СОТТОЛГОН САЯСАТЧЫЛАРДЫН КАНЧАСЫ ТҮРМӨДӨ ЖАЗАСЫН ӨТӨП ЖАТАТ?

Кыргызстандык гезиттердин бирине Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси, сыртынан өмүр бою соттолгон Жаныш Бакиев маек берди. Ал өзүнүн соттолуусу боюнча: «Негизи эле ушул сыртынан соттоо процедурасынын өзү мыйзамсыз. Ал эл аралык нормаларга каршы келет. Анткени эч кандай сурагы, далили жок эле сыртынан соттоп коюп жатышат. Керек болсо мындай ыкма эң артта калган Африка мамлекеттеринде дагы колдонулбайт»,- деген оюн билдирди.
Бакиевдин сыртынан соттоо боюнча маалыматы жетишсиз экенин белгилеп кетүү керек. Өнүккөн өлкөлөрдүн бир катарында, ошол эле АКШ, Европа өлкөлөрүнүн практикасында да сыртынан соттоо колдонулуп келет. Жөнөкөй эле мисал, польшалык режиссёр Роман Поланскини АКШ соту жашы жете элек өспүрүмдөрдү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге азгырган деп айыптап сыртынан соттоп, дагы эле аны реалдуу жазага тарта албай жүрөт.
Кыргызстанда бир тууган Бакиевдер сыртынан соттолгондордун сап башында турушат. Жаныш Бакиев, агасы Курманбек Бакиев 7-апрелде «Ала-Тоо» аянтындагы элди атууга катыштыгы бар деп табылып, ал эми Максим Бакиев Британиянын жараны Шон Дейлинин өмүрүнө кол салууга тиешеси бар делинип жана Азия Универсал банкынан акча чыгарып кеткен деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Курманбек Бакиевдин дагы бир уулу Марат Бакиев да 7-апрелде кызмат ордун таштап кеткен деген кине менен 10 жылга сыртынан соттолгон. Ошондой эле Бакиев заманында премьер-министр болуп турган Данияр Үсөнов да сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылгандардын катарында. Аларга карата өкүм 2014-жылдын июль айында чыккан.
Учурда Кыргызстанда реалдуу жаза өтөп жаткан чиновниктер да жок эмес. Маселен, мурдагы президент Бакиевдин аппарат жетекчиси Каныбек Жороев, 2010-жылы Бакиевдин кеңешчиси болуп турган Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратуу жазасын алышкан. Апрель соту боюнча акыркы чекит коюла элек. Андыктан булардын жазаларында өзгөрүүлөр болушу да мүмкүн.
Темир тор артында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчылардын арасында Бишкектин мурдагы мэри, экс-депутат Нариман Түлеев да бар. Ал мэр болуп турган чакта мамлекетке ири көлөмдө каржылык зыян келтирген деп айыпталып, 2012-жылы 11 жылга эркинен ажыратылып, Жогорку Сот баштапкы өкүмдү күчүндө калтырган. Учурда Түлеев түрмөдө.
Темир тор артын көрүп келген чиновниктердин катарында «Республика-Ата Журт» партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев, аталган партиядан учурда депутат болуп турган Талант Мамытов жана экс-депутат Садыр Жапаров бар. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен 2012-жылы өздөрү уюштурган митингде кармалып, Жапаров менен Ташиев 1,5 жылдан, ал эми Мамытов 1 жылга эркинен ажыратылган.
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков да темир тор артын көрүп келгендердин бири. Ага карата коррупциялык иштер менен алектенген, кызмат абалынан пайдаланган деген күнөө коюлган. Адегенде УКМКнын СИЗОсуна камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган. 2016-жылдын март айында Келдибековго 10 миллион сом айып пул салынган.
Мамлекеттик кызматкерлердин арасынан Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс-депутат Хажимурат Коркмазов да учурда тергөө абагында отурушат. Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирип, кийин Нарымбаев да кармалган болчу.
Райондук сот 2015-жылы Нарымбаевди 3 жылга, Коркмазовду 1 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Учурда сот экинчи инстанцияда уланууда.
Жакынкы күндөрдө эле оппозициячылар Бектур Асанов жана Кубаныч Кадыров, эксперт Эрнис Карыбеков бийликти күч менен басып алууга аракет кылышкан деген шек менен кармалып, 2 айга тергөө абагына камакка алынышты. Бул иштерге катыштыгы бар деп шектелген Дастан Сарыгулов үй камагында калтырылды. Алардын камакка алынышына интернетке жарыяланган аудиожазуулар себеп болгон эле.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан