ЧАЛАЖАН МЫЙЗАМДАР ПАРЛАМЕНТТИН ДЕҢГЭЭЛИ НАЧАРЛАП КЕТКЕНИНИН ДАЛИЛИ

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде президент Алмазбек Атамбаев «Автомобиль транспорту жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Эске салсак, кезинде ИИМ автокырсыктардын 80-90 пайызына тамырлашып кеткен коррупцияны эмес, оң рулдуу автоунааларды күнөөлөп кыйкырып жүрүп, акыры парламент андай унааларды такси катары колдонууга 2016-жылдан тарта тыюу салып тынган болчу. Мыйзам 2015-жылдын 3-июнунда кабыл алынган эле. Коомчулуктун «Оң рулдуу автоунаалары менен иштеп, үй-бүлөсүн багып жүргөндөр жумушсуз калышабы? Жолдогу кырсыктарды азайтуу үчүн ириде паракорчулукту, мыйзамдар баарына бирдей иштебеген системди оңдоо керек» деген үнүнө эч ким кулак салган эмес.
Жыл айланбай каржылык каатчылык, Орусияда иштеп жаткан мигранттардан келүүчү акча которуулар кескин азайган маалда бүгүнкү парламент «эл даяр эмес экен, мыйзам эртерээк кабыл алынып калыптыр» деп документти 2020-жылдан тарта күчүнө киргизүү чечимин кабыл алды. Ошону менен өткөн чакырылыштагы эл өкүлдөрүнүн чийки жазылган мыйзамы бир жыл да иштеп жарытпады. Элдин нааразычылыгынан чочулаган бийлик бул сыяктуу мыйзамдарды артка жылдыруу менен убара. 2020-жылы эл жыргап кетеби же мындан жаман абалга түшөбү, ал кийинки чакырылыштын баш оорусу болот.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан