БҮГҮНКҮ КҮН МЕНЕН ЖАШАГАН ПАВЕЛ ВОЛЯ

«Камеди клаб» долбоору жаңы көрсөтүлүп баштаганда орус тили жана адабият мугалими Павел «Снежок» Воля дароо эсте калган. Анын күчтүү импровизациясы, конокторду зериктирбей айткан ар бир тамашасы кайдигер калтырбай келет. Пенза шаарынан чыккан мугалимдин кантип Москвага келип популярдуу болуп чыга келгенин билгиңиз келеби? Анда кеттик.

Толук аты-жөнү – Денис Добровольский
Туулган жылы, күнү – 1979-жыл, 14-март
Туулган жери – Орусия, Пенза шаары
Бою – 181 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Билими –Пенза мамлекеттик университетинин педагогикалык институтунда орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн
Тартылган тасмалары – "Клуб", "Эң мыкты фильм", "Платон", "Чоң шаардагы сүйүү", "Жаңы жылыңыздар менен, апалар!" жана башкалар
Учурда – Актёр, шоумен, телеалпаруучу, юморист, ырчы.
Өзүнүн «Камеди баттл», «Импровизация» программалары бар

ДЕНИС АТЫ ӨЧҮП ПАВЕЛ АТАЛГАН
Денис Добровольский активдүү окуучулардын катарын толуктап, мектепти күмүш медаль менен аяктаган. Жаштайынан күлкүгө жакын ал Пенза КВН командасынын капитаны болот. Студент кезинде «Русское радио» радиосунда ди-джей болуп эмгектенип, институтту бүткөн соң Москвага жол тартат. Москвада жанды багуу үчүн курулушта да иштеген күндөрү болгон. Жүрөгүнө жакын алпаруучулукту самап жүрүп акыры «МузТВ» каналында алпаруучу, «Хит ФМ» радиосунда ди-джей болуп иштей баштайт. Жумушунун арты менен КВНчи Артур Жанибекян менен таанышып, «Камеди клаб» долбооруна Павел Воля деген псевдоним менен алынат. Өзүн «гламурдуу шүмшүк» деп атаган Воля конокко келген жылдыздарды шакабалап, уяткарып бат эле популярдуу болуп кеткен. 2006-жылы ал кино чөйрөсүндө өзүн сынап, «Клуб» тасмасында алгачкы эпизоддук ролун жаратат. Бир жылдан кийин ырчы катары чыгып, бул тармакта карьерасын да баштайт.



3 ЖЫЛГА СОЗУЛГАН КЕЛЕЧЕГИ ЖОК СҮЙҮҮ
Чукугандай сөздү таап сүйлөгөн Воляга ашык болгон кыздар көп болду. Аны көп кыздар менен мамилеси бар деп жазышкан, бирок далилдүүсү модель, телеалпаруучу Мария Кравцова (Марика) гана болгон. Марика менен Павел кезектеги программага тартылуу учурунда таанышат. Сулуу, келишимдүү кыз дароо эле резиденттин көзүнө түшүп, шок жигит бат эле Мариканын жүрөгүнө жол тапкан. Сүйүүгө мас болгон жаштар чогуу жашоону чечип, 3 жыл бактылуу күндөрдү кечиришет. Дос, тууган, күйөрмандар да алардын келечекте чогуу болушарына ишенишкен эле. Тилекке каршы, "өтө кызыл бат оңот" болдубу, айтор, сүйүүлөрү тойго жетпей калган. Мариканын айтымында, Павел анын көңүлүн таап, башында баары жакшы эле башталган. Бара-бара экөөнүн бири-бирине болгон кызыгуусу тарап, көп урушуп-талашып калышкан. 3 жыл чогуу жашаган түгөйлөр акыры ажырым жолго кетүүнү туура көрүшөт.



ЖУБАЙЫНА СҮЙҮҮСҮН АРНООДОН ТАЖАБАЙТ
Ал эми келечектеги жубайы, гимнаст Ляйсан Утяшева менен баары башкача болгон. Экөө бир кечени алып барганда таанышып, кез-кезде көрүшүп, сүйлөшүп калышчу. «2 жылдай театр, кино, дүкөндөргө барып, сейилдеп эле жүрчүбүз. Кызыгы, папараццичилер бизден такыр шектенишкен жок» деп Ляйсандын эскергени бар. 2012-жылы Ляйсандын апасы каза болуп, кайгыга батып турган чакта ишеничтүү досуна айланган Павел жанынан карыш чыкпайт. Бара-бара эки жаш бири-бирине тартылып отуруп, көз күйдүргөн бойдок үйлөнүүнү чечет. Алгач «Павел менен Ляйсан үйлөнүшүптүр» деген кеп тараганда эч ким ишенген эмес. Качан гана Ляйсандын машыктыруучусу бул маалыматты тастыктаганда коомчулук ишене албай отуруп калышкан. Апасынын азасына байланыштуу эки жаштын тою туугандардын курчоосунда гана «скромно» белгиленет. Тойдон кийин Павел жубайы менен Испанияга барып, 2013-жылы ошол жактан Ляйсан уулу Робертти төрөйт.
«Камеди клаб» долбоорунун алмашкыс резиденти Павел Воля бактылуу эркек, бактылуу ата экенин айтуудан, жазуудан тажабайт. Жадакалса өзүнүн стендап концерттеринде жубайына сүйүүсүн арнап, кызы тууралуу сезимдерин айтып, зал толо элдин көзүнө жаш алдырат. Былтыр София аттуу кыздуу болгондо да өз сөзүндө ал кыз деген өзгөчө назик жан экенин, азыртан кызын жигиттерден кызганарын айтканы көрүүчүлөрдү абдан таасирленткен.


«АЛДЫГА МАКСАТ КОЙБОЙМ»

– Башында Павел "Снежок" Воля деп чыгып жүрдүм. Жаш кезде чет өлкөлүк Жон "Молоток" Смит сыяктуу комиктерди туурап кылганым болчу. Кийин ал ат унутулуп деле калды.

– Аялдарды капа кылбаш керек. Алар сени капалантып жатса да, сен эркек катары четке жылып кой. Аялды коргобогонуңдун өзү эле алар үчүн чоң жаза.

– Эгер сенин досуң туура эмес жолдо баратса же аялы көзүнө чөп салса, башкалар билип туруп унчукпаса да, сен сөзсүз айтып, анын көзүн ачышың керек. Антпесең сен да башкалардай макоо болуп каласың.

– «Камеди клаб» долбоорунун резиденттерин укмуш бай деп айтышат. Биз тууралуу "гонорары баланча экен" деп жазышат. Алар эсептеген акчалар, балким, бир бизнесте, капиталда айланып жүргөндүр. Ошондой көп суммадагы акчаны уксак эле биз «кайда ал акчалар? Ал акчаны кайдан алса болот экен, ошону да жазып коюшса болмок» деп күлүп калабыз. Мен анчалык бай болуп Москванын үстүнөн алтын тик учак менен учуп жүрбөйм. Андыктан материалдык байлык бизге дагы деле стимул болуп келет.

– Мен башкалардай болуп келечекке план койбойм. Келечекте баары жакшы болот экенин билем. Ошол эле учурда жаман нерсеге да даярмын. Азыркы жашоом супер, ошол мен үчүн маанилүү.


Шоумен бир нече комедиялык тасмаларда роль жараткан.


Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aiperi1991
2016-04-25 13:52:23
Эн сонун
0
Jadyrashka
2016-04-25 19:18:24
Шахрух Кхан жөнүндө жазыңыздарчы.
0
admin_superstan
2016-04-26 11:59:25
Jadyrashka, саламатсызбы? Сунушуңуз эске алынат. Рахмат. Төмөнкү шилтемелерден жооп издеп көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/755 http://www.super.kg/article/show/337
http://www.super.kg/article/show/20449
0
A3A
2016-04-26 00:45:33
Просто красавчик да
0
kanykey125
2016-04-26 17:23:28
Тамаш чын аралаш дейт го.кээде ото эле аша чаап кетет..мен коп жолу байкадым..Кыргыздардын КВНде ойногон Азия Микстен Комеди клабга барышканда.тамашалаг мигрант дворник эле ишинерди кыла бербейт беленер деген жайы бар..мен учун бул тамаша эмес.
+3
Beka.kaba
2016-04-29 15:03:06
каникей.ошентип айткан болсо мага такыр жаккан жок
0
Aisuluu160790
2016-04-30 13:34:55
Талантына таазим. Мага жагат тамашалары
0
Siabekovna
2016-05-13 21:04:57
Мыкты жигит
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан