Султан Садыралиев: “ЖАКШЫ ЖАШООМДУ ЫРЧЫЛЫК ТУРМУШ БУЗДУ”

Жеке жашоосунан жабыркап, чыгармачылыктан алыстап күйөрмандарын сагындырган ырчы Султан Садыралиев жаңы дем менен сахнага чыкмакчы. Бук болгон ырчы чээнден чыгып, жаштарды шаңга бөлөгөн Сүйүү күнүнүн алдында биз менен сырдашты.

– Султан, Сүйүү күнүнө карата концерт коюуга камынганыңа караганда, сүйүүгө дагы кабылгансың го?
– Жок, азырынча андай эмес. Эски сүйүүмдүн жараты жаңыдан эле айыгып, адам катарына эми кошулуп келе жатам.
– Адам катарынан бөлүп салгыдай эмне болгон сүйүүгө кабылдың эле?
– Өткөн жылы жан дүйнөм "кризиске" учурады. Сүйгөнүм экөөбүз келишпей, ажыраштык. Катуу сүйүп калган экенмин, аны менен ажырашкандан кийин эч нерсе жасабай бир жыл үйдө жаттым. Ошондо ичтим дагы, чектим дагы, ыйладым дагы. Андайда бугуңду бирөө менен бөлүшпөсөң да жаман экен. Бөлүшөйүн десем же түшүнгөн адам жок. Ушундай депрессияда жүргөндө көчөгө да чыга албай калгам. Көчөдө баратсам элдин баары мени жаман көрүп жаткандай сезилчү.
– Кыз-жигит ортосундагы ажырашуу мынчалык кыйын болбосо керек? Кыязы, чогуу жашап көнүшүп калгансыңар го?
– Үйлөнбөсөм да үйгө келип-кетип турчу. Кыскасын айтканда, дайыма бирге болчубуз. Мен Бактыгүл менен жүрүп үй-бүлөнүн кадырын сездим. Чынын айтсам, аны менен түбөлүк бирге болууга даяр болчумун. Мүмкүн кээ бир жакын адамдарымдын сөзүнө жетеленбегенимде мамилебиз бузулбас беле?.. Ал менин жүрөгүмдө эң бир сыйлуу аялзаты катары түбөлүк жашайт. Көп каталык менден кетти окшойт. Ажырашкан соң Бактыгүлдү көргүм келип, жолугуп алып көзүмдөн жашым куюлат десең. Өлгөндүн артынан өлүп калбагандай эле убакыттын өтүшү менен жара деле айыгат экен.
– Бир күйөрман кызыңдын “Султан менен Бактыгүл балалуу болушпагандыктан ажырашты” деп айтканы бар. Ошондо сен “ал жөнүндө жазбагыла, кан төгүүлөр болуп кетет” деп тынчсыздандың эле?
– Эми ал ошондой жердин кызы. Анын үстүнө менин кесепетим анын турмушуна таасирин тийгизбесин деп, ал экөөбүз жөнүндө гезит бетине чыгуусун каалаган эмесмин. Үйлөнүп, жашабасак, кайдагы бала? Мен өзүм кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм. Наристени көргөндө эзилип кетем. Сахналаш досторум Урмат, Мирбек, Кайрат, Ирлан үй-бүлөлүү эмеспи. Алардыкына барганда үйлөнгүм келип кетет.
– Сени "кримчөйрөгө көз каранды" деп да жүрүшөт?
– Кримчөйрөгө көз каранды болгудай арамдан тапкан байлыгым жок. Кримчөйрө мен билгенден таланттуу жаштарды бардык жагынан колдоп келе жатат. Бул чөйрөдө мага колдоо көрсөткөндөр бар десем болот. Алар тойго чакырса барып ырдап берип турам.
– Той демекчи ставкаң канча?
– Тойдо ставкам мынча деп да айтпайм. Сыйлап чакырса барып ырдап коюп, көңүлүнөн чыгарып бергенине ыраазы болуп кете берем.
– Анда ырчылык менен жан багуу кыйын болсо керек?
– Ырчылык менен жашоо бир аз кыйын десем жарашат. Чыгармачыл адамдарга ырдан башка байлыктын кереги деле жок. Бирок мен башкаларчылап акча табуу үчүн жеке иш баштоого кызыкпаймын, колумдан да келбейт. Окуумду эки жыл мурун бүтүшүм керек эле, быйыл бүтүп жатам.
– Шоу-бизнесте жүрүп материалдык жактан эмне байлык топтодуң?
– Минип жүргөн машинамдан сырткары эч нерсе топтогон жокмун. Азыркы айдап жүргөн машинам алтынчысы. 3 жолу автокырсыкка учурадым. Бир жолу Оштон түнү менен айдап келе жатып, шаарга кире бергенде уктап кетип оодарылып калдым. Машинам такыр жарабай калган. Кудай жалгап, өзүм аман калдым. Мындай кырсыктарга кабылганда өзүм болбосо да ата-энем, бир туугандарым мага арнап түлөө өткөрүп турушат.
– Ырым-жырымдарга ишенесиңби?
– Ишенем. Бирок көзү ачыктарга такыр барбайм. Мечитке жума намазга барганда кадимкидей жеңилдеп калам. Мен ооруганда көзүмө ар нерселер көрүнүп, сүйлөнө берем. Бир жолу бир табып апага барганда “сага кыздар дуба кылыптыр, молдого дем салдырып жүр” деген болчу. Аны деле кылган жокмун, ким дуба кылмак эле деп коюп жүрөм. Бирок кыздарга ишенич жок, азыркы кыздардан баарын күтсө болот.
– Намазга жыгылайын деген оюң барбы?
– Мурда намаз окучумун. Менин жакшынакай жашоомду ырчылык турмуш бузду. Кечинде түнкү клубдарга барасың, таң аткычакты бийлейсиң, ичесиң, анан саат беште үйгө келип намаз окуй албайсың. Ошентип жүрүп көп жагымсыз окуяларга туш болдум. Башында эмне үчүн минтип жатам деп өзүмө суроо берип, намаз окуйм деп күнөөмдү сезчүмүн. Акыркы кезде мындай жашоого көнүп калып, бул суроону өзүмө-өзүм бербей да калдым. Азырынча чала молдо дин бузар болбой эле турайын, Кудай буюрса, үйлөнгөндөн кийин намаз окуймун. Ата-энемдин жанында болбогонум да жашоомо көп терс таасирин тийгизди. Алар менин жанымда болуп эртели-кеч акыл-насаатын айтышып, көзөмөлдөп турганда, балким, мен мындан көп ийгиликтерге жетер белем?
– Качан үйлөнөйүн деп жатасың? Казак кызын аласыңбы же кыргызбы?
– Качан өзүмө ылайыктуу кыз тапканда үйлөнөм. Негизи, менин мүнөзүм аябай оор. Бирде ачуулуу болсом, бирде муңайым. Казак кызын албайм. Анткени жаңыдан эле өзүм казак деген аттан арылып, кыргыз болуп жатып кайрадан казак аралаштыргым келбейт. Апам “Бишкекте казак кыздары жокпу же биздин айылдагы баланча кызды албайсыңбы?” деп сунуштай берет. А мен толук кандуу кыргыз үй-бүлөсүн кургум келет. Баса, мага “кыргыз тили жагабы же казак тилиби?” деген суроону көп беришет. Бул суроо мага атаң жакшыбы же апаңбы дегендей туюлат, ошондуктан эки тилде тең бирдей сүйлөйм, экөөнү тең бирдей көрөм.
– Болочок жарыңдын кесиби ким болсо деп элестетесиң? Эч кандай билими жок, базарда иштеген кызды сүйүп калсаңчы?
– Денесин сатып көчөдө турбаган, жүрөгүндө ыйманы бар эле кыз болсо болду. Ал эми кесибине көп кызыга бербейм.
– Учурдагы кымбатчылык жашооңо таасирин тийгизип жатабы?
– Газ, свет, жылуулуктун кымбаттаганы анча деле сезилген жок. Бирок телефондун кымбаттаганы билинүүдө. Мурда күнүнө 250 бирдик салсам, азыр 350 салсам да жетпей жатат. Анткени мага эч ким чала албайт. СМС жиберишет, анан өзүм чалам.
– Рысбек Жабиров менен келишимдин негизинде иштешип жатасыңарбы?
– Динара эже менен келишим бүткөн. Андан бери өзүм менен өзүм алышып жүрүп бир жылды өткөрүп жиберипмин. Учурда Рысбек байке ага катары жардамын берип жатат. Ортобузда кагаз түрүндө эч кандай келишим жок. Мен жардам бериңиз деп бардым, ал макулдугун берди. Мурдагыдай "биякка баспа, тиякка бас" деген талаш-тартыштар жок.
– Динара эже менен келишимди эмне үчүн уланта берген жоксуң?
– Ал кезде кайра улантууну ойломок тургай өзүмдү караганга алым жок болчу. Азыр мамилем жакшы, сүйлөшүп турам. Жакында болуучу концертиме чакырам.
– Маегиңе рахмат. Бул жашоодо эч жамандык көрбө.

Султан кандай абалга кабылбасын, анын артынан чуркаган күйөрман, сүйөрман кыздары азаймак турсун көбөйүүдө. Ошондой кыздардын бири ГҮЛКАЙЫР Султанга болгон сүйүүсүн бөлүшмөкчү.

– Гүлкайыр, өзүңдү тааныштыра кетсең? Султанды сүйгөнүңө канча болду?
– Атым – Гүлкайыр, 1989-жылы Алайда төрөлгөм. Султанды 2005-жылдан бери сүйүп келем. Апамдар “Ошто окуйсуң” дешсе болбой, аны көрүп туруу үчүн Бишкекке баса бергем. Ошентип, Султан үчүн Бишкекте жүргөнүмө беш жыл болду.
– Анан ырчы жигитке жолугуп турасыңбы?
– Концерттеринен калбайм. Радиого, гезитке, телеге, кыскасы, Султан болгон жерге жетип барам. Гезит саткан күркө менен сүйлөшүп койгом. Султан чыккан кандай гезит болбосун катып коёт, мен сатып алам. Султанды күтүп Спорт Ордосунда түнкү 12ге чейин турган күндөрүм болгон. Ага арнаган катымды берем деп УТРКда бир айга жакын жүрүп бердим.
Султан чалып “рахмат, катыңды окудум” деп кубанткан. Катта “Казакстандагы ата-энем, бир туугандарым кандай?” деп жазган элем. Аны эстеген сайын Султандан уяла берем.
– Султанга жетериңе ишенесиңби?
– Жетсем да, жетпесем да Султан менин жүрөгүмдө түбөлүккө жашайт. Балким, ушул сүйүүмдүн айынан турмушка чыкпай каламбы деп ойлоп кетем. Турмушка чыксам да, Султан мени менен бирге болот.


Жылмайып коюңуз!

Султан күтүүсүздөн үйлөнүп алат. Продюсери:
– Султан, болор иш болуптур, бул тууралуу гезитке айта көрбө,- деп урушат.
"Үйлөнгөн турбайсыңбы?" деген журналисттин суроосуна шашып кеткен Султан:
– Мен үйлөнгөн эмесмин, анын аты Бактыгүл эмес, менден улуу да эмес. Мен Мирбектей болуп балалуу болууга жетише элекмин,- деп актанып жибериптир.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Aizilya
2010-02-15 11:22:06
Болочок жарыңдын кесиби ким болсо деп элестетесиң? Эч кандай билими жок, базарда иштеген кызды сүйүп калсаңчы?

Ушинтип да суроо береби?
0
Simpotka
2010-02-15 16:11:17
Бактыгул менен турмуш курганын эмнеге жашыры берет,!!, жакшы дагы той менен,загс кылып уйлонбоду беле. Это уж вообще ....
0
Simpotka
2010-02-15 16:12:04
кстати точно кызыктай суроолорду ойлонбой бере берет экен
0
Таллас
2010-02-15 19:33:38
Кайсы кыз ушун сүйөт десең эй? Колдон суурулуп турганы көрүнүп эле турбайбы? Же кыздар ушинтип алданганды жакшы көргөн калкпы?
0
Аygerim
2010-02-16 09:49:21
Таллас эми " Беш кол тен эмес да. "
жазсанар конкретту бироону корсотуп жазгылачы. " кыздар...калкпы " дебей.
0
Rim
2010-02-16 15:18:14
ар ким ар нерсени айта берет баарынар озунорго ишенгиле
0
Bais
2010-02-17 21:59:58
Негизи айта берсе эле соз боло берет эмеспи
0
Jessica
2010-02-18 03:13:21
Болочок жарыңдын кесиби ким болсо деп элестетесиң? Эч кандай билими жок, базарда иштеген кызды сүйүп калсаңчы?
Bul kandai suroo??amei ne bazarda ishtese ele kyz emespi,je bazarda ishtese bilimi jok beken ya?abailap suroo bersener,kobuncho bazardagy kyzdar akyldyyrak bolso kerek e?!!!!!!!!!!
0
aiklaus
2010-02-18 04:39:13
basarda ishtegenge da talant kerek...
0
aladinali
2010-02-18 19:21:19
иййй ушул балада уят деле жок калды. кызын баласын дебей бут суйуп чыкканы аз келгенсип. Эски продюссерин алдап коюп эми жанысын таап слган корунот.
Султан байке тушунузчу сиздин доор бутту! Башкаларга кезек бериниз! Андан коро башка нерселер мене алектениниз.
0
Бекнур Кыргыз
2010-02-19 02:06:01
жакшы айабай.Бирок чындап эле жонокойсунбу же калпы ишенич кыйын???.
0
Flowergirl
2010-02-21 16:03:01
Эмне Бактугулго уйлонгон беле тушунбой калдым
0
aizita
2010-03-18 01:16:34
Gulkaiyr esine kelsen bolo. senin sezimindi orutkum kelbeit birok Sultan degen senin jashoono bash baga albait go deim andan koro oz jashoono kam korson abdan sonun bolmok, birok senin suiuugo turuktuuluguna baa berdim
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан