SUPER.KG порталынын Супер ТВ бөлүмүнүн кабарчысы Айзат Болотбек кызы кучак толо роза кармап түшкөн сүрөтүн интернет баракчасына илген эле. Бул кооз гүлдөр кимден экенине кызыгып, сурабай коё албадык.
«Кучак толо роза гүлдөрүн алуу көпчүлүк кыздардын кыялы болсо керек. 101 розаны жакын, болгондо да сүйүктүүмдүн колунан алган өтө жагымдуу болду. Бул белек жан дүйнөмдү эле кубантпастан, бөлмөмдү да кооздоп турат. Азырынча ал адамдын ким экендиги сыр бойдон калсын, эң негизгиси, өзүбүз билгенибиз жетиштүү,- дейт алып баруучу.