КӨЗҮ АЧЫКТЫН ЫЙМАНДАЙ СЫРЫ же БАКИЕВ КЫРГЫЗДЫН КУТКАРУУЧУСУБУ?

Алгач редакциябызга келген бул аялды эч кандай табияттан бүткөн өзгөчө касиети жоктой эле кабыл алганбыз. Бирок, кыскача маектешүүдөн кийин бул аял өтө интеллигенттүү, көптү окуп, көптү билгендей сезим жарата алды. Анын үстүнө конок аялдын “айтпасаң сыр эмес”, “сөз өлөт”, “менин күнөөм айтылбай калган сөзүмдө” деген кебин укканда ансайын ага болгон кызыгуубуз артты. Анда, сырдуу аялдын айткандарына кулак түрөлү....

Кыргызда илгертен «эки» деген сан түгөйлүү сан, кош сан, өнөктүү сан, ыроолуу сан, жолдоштуу сан, эки дүйнө (чын дүйнө, жалган дүйнө) сан, ак кара саны, эм саны катары ырасталып келген. Эки санынын өзгөчө бир терең түшүнүгү бар. «Бирөөнүкү жалган, экөөнүкү чын», бир ооз менен айтканды эки кулак менен угуп, эки көз менен көргөндө чын-төгүнүнө жетесиң» деген байыртан келген ак сөз да бар. Илгертеден «дүйнө түгөлү менен жаралды» деп айтылат, анткени, дүйнөнүн чындыгы да салыштырмалуу - бири экинчисине салыштырмалуу кабыл алынып келген. Улуу Ыйык китепте:«Дүйнөгө Адам баласы келгени экинчи күнү көзүн ачты» деп айтылат. Демек, адам баласынын дүйнөнү таанып-билүү кудурети күндүн экинчи сан эсебинен башталган. Демек, эки деген сандын өзү абалтан ааламдын сырын билүүгө жол ачып берип, экинчи күн дегенде жаңы төрөлгөн ымыркай да көзүн ачып актык менен бул дүйнөнүн түсүн көрөт.
Кеп оролун мынчалык тереңден баштаганымдын сыры эмнеде? Эки… экинчи… Ааламдагы Алла-Тааланын жаратуучу Амир-Сезим периштелеринин саны 14 болсо, анын экинчисинин аты Ыйык Китепте «е Мухсий» деп аталып келет, экинчи периште аты бизге «жаратуучу, түзүүчү, куруучу, тикелөөчү, оңдоочу, туура жолго багыттоочу» деген түшүнүктөрдү берет. Мына, тарыхтын барагын барактап көрөлү?! Эмне үчүн тарыхты кыймылдаткан улуу адамдардын атына сандар удаа айтылган? Айталы… Дарий I , Кир II , Агеслай I, Петр I, Вильгельм I , Селим I , Александр I, Николай II , Елизавета II д.у.с. Бул сандардын да өзгөчө сыры бар. Мен бул жолу анын сырларына терең сүңгүп кирбестен, жалпы эле адамзаттык тарыхтагы, мамлекеттердин өнүгүүсүндөгү экинчи адамдардын, бир хандан кийинки экинчи хандын келиши же биринчи президенттен кийин экинчи президенттин келишин, башкача айтканда, алардын келиши менен кайсы мамлекет кандай өнүгүү жолуна түштү деген суроого жооп издегим келет.Тарыхчылар Американын азыркыдай өнүгүшүнө биринчи президенти Жорж Вашингтондун ролун эмес, экинчи президент Джон Адамстын ролун жогору коюшат. Себеби, «Американы Америка кылган Адамс» деп айтылып келет. Алыска барбай эле Россияны алалы, «Ельцинге караганда Путинди Россияны бутка тургузду» дейбиз.
Кыргызстандачы? Биринчи президент Акаев биздин аң-сезимибизге биринчи бойдон эмес, качып кеткен президент катары көбүрөөк сиңе баштады. Өзүңөр жакшы билесиздер Акаев тууралуу гезитке мындан 5 жыл мурда (өзүмдүн ысымымды атабай) «Акаев дагы 4 жылдан кийин Кыргызстандан үйбүлөсү менен качып кетет» деп айткан элем. (Менден кийин бул ойду бир нече көзү ачыктар да айткандай болду). Мен ачык айтып коюшум керек, Акаев өз башын, өз байлыгын сактап калайын деп качкан жок, ыйман-күнөөсүнүн оордугун сезип качты. Демек, ал жеке башынын күнөөсүнөн качса качаар, байлыгын сактап калам деп качса качаар, ал эми күнөөсүн тартпай эч жакка качып кутула албайт. Качкан адамдын артында кууган ыймандын изи жатат, андан эч ким качып кутула албайт. Эң кызыгы, мындан 7 жыл илгери мен Акаевдин: «Биз ыйманды сактасак, Кудай бизди сактайт» деген сөзүн окуганмын.
Ачыгын айтуу керек, кудайдын ысмы оозубуздан чыкканда, кудайдын кулагы ачылат, Акаевдин кудайга жеткен бул сөзү өзүнө жаза болду. Ыйманды сактаган адам минтип өз жеринен безип кетпейт эле. Кудай алдында качкандын жолу тар.
Элдин толкуну менен Кыргызстандын өлкө башына Курманбек Бакиев келди. Эсиңиздерде чыгаар, Б. аттуу көзү ачык Кыргызстандын экинчи президенти шыңга бойлуу келген, чачы тармалыраак, буга дейре чет жакта бир нече жыл иштеп келген адам болот (К.Бакиев да Россияда бир нече жыл эмгектенип жашап келген эмес беле?!), ал элдик улуу толкундан кийин (24-март, 2005-жыл) бийликке турат деп айткан. Анда жубайы башка улуттан экендиги да айтылган эле. Көрдүңүздөрбү?! Алланын оозундагы көзү ачыктын сөзүндө турат. Менин айтайын дегеним, акыркы учурларда Бакиевдин бийлик башына келишин ар ким ар кандай божомолдойт. Айрымдар «күч менен келди, мыйзамдуу президенттен бийликти тартып алды» деген суу кечпеген сөздөрдү айтышат. Бийликке ар ким ар кандай жол менен келет. Бирок, бийлик периште-куштай кимге Жараткан тарабынан ыраа көрүлсө, так ошол адамдын желкесине келип конот. А эгерде андай тагдыр башка бирөөгө буйрубаса, анда Жараткандан миң жолу жалбарып сурасаң да ишке ашпаган кыял.
Адам тагдыры сандар менен да бекем байланышкан. Кыргызстандын экинчи президенти Бакиевди колдоочу сандар эсеби - 2, 5, 7, 9. Бакиевдин бийликке келген жылы - 2005, бул сандардын биринчи жана акыркысын кошсок 7 чыгат. 7 саны да Бакиев үчүн төлгө сан. Быйыл 2007-жыл Бакиев үчүн эң ооматтуу жыл болот. Бул жылда аны колдогон эки цифра тең бар - 2 жана 7. Ушул жылы Кыргызстандын экономикасы алда канча көтөрүлүп, элдин Бакиевге болгон толук ишеними калыптанат. Ага каршы турган күчтөрдү эл өзү айыптап чыгып, аларга болгон үмүтүн үзөт. 7 - кыргыз эли үчүн да төлгөлүү сан. Бул жылы элибизди Кыдыр жылоолоп кара кийик жылы элибиздин ооматы ашып, кийик баскан бийиктикке көтөрүлөт. Бакиевдин сырткы бет түзү­лүшүндө айкөл­дүк менен сырттандыктын, берешендик менен жөнөкөйлүктүн изи жатат. Мына карасаңыз, Акаевдин тушунда 2 млрд. карызга баттык, Бакиев өзүнүн бир жарым жылга жакын бийлик сүрүү­сүндө четтен бир тыйын да карызга албай, өлкөдөгү жакыр катмарлардын айлыгын көтөрдү, жаш балдарга ысык тамак ыроолоду. Кары-картаңдардын пенсияларын жогорулатты. Бул да жөн жерден эмес. Бергенге берет Жараткан …
Бакиев Кыргызстандын экономикасын 2010-жылга чейин болуп көр­бөгөндөй көтө­рөт, анткени, ал өзүнө-өзү ишенген, ички ишеними күчтүү инсан. 2009-жылы (9 саны да төлгө сан) жалпы эл аны 2010-жылы өтүүчү Президенттик шайлоого көтөрүп чыгат. Бакиевге каршы чыгып, 2-ноябрда анын отставкасын талап кылган көптөгөн саясатчылар аны менен таламдаш жээкке өтөт. Бакиев 2010- жылы экинчи ирет президенттикке шайланып, 2015-жылга чейин Кыргызстандын экономикасын бийик деңгээлге жеткирип, өлкөнү алдыңкы мамлекеттер санына кошот.
Эл Бакиевди 2015-жылы да президенттикке көтөрүп чыгат, бирок, ал Эл алдында жигиттик сөзүн берип, президенттик шайлоого барбай тургандыгын жарыя кылат. Өлкөнүн үчүнчү президенттигине эч кимдин талапкерлигин колдобой, «Кимиң күлүк болсоң, ошонуң озуп чык» деп жолду эл ишенимине арзыган мыктыларга ачып берет.
Ал эми ар кандай митинг же элди көтөрүп чыгуу менен бийликке жетебиз деген айрым күчтөр эч качан өз максаттарына жете албастыгын ачык айтып коюум керек. Бийлик - бул куш, Жараткандан ыроолонгон куш. Ал да Жараткандын мээри түшкөн адамдын желкесине конот. Элибиз: «Таалайлуудан талашпа» дейт. Бул сөз миң ирет өз чындыгын ырастап келет. Ал эми ошол азыркы президентке бут тосуп, бийликке умтулам дегендердин ар биринин алдында ар кандай тагдыры бар, күнөөсү да бар. Бирок, аларды ачык айтуудан айбыгып турам. Эгерде, алар өз жолун туура жолго, ыйман жолуна коём десе, өздөрүнүн пейилин оңдош керек, «Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа»… Аны Жараткан да билет… Акыркы кездеги Кочкор менен Баткендеги жер титирөө да пейили бузулуп бараткандарга табият тарабынан эскертүү деп кабыл алышыбыз керек.

Мына ушундай, урматтуу окурман. Акыркы кезде ар кандай көзү ачыктык жоромолдоолорду кандайдыр «таза монета» аркылуу кабыл алуу кыйын болуп бараткандай сезилсе да жогоруда өзүнүн атын сырдуу бойдон калтырууну каалаган аялдын сөзүнүн баарын, сынын да, сырын да кетирбей бергенге аракет жасадык. Балким, редакциябызга атайын келип өзүнүн ички сырларын айткан бул аялдын кебинде да угут бар чыгар?...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
almasberg
2009-08-30 16:32:42
0
nurzada92
2011-10-14 02:11:29
Козу ачыктар дооруй береерине дагы бир жолу кубо болуп жатабыз. Кенешим аларга барбагыла,толго ачтырбагыла, бул чон куноо болоорун унутпасанар. Аллахым озу элимди колдосун.
0
som
2012-02-20 19:11:53
бакиевдин колунан бок да келбейт кошоматчы толгочуго ишенбегиле
0
kuba55
2012-02-27 13:22:24
som туура айтасын былжыраптыр
0
zoro21
2012-11-25 11:29:45
salam! 'эми ушул бакшыны таап Бакиев куткаруучу эмес кулатуучу экенго деп сураса болобу?
0
shirin27
2012-12-10 01:34:48
Super info ushul kozu achiktan emi suragila chi Dagi kimdi emne dep aytip beret eken. Ay da ushul chinovnikter ozdoru birinchi jonoshot kozu achiktarga. Kuday sakta bul jalgan duynonun fitnasinan. Shirk turushu menen shirk. Allah Jana bir gana Allah
0
akjol1989
2013-08-26 20:45:10
ЭЭЭ кудай атып кырып кетти гобул куткарбай эле...
0
Nurs19.kg
2013-12-11 21:34:11
Козу ачыктарга ишенбегиле,биздин жашообузду бир гана аллах билет
0
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан