Айымдардын эмчеги илгертен эркектерди, өзгөчө айкелчи менен сүрөтчүлөрдү өзүнө арбап келет. Буга мисал катары Шри-Ланкадагы 15 кылым мурун аска бетине тартылып, сакталып калган көкүрөктөрү ачык аялдардын сүрөтүн айтсак болот. Андыктан азыркы аялдар эмчектерине көңүл бөлүп, ал тургай пластикалык операция менен чоңойтуп жаткандары да бекеринен эмес. Психологдордун изилдөөлөрүнө таянсак, эмчектин формасы ээсинин мүнөзүнөн кабар берет. Болгону формаларын жемиштерге окшоштуруп салыштыруу керек. Эмесе, кандай эмчектин ээси төшөк чебери же муздак?
АЛМУРУТ
Мындай форманын кожойкеси чечкиндүү, өз алдынчалыкты сүйгөн, көз карандысыз жан. Шаан-шөкөттүү компаниядан көрө өз ойлору менен жалгыз калууну баалайт. Кокус бир эркекти жан дили менен сүйүп калса жана анысы ишенимине кирсе гана ага баш байлайт. Төшөктө миң кылыктанып, шеригинин ээсин оодарат. Эгер таянар тоо болор жан шериги табылбаса эркектерди кызыктырып артынан ээрчиткени менен, жалгыз бой жүрө берет. Кокус сүйүүсүз баш кошуп калса жок дегенде жакшы эне болууга тырышат.
ЖҮЗҮМ
«Мен мындаймын» деп көзгө толумдуу көрүнгөн сүйрүрөөк, анан тикчийген эмчектин ээлери уялчаак, оор басырыктуу келишет. Араларында өзүн үй-бүлөсүнө арнап, үйдө отургандар көп чыгат. Булайган мамактарын көргөн эркектер «эх, ушуну менен бир жыргасам» деп ойлошот. Бирок көбүнүн колунан эркекти төшөктө жети катар асманга чыгаруу келбейт. Болгону шеригинин ою менен болуп коюшат.
АПЕЛЬСИН
Аялуу дене мүчөсү апельсиндин формасына окшоштор (өтө эле тоголок келип, үрпү кичине) энергиялуу, ишенимдүү, билгенин иш жүзүндө колдоно алган эмгекчилдер. Төшөккө үзүлүп түшпөгөнү менен, күйөөсүнүн ою менен болуп, ага лаззат тартуулоого аракет кылат.
АЛМА
Булардын эмчеги түбүнөн тоголок келип, анан бир аз сүйрү болуп кетет. Араларынан темпераменттүүлөр аз чыгат. Бирок күйөөсүнүн көзүнө чөп салбаган ишенимдүүлөр. Үй-бүлө очогун сактоого жан үрөп турушат. Жан шериктери колдоп, туура түшүнүү менен мамиле кылышса, кул күйөөнү бекке айлантышат.
АНАНАС
Узунунан салбырап турган эмчектүүлөрдү ишенимдүү жана карьера жасоого умтулган жандар десек болот. Бирок алардын жүрөгүн багынтуу оңойго турбайт. Эгер сүйдүрүп, баш кошуп калсаңыз жылуу коюну денеңизди балкытып, махабаттын көлүндө каалагандай сүздүрө алат.
ДАРБЫЗ
Бул түргө мамагы абдан чоңдор кирет. Дайыма элдин көңүл борборунда болууну каалашат. Өз ишин билген талапчыл, лидерликти колго алууну самагандар. Антсе да булардын арасында соргок (опкок), кыялын көрсөтүп кежирленгендер көп эле чыгат. Сүйүктүү болууну каалаганы менен, эротикадан алысыраак келишет.
АЛЧА
Булар эң кичине эмчектүүлөр. Акылгөй жан келишет. Жашоо арабасын күйөөсү менен чогуу тартып, убакытты туура пайдаланууга жан үрөшөт. Бош убактысын көңүлдүү өткөрсөм деп турушат.Төшөктө оюнкараак келип, күйөөсүн да, өзүн да мыкты дүүлүктүрүп жан кумарына бата алышат. Кокус күйөөсү жашоо маселелеринен улам көңүлүн калтыра берсе муздак аялга айланып, кайра жибиши кыйын.
ЛИМОН
Көпчүлүгү бетке айтып, чечимди аярлап кабыл алган, жашоодон көп нерсени алууга умтулган айымдар. Чектен ашып кетпей, күтүлбөгөн сюрприздерге жолукпоого тырышышат. Төшөктө өзү сүйгөн эркекти болуп көрбөгөндөй ырахатка чөмүлтөт. Сүйбөсө «бул нерсе сага да, мага да керек үчүн барып жатабыз» деп басып кете берет.
Астра Айдарова
erotika@super.kg