(Башы өткөн сандарыбызда)
Айтылган ар кандай сөздөр Бактиярдын ата-энесине, алтургай менин үй-бүлөмө чейин жете баштады. Биздин мамилебизден шек санаган алар улам телефон чалып суракка алышат. Акыркы мезгилдерде Бактияр ата-энеси менен сүйлөшүүдөн айбыгып жүргөнүн байкадым. Мунун баарына мен себепкер экенимди кантип билбей калайын. Ортодо ата-энесин да, мени да кыя албай же ачыгын айтып түшүндүрө албай кыйналып жүрдү. Алтургай аларга башканы, мага башканы, досторуна болсо таптакыр башка сөздү айтып, калп сүйлөгөнгө үйрөндү...
Аңгыча жаз ортолоп, менин туулган күнүм келди. Бактияр экөөбүз кафеге барып белгилемей болдук. Тамак-аш, суусундукка кошуп, Бактияр өзүнө сыра алдырды. Сырага бир топ кызып калган кезде туулган күнүм менен куттуктап тост айта баштады:
– Жаным, сен менин жалгызым экениңди унутпа! Туулган күнүң кут болсун! Биз ар дайым бирге болобуз, бактылуу болобуз!- деди да, «мен Маликаны сүйөм!» деп залды жаңырта кыйкырды. Кафеде тамактанып отурган элдин баары бизди таң кала карап, мен уялганымдан бетимди колум менен баса калдым.
– Ишендиңби, кандай сүйөрүмө?
– Жок, дагы эле ишенген жокмун,- дедим эмне кылар экен деп.
– Эл-журт, мен Маликаны сүйө-өм!- деп ого бетер айлананы жаңырта кыйкырды. Отурган эл мындай турсун, ашканада тамак даярдап жаткан ашпозчу, кафенин кызматчылары да чуркап чыгып карап калышты.
– Мен Маликаны сүйөм!- деди да, колундагы бокалды бийик көтөрдү. Карап тургандар шатырата кол чаап, махабатыбызга суктанып, улуу-кичүүнүн баары жылмайып турушту. Музыкант «аруу махабат ээлерине арналат» деп жандуу үн менен ырдай баштады. Бактияр экөөбүз залдын ортосунда вальс бийлеп, жагымдуу музыкага балкыдык.
Бул менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күн болуп калды.
Туулган күнүмдөн эки күн өтүп, Канат айылынан келди. Анын кеткенине бир жума болгон эле. Бактияр экөөбүздүн артыбыздан какшык сөздөрү көбөйүп баратканына карабай, Бактиярдын досу, тууганы катары тосуп алдык. Ал таксиден түшүп-түшпөй биз жашаган терезени карап, «Тилла, мен келдим» деп кыйкырды. Бактияр экөөбүз керектүү буюмдарыбызды алганы базарга жөнөп жатканбыз. Анткени бир куту ширеңке же самын керек болсо да базарга бирге барар элек. Канатты көрүп ичимден тынып, дилим бузулуп кетти.
Кечээ эле Бактиярга миң түркүн кеңеш берип, «баарыбыз жаш аял алсак, сен өзүңдөн улууга үйлөнөсүңбү? Анда кычырап окуубузду бүтүп, диплом алып, чоң кызматтарда иштеп калабыз го... Машинабызга жаш келинчектерибизди отургузуп алып зуулдап дегендей... Сен, тууган, экөөбүз ошондо да кыйышпас дос бойдон калабыз, бирок...» деп айтып, сөзүнүн арасында «жаш кыздар», «улуу кыздар менен» дегенге басым жасаганын далай уктум. Ушул сөздөрдү айткан Канат бүгүн өзүнөн улуу гана эмес, турмуштан чыккан жубан менен мамиле түзүп, аны сүйүп жүргөнүн Бактияр элес алмак түгүл, «кечээ мага күлдүң эле го» деп бир ооз сөз кайрый элек. Ушуларды ойлоп, жарым жолго жеткенде:
– Бактияр, сен оозуңду ачпай Канаттын өзүнө жараша сөз кайтарбайсыңбы?- дедим.
– Жаным, эгер башкалар урушуп жатса, жараштырып койгонго аракет кылмакмын. Эми булар сүйүшүп тил табышып жатса эмне дейм?
– Азыр эле айта кой дегеним жок, сөз кезеги келгенде шөмтүрөбөй бетине айт! Андай экен, бизге садага кетпей тынч жүрүшсүн! Баарынан да «Маликага үйлөнсөң асынып өлөм» дегени эмнеси?
– Деп коюптур да, такыр ошол сөздү унутпай койдуң го! Сага үйлөнсөм эле асынып өлгүдөй акылынан ажыраптырбы?!
– Тескерисинче анын акылы сенден миң эсе көп. Дос-душманды ажыратып, ак-караны ылгаганга акылы жетик, билимдүү. Бир гана кемчилиги – аябай куу. Сен, Бактияр, ишенчээксиң, ашыкча ишенчээксиң! Өзүңдүн акылың жетип турган ишти башкалардын көз карашы менен карайсың, башкалардын акылы менен чечим чыгарасың!
– Сен эмне эле мага «лекция» окуп жатасың?!
– Керек болсо жетеленмесиң, билип кой, оомасың! Бирөөлөрдүн тилине көп киресиң! Бирде бул жолду, анан эле башка жолду тандай бересиң! Адам да ушундай болобу?! Бул мүнөзүң менен мени да, өзүңдү да көп кыйнайсың го, көрө жатарбыз...
– Бар, базарга өзүң бара бер! Ар нерсени айта берип тажаттың!- деп ал жарым жолдон артка кайтты.
– Канатыңа айтып кой, мен сага тийген күнү асынып өлбөсө, кийин өзүм түбүнө жетем,- дедим ызаланып.
Бактияр ого бетер жинденип кетти:
– Малика, сен акылыңды жоготуп койгон окшойсуң?!
– Анын бул сөзүн айтып келбегениңде мынчалык болбойт болчумун!- дедим көзүмдөн заарымды чачыратып. Бактияр мени бир топко таң кала карап турду да, артына бурулган боюнча кетти.
Кечке жуук жатаканага келдим. Тилла мени укмуш «сюрприз» менен күтүп отурган экен.
– Канат айылына барса, Бактиярдын апасы жолугуптур. Чоң атасы катуу ооруп, өлүм алдында экен. Андыктан «неберемди көзүмдүн тирүүсүндө үйлөнтүп койсом жакшы болот эле...» деген имиш, ошого Бактиярды ушул жайда үйлөнтүшөт экен. Өздөрүнүн айылындагы Бегайым деген кызды тандап, анын сүрөтүн Бактиярга берип жиберишиптир,- деди. Денемди майда калтырак басып, анын сөзүн аягына чейин укпай, кантип Канаттын бөлмөсүнө жетип барганымды билбей калдым. Куду касташкан душманыма мушташканы келгенсип, эшигин катуу тарсылдаттым.
– Малика, тынччылыкпы?!
– Кана?!- дедим тамагым буулуп.
– Эмне?- деп кайра мага суроолуу карады.
– Сүрөт. Бактиярдын апасы берип жиберген сүрөт,- дедим калчылдап.
– Өзү берди, ошентип айтса менде эмне күнөө?!- деди кайсалактап.
– Анын кызы бар, көп жылдан бери сүйлөшүп жүрөт, бирге жашашат деп айтпайт белең!- дедим демитип.
– Апасынын маанайын бузбайын деп унчуккан жокмун.
– Адамдардын маанайын бузбаганга акылың жетет экен, анда бул сүрөттү эмнеге алып келдиң?! Менде маанай жок бекен?! Бактиярдын кабары барбы?
– Билет, телефон аркылуу айттым. «Ал кызды бир-эки жолу көргөм, сүрөтүн ала кел» деп өзү айткан.
– Өзү айтты дечи?!- дедим да, колунан сүрөттү жулуп алдым.
Бир балекеттин чыгарын сезип, Тилланын да тынчы кете баштады.
Бактияр караңгы киргенде келди. Ал менин бөлмөмө кирип акыбалымды сурамайын, эч качан өз бөлмөсүнө барчу эмес.
– Жаным, ачууң таркадыбы?
– Ушул Канат аман болсо, менин ачуум таркамак түгүл, жинди болуп калат окшоймун, Бактияр!
– Дагы эмнени баштап жатасың?!
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)