15-апрелде Москва шаарында өткөн КВНдин Жогорку Лигасынын чейрек финалында «Азия Микс» командасы жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп, жарым финалга өттү. Бул ирет мекендештерибиз мыкты даярдык менен барганын далилдешип, калыстардын алкышына арзышты. Команданын «шаманы» Бактияр Касымалиевге байланышканыбызда, ал: «Биздин максат – финалга чыгып, чемпион болуу. Жакшылап эс алган соң сентябрда өтчү жарым финалга даярдыкты кызуу баштайбыз»,- деп билдирди.
Эскерте кетсек, өткөн жылы «Азия Микс» командасы Жогорку Лиганын жарым финалынан өтпөй калган эле.