Адамкул Жунусов Бажы кызматынын башчылыгынан бошотулду. Анын ордуна өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков АЗАМАТ СУЛАЙМАНОВДУ дайындады.
Өлкөдө 13 миң ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР билим алышат. Алардын эсебинен Кыргызстан 8 миллион доллардын тегерегинде киреше табат.
«Чек арасыз репортёрлор» эл аралык уюмунун отчётуна ылайык, Кыргызстан СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН индекси боюнча 180 өлкөнүн арасынан 85-орунду ээледи. Башкача айтканда, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында жалпыга маалымдоо каражаттары эң эркин мамлекет деп табылды. Алсак, коңшу Казакстан 160, Өзбекстан 166-орунда.
Быйыл мектептерде АКЫРКЫ КОҢГУРОО салтанаты 27-майга белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
2015-жылы Кыргызстанга келген МАЛАЙЗИЯЛЫК ЖАРАНДАРДЫН саны 6 эсеге көбөйгөн. Маалым болгондой, 2014-жылы Кыргызстанга малайзиялык 62 жаран келсе, 2015-жылы алардын саны 368ге жеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги маалымдайт.
Өлкөдө төрөтканаларда «БЭБИ-БОКС» же энеси жериген ымыркайларды таштап кетүү үчүн атайын контейнер орнотуу пландалууда. Бул аргасыздан келип чыккан чечим экенин саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары УЛАН УЕЗБАЕВ кызматынан бошотулду. Уезбаев буга чейин Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу боюнча тендердин айланасындагы ызы-чууга тиешеси бар экени айтылган.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 4-класстын ОКУУЧУЛАРЫНЫН 80 пайызы окуп жаткан тексттин маанисин түшүнө албайт.
Өлкөдө УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН 821 катышуучусу бар жана аларга 9-майда 10 миң сомдон жылына бир жолку берилчү акча тапшырылат.
Беш күндүк график менен иштегендер үчүн 3-4-майдагы иш күндөрү 30-апрель жана 7-майга жылат. Ошентип, 2-5-май күндөрүнүн аралыгы ЭС АЛУУ деп жарыяланды.
Президент Алмазбек Атамбаев Опера жана балет театрынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууну өкмөткө тапшырды.
АЛМАЗБЕК КАДЫРКУЛОВ Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.