Айсулуу Мамашова, Жогорку Кеңештин депутаты: «АТАМДЫН АБРОЮ МАГА КӨП ПАЙДАСЫН ТИЙГИЗДИ»

Айтылуу ишкер Турусбек Мамашовдун кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова менен маек курмакчы болдук. Жогорку Кеңешке «байдын эркетай кызын» көрөмбү деп элестетип баргам. Бирок маек башталары менен эле менин ойлорумдун бырын-чырыны чыкты. Айсулуу Мамашова турмушка бышкан, такшалган, өзүнүн ой-пикири бар, билими терең, жаш болсо да тажрыйбасы мол адам экенин көрсөттү.

МАМАШОВА АЙСУЛУУ ТУРУСБЕКОВНА

  • 1988-жылы Бишкек шаарында туулган.
  • 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти экономика жана башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.
  • 2010-жылы аталган окуу жайдан ишкердик башкаруу адистиги боюнча магистр квалификациясын алган.
  • 2005-жылы «Автоучкомбинат» ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
  • 2009-2015-жылдары «Фирма Дасмия» ЖЧКсынын президенти.
  • 2015-жылдын 4-октябрында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
  • Үй-бүлөлүк абалы: бойдок.

– Бүгүнкү күндө сиз Жогорку Кеңештин эң жаш депутатысыз, буга чейин ишкерлик чөйрөдө жүргөнсүз. Айтыңызчы, кайсы жакта түйшүк көбүрөөк экен?
– Жогорку Кеңеште бюрократия көп экен. Бир мыйзам долбоору кабыл алынгыча убакыт аябай созулат. Ишкерликте болсо чечимдерди тез-тез чыгарасың. Ал чечимиңдин жакшы жактарын да, жаман жактарын да өзүң көрөсүң. Мындан улам кээ бир мыйзам долбоорлорунун абдан талкууланып, толукталып, анан кабыл алынышы бир чети туура экен деген ойго кептелесиң. Себеби ал мыйзам жалпы элдин кызыкчылыгында болуш керек. Кыскартып айтканда, мен ишкерликте жумуш оор же депутат болуу оор дебейм, бирок Жогорку Кеңеште жоопкерчилик чоң экенин даана билем.

– Депутат болуу бул өзүңүздүн жеке чечимиңиз болдубу? Же буга чейин мамлекеттик кызматты аркалаган атаңыз Турусбек Чукуевичтин каалоосу болдубу?
– Албетте, өзүмдүн жеке чечимим болду. Атам тууралуу айтсак, ал киши мамлекеттик жогорку кызматтардан болгону туризм департаментин эле жетектеген. Атамдын атын негизинен анын ишкерлиги, «Дасмия», ал курган дүйнөдөгү эң чоң боз үй таанытты да. Ал жүрөгү каалаганды жасады, тилектерин ишке ашырды. Бул жагынан мага чоң үлгү болду. Депутаттыкка аттануу менин жеке чечимим экенин баса белгилегим келет. Элдин жашоосун жакшыртуу үчүн иштегим келди. Атам болсо менин чечимимди колдоду.

– «Ата Мекендин» тизмесинде алдыңкы ондукта болуу үчүн сиздин партия жетекчилигине 500 миң доллар бергениңиз айтылып жүрөт. Канчалык чындыгы бар?
– Жок. Бул жөн эле айтылып келген сөздөр. Албетте, шайлоого аттанган соң ар бир талапкер партиянын фондуна өзүнүн үлүшүн кошот. Мен да өз жардамымды бергем.

– Атаңыз түптөгөн бизнестен эмес, өз күчүңүз менен акча таап көрдүңүз беле?
– Жок. Кудайга шүгүр, ата-энем мени эч нерседен кем кылышкан жок. Студенттик куракта убактымдын бардыгы окууга коротулчу. Кийин магистратурада окуп жүргөн чакта күндүзгү убакта бош болуп калдым. Ошондо атама келип «бош убактым бар, иштейин» деп сунуштагам. Адегенде официант, анан администратор, кийин кампанын башчысы болуп бардык тепкичтерди басып өткөм. Мен анда 20 жашта болчумун. Бара-бара атама жардамдашып, ишкерликтин күнгөй-тескейин үйрөндүм. Жөнөкөй жумуштарды жасап көнгөнүм кийин өзүбүздүн ишибизге жетекчи болуп келгенде абдан көп пайдасын тийгизди.

– Мамлекеттик кызматта буга чейин иштеген эмессиз. Алгачкысы депутаттык болду. Тажрыйба жагынан аксап калып жаткан жоксузбу?
– Ачыгын айтайын, парламентте идеалдуу иштеп жатам дебейм. Жетишпеген жактарым бар. Аны моюнума алам. Бирок ишкерликте алган тажрыйбам мамлекеттик жумушумдун айрым кемчиликтерин толуктаганга жардам берип жатат. Жөнөкөй эле мисал, ишкерликте сен иш бөлмөңөн чыгып бара жатып жарыкты сөзсүз өчүрөсүң. Үнөмдөө керек да. Жогорку Кеңеште да ушул сапатым иштеп кетет. Болгону ишкерликте сен өзүңдүн акчаңды үнөмдөйсүң, а бул жакта мамлекеттин акчасы жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Канткенде мамлекеттин акчасын үнөмдөсө болот, кайсы жактан бюджетке акча түшүрсө ыңгайлуу? Жогорку Кеңештин бир милдети – көзөмөлдөө эмеспи. Акча кайда кетти, ага эмне сатып алынды, арзан алындыбы, кымбат алындыбы, кантип арзанын жана сапаттуусун алууга болот деп ой жүгүртө баштайсың. Бул жагынан алганда бир тажрыйбам экинчисине машакат жараткан жок, тескерисинче, толуктап турат.

– Өз дарегиңизге айтылган сын-пикирлерге кандай карайсыз?
– Сын-пикирлерди туура кабыл алганга аракет кылам. «Байдын кызы да» деп мурдун чүйрүгөндөр бар. Бирок карасаңыз, азыр эмне, менин жанымда атам отурабы? Атам эч убакта «муну айт, тигини айт» дебейт. Анын үстүнө бир маселени көтөргөн соң ал жөнүндө өзүң терең билишиң керек. Билбеген эле нерсени көтөрө албайсың. Атамдын аброю боюнча айтсак, ооба, сөзсүз атамдын аброю мага пайдасын тийгизди. Мен атамдын кызымын да.

– Баса, мыйзам жазып баштадыңызбы?
– Учурда бизде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам бар эмеспи. Мына ошол мыйзамга айрым бир толуктоолорду киргизүү боюнча иштеп жатам. Мисалы, онкологиялык оорулардан жабыркаган балдарга бир медициналык аппарат абдан керек болчу. Аны алдыруу үчүн адегенде тендер өткөрүлүп, ал тендерге ортомчулар катышып, айтор, убакыт абдан созулуп кетет экен. Аппарат болсо тез арада керек, балдар ага муктаж. Мына ушундайда биз аппаратты кайсы бир бешинчи ортомчудан эмес, заводдун өзүнөн түз алсак кандай сонун болмок. Ушундан улам учурда аталган мыйзамды оптималдаштыруу боюнча иш алып барып жатам.

– Күнүңүз кантип башталат?
– Эртең менен жумушка келем. Комитет жыйындарына катышам. Шаршемби, бейшемби күндөрү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында иш алып барабыз. Баса, жумасына үч жолу жумуштан кийин сальса, бачата бийлери боюнча сабак алып жатам. Адам чарчаганда кара жумуш жасап же спорт менен машыкса мээ эс ала түшөт эмеспи. Сальса да абдан эс алдырат экен. Сизге да сунуштайм. Барып көрүңүз.

– Сиздин фортепианодо ойной аларыңызды билебиз. Жумуштан чарчап келгенде аз да болсо мээни эс алдырыш үчүн ак-кара клавишаларды баскылап коёсузбу?
– Апамдын каалоосу, тилеги менен 7 жыл фортепианодон сабак алгам. Эсимде, апам жумушунан чарчап же маанайы жок келип калса «Айсулуу, мага ойноп берчи» деп калар эле. Апабызды жоготуп алгандан тарта фортепианого жолобойм. Билбейм, ойной албайм. Мен үчүн өтө оор.

– Социалдык тармактарды колдоносузбу? Инстаграмдагы баракчаңызга канча киши жазылган?
– Жогорку Кеңешке келгенден тарта инстаграмды унутуп койдум. Фейсбукка гана кирип калам. Бирок өз алдымча пост жазганга убактым жок. Социалдык тармактар аркылуу азырынча жеке жашоомду, жасап жаткан иштеримди жарыялаганга даяр эмесмин.

– Жеке жашооңуз тууралуу сурап кетпесем болбос...
– Кыскача эле айтайын, жеке жашоодо баары сонун.

– Маегиңизге чоң рахмат.

«ЖӨӨ ЖҮРГӨН ЖАКШЫ ЭКЕН»

– Эркиндик канча турат?
– Анын баасын ченей албайбыз.

– Мандатчы?
– Мандатты аракеттин артында гана алыш керек.

– ««Лабутен» туфлисичи?
– Билбейм. Анын үстүнө бийик така кийүү – бул азап.

– Жакшы көргөн китебиңиз?
– Чыңгыз Айтматовдун бардык китептери. Кээ бир чыгармаларын окуган сайын ыйлай берем.

– Киноңузчу?
– «Курманжан датка» эң жакшы көргөн киномо айланды.

– Унаа?
– Бардык эле унаалар жакшы. Мен азыр жумушка жөө келип, жөө кетип жатам. Бул андан да жакшы экен.

– ««Космоско учуунун баасы болгону 500 миң доллар» деген акция болсо?
– Барбайт болчумун. Гагарин «космосту акчага көрсөтөбүз» деп жол баштап бербесе керек.


"Апам дайыма менин жүрөгүмдө".

"Бактылуу балалыгымдан көз ирмем. Ууртумдан жылмаюу түшчү эмес".

Мирлан Өмүралиев
Адилет Бектуров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан