө ышталып, башыбыз ооруйт. Эч нерсеге көңүл чаппай, мас же соо эмес кишидей дендароо болуп жүрө бересиң. Көйгөйдү эртерээк чечип беришсе жакшы болор эле»,-дейт.


КУБАНДЫРГАНЫ – БИЗДЕ ДА ТАЛАПТАГЫДАЙ ПОЛИГОНДОР БАР ЭКЕН…
Көкөйгө көк талкандай тийген өлкөдөгү таштанды маселесин жөндөө мамлекеттик мекемелердин кыялында жашап жатса, бул жаатта «Кумтөр» бир катар долбоорлорду иш жүзүнө ашырып жатканы маалым. Атап айтсак, өзгөчө долбоордун негизинде курулган эки жаңы полигон былтыр ишке берилген. Курулушуна 700 миң доллар сарпталган бул жайлардын артыкчылыгы эмнеде экенин билүү максатында жакында кенге барып кайттык.
Кыргызстандагы эң ири кен ишканасында 2900дөн ашык адам эмгектенип, күнүмдүк өндүрүш иштеринин көлөмү да арбын. Мындан улам чыккан таштандылар да тоодой болсо керек деп элестетесиң. Анткени Бишкектеги таштанды таштоочу жайдагы абал болсо тигил. Бирок кендеги көрүнүш такыр башкача экен. Төгүлгөн калдыктарды бульдозер тебелеп тегиздеп жүрөт. Ал бүткөн соң үстүнө топурак ташталып жатты. Бул ыкма атмосфераны таза кармоого багытталганы түшүнүктүү. Компаниянын экологияны коргоо бөлүмүнүн менеджери Бахтияр Алымов «мындагы полигондор жөн эле чуңкур эмес, алар бир катар экспертизалардан өтүп, бардык талаптарга ылайык курулган Кыргызстандагы эң алгачкы инженердик курулуш» деп баса белгиледи.
Анын айтымында, чуңкурдун түбү ар кандай сууларды жер кыртышына өткөрбөгөн геомембрана пленкасы менен капталган. Буга улай жаан-чачын, агын сууларды топтоочу дренаж жасалса, жайдын тегереги тосмо менен курчалыптыр. Бул жапайы жандыктардын кирүүсүн бөгөттөп, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди минималдаштыруу максатында жасалган.
Кен ишканада калдыктарды үч топко бөлүшөт. Алсак, кеңсе, лагерь жана ашканадан чыккан тиричилик калдыктары өзүнчө полигонго көмүлсө, зыяндуу калдыктар башка жерге жайгаштырылат. Ал эми кайра иштетүүгө жарактуу өндүрүш калдыктары (металл, жыгач, желим) жергиликтүү ишканаларга тапшырылат. Мисалы, жыгач отун катары бала бакча, балдар жана карылар үйлөрүнө жеткирилсе, металл калдыктарды алтын ылгоочу фабрикага зарыл чоюн шарларды чыгарган «Вулкан плюс» компаниясы ташып кетет. Даяр болгон шарларды бул компания кайра кен ишканага сатып, киреше таап келет.

«КАЛДЫКТАРДЫ ИРГЕП, ЖАРАМДУУЛАРЫН КАЙРА ИШТЕТЕБИЗ»
Жакынкы айларда алтын кен ишканасы лагердеги тиричилик калдыктарын да бөлүштүрүү боюнча долбоорду ишке киргизүү алдында турганын маалымдаган БАХТИЯР МЫРЗА буларга токтолду:
– Жаңы курулган калдык жайгаштыруучу жайлар 2026-жылга чейин пайдаланууга эсептелген. Андыктан калдыктарды бөлүштүрүү аркылуу полигондордун пайдалануу мөөнөтүн узартууга болот. Эгер тиричилик калдыктар полигонуна азыркыдай көлөмдө таштандыларды жайгаштырсак, анда ал 4-5 жылдан кийин эле толуп калат. Жогоруда айтылгандай, кендеги калдыктардын 20-30 пайызы гана кайра иштетүүгө жараксыз. Ошондуктан аларды бөлүштүрүп, сорттоо зарыл. Мисалы, тамак-аш жана органикалык калдыктар өзүнчө топтолсо, кайра иштетүүгө жарамдуу калдыктарды бөлүп алуу оңой болуп калат.
Ал эми азык-түлүк калдыктарын өзүнчө топтоп, алардан жер семирткич даярдап, кенди эксплуатациядан чыгарып, рекультивация иштерин баштаганда, жер кыртышын калыпка келтирүүдө колдонуу каралган. Быйыл ал үчүн өзүнчө полигон эксплуатацияга берилмекчи.
Муну эске алган компаниянын тийиштүү бөлүмү кендеги турак жай лагерге таштанды үчүн үч түрдүү челектерди орнотуп баштаган. Жашыл түстөгү челекке тамак-аш калдыктары, көк түстөгүсүнө кайра иштетүүгө жарактуулары жана боз же кара челекке кайра иштетүүгө жараксыздары салынат. Ал эми кагаздар үчүн өзүнчө челек колдонулат. Ушул жерден айта кетсек, «Кумтөрдө» бир кызматкерден чыккан тиричилик калдыгынын өлчөмү күнүнө 1 килограммдан бир аз ашык салмакты түзөт. Ал эми АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин 3-4 жыл мурунку отчётунда көрсөтүлгөндөй, аларда 2 килограмм болсо, Монголиядагы жез кен ишканада бир адамдан 5,6 килограмм таштанды чыгары айтылган.
«Кумтөр» долбоору соңуна чыккандан кийин калдык көмүлүүчү жайлар мурда кандай болсо, дал ошол калыбына келтирилерин айткан Бахтияр мырза: «Полигондун үстүнө 30 сантиметр таш таштап, анын үстүнөн 20 сантиметр семиз топурак төгөбүз. Андан соң жергиликтүү, ушул бийик тоолуу аймактын өсүмдүктөрү айдалат. Башкача айтканда, айланадагы пейзаждан айырмасы болбой калат»,- дейт.
Акыркы технологиялар, башкаруудагы заманбап ыкмалардай эле, таштандыларды өз-өзүнчө сорттоо жана кайра иштетүү жаңылыгы “Кумтөрдөн” башталганы таң калтырбайт. Калк отурукташкан жерлерде, эң башкысы борбор калаада да калдыктарды жөндөөнүн жаңы ыкмалары келерин күтөбүз.


Бостеридеги таштандылар төгүлүүчү жай.

Айтемир Аскеров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
narime
2016-04-25 18:01:56
Дагы да болсо, узулбогон умут. Ушу Кыргызстанда болуп жаткан койгойлор, бири бирине шылтаган бийлик! Качан онолот деген гана умут менен кун кечирип келебиз. Айта берсен арман коп, анын баарын ким угат. Супер инфонун башкармалыгына кайрылуу. Эмне учун саясат болумун талкууга алганга болбойт.Эл менен иш алып барып, аткан газета болгондон кийин, талкууга чек койбосонор болмок. Ар бир кыргыз атуулу, озунун ой пикирин калтырып, кеткенге укугу бар го?
0
admin_superstan
2016-04-25 18:49:57
narime, саламатсызбы? "Саясат" рубрикасындагы талкуулар провокациялык билдирүүлөрдүн көп болгондугуна байланыштуу убактылуу жабылган.
0
marik10
2016-04-25 21:20:59
мисалы тоокен тармагына депутаттар асылып, бир партиянын лидери 6 млрд долларга экологияны бузган учун айып салабыз деген, бирок эл аралык компаниял эл арарлык стандарттар менен иштегенин унутушат, аларды коюп озубуз жашаган шаарда тыштаган таштандыларды жана ошолорду ыргыткан адамдарды жоопко тартышса
0
Bermet_Kasymova
2016-04-30 23:00:10
"Анкыган атыр жыты" де)). Хахахаха
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан