Учурда Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон, Сузак районунун тургундары козу карын терип сатып, акча табышууда. Маектештерим, Аксы районунун Аркыт айылынын тургундары Дариха жана Гүлмира айымдар бул тууралуу кеңири айтып беришти.
Дариха Шабданова, козу карын терүүчү: «КЫРГЫЗ КОЗУ КАРЫНЫ ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ»
– Дариха эже, бул жумуш сезонго карата эле болсо керек?
– Ооба, кар эрип, күн жылыганда башталат. Ашып кетсе бир айга гана созулат. Эми бул аба ырайына жараша болот. Эгер аба ырайы жаанчыл болсо, козу карындар жыш чыгат. Кургакчылык болгон жылдары козу карын сейрек кездешет.
Козу карындар негизинен аралаш токойдо, жаңгак, долононун түбүндө, нымдуу, чым, кара топурактуу жерлерде өсүп, топурак менен түспөлдөшүп кетет. Жакшылап карабасаң байкабай өтүп кетишиң да мүмкүн.
– Кыргызстанда козу карындын түрлөрү көп эмеспи. Анын ичинде уулуусу да бар дегендей...
– Уулуу же уулуу эмес экенин жыттап ажыратса да болот. Эгер жыттаганда же бышырып жатканда дарыдай жыттанса, анда уулуу козу карын. Негизинен биз кыргыз козу карынын теребиз. Илимий аталышы сморчок. Башынын, калпагынын көрүнүшү кой-козунун карынын элестетип турат. Менимче, козу карын деген аталыш булардын сырткы көрүнүшүнөн улам алынганбы деген ой келет. Биз терип жаткан козу карындын өңү саргыч-күрөң жана кочкул кара түстө, узундугу 3-10 сантиметр болот. Чыгары менен терип албасак, соолуп, колдонууга мүмкүн болбой калат.
– Сыр болбосо бир күндө канча тересиз?
– Жакшы терген адам күнүнө 12-15 килограммга чейин терет. Кургатып саткандарга 100-150 сомдон өткөрөбүз.
– Козу карындарды өзүңүздөр да ашканада кеңири колдоносуздарбы?
– Ооба, көбүнчө кууруп жейбиз. Сууга 10-15 мүнөт кайнатып алып, эт, картошка менен кууруп, ириктерин сорттогондон кийин калган күкүмдөрдү мантынын туурамжысына, шорпого кошуп жиберсе да аябай даамдуу болот. Даамдуу гана болбостон, ден соолукка да пайдалуу. Себеби курамында А, В, Д, РР витаминдери жана фосфор, калий, цинк, жез жана башка керектүү заттар бар. Рак, кургак учук, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат.
Гүлмира Кумашова, козу карынды кургатып дүңүнөн сатуучу:«КЫРГЫЗ КОЗУ КАРЫНЫ ЕВРОПАДА БААЛУУ»
– Гүлмира айым, козу карын сатуу менен алектенгениңизге канча болду?
– Козу карын сатуу бизнеси менен алектенгениме 5-6 жылдай болуп калды. Ачыгын айтсам, өзүм тербейм, теримчилерден сатып алып, кургатып, дүңүнөн өткөрөм. Атайын Базар-Коргон, Жалал-Абаддан кишилер келип алып кетишет. Угушумча, алардан түрк ишкерлери алып, Европа өлкөлөрүнө экспорттошуп, ал жакта ресторандарда мындан ар кандай салаттын, тамактын түрлөрү жасалат.
– Учурда козу карындардын баасы канчадан болууда?
– Козу карын терими башталганда 100 сомдон алчумун, азыр 150 сомго көтөрүлдү. Анткени азая баштады. Сатып алган козу карындарды кургатып, килограммын 2400-2500 сомдон өткөрүп жатам. Былтыр 3000-5000 сомдон сатканбыз.
– Атайын мештерге салып кургатасызбы?
– Кургатуунун да өзүнчө түйшүгү бар. Табигый түрдө эле, жел жүрүп турган жайларда кургатабыз. Билесиңер да, айылда ар бир тамдын чатырынын астында топурак менен шыбалган жай бар. Мына ошол жерге, топурактын үстүнө жука кылып жаям. Козу карындын 90 пайызын суу түзгөндүктөн топурак аны сиңирип алат. Коңур кургак болгондон кийин күнгө жайып кургатып, мүшөктөргө салып коём. Кургак жерге сактоо керек. Күн ачык кезде терилген козу карындын 11-12 килограммынан 1 килограмм кургагы түшөт. Жамгыр жаап жаткан учурда терилген козу карынды албаганга аракет кылам, актабай калат экен. Бир жолу мага бирөө 18 килограммга жакын козу карын алып келди. Эксперимент катары атайын аны өзүнчө жайып, кургаттым. Жыйынтыгында 990 грамм эле кургак козу карын чыккан.
– Кызыктуу маалыматтарыңыз үчүн рахмат.
КАНТИП ТЕРҮҮ КЕРЕК?
КАЙДАН ТЕРҮҮ КЕРЕК?
КАЙДАН ТЕРҮҮ КЕРЕК?
Дамира Арстанова
koom@super.kg