АЗИЯ ЧАКЫРЫК КУБОГУ-2016: КӨЗ КУБАНТКАН КЫРГЫЗ ХОККЕЙИ

9-14-апрель аралыгында Бишкекте хоккей боюнча Азиянын чакырык кубогу орун алды. Үй ээлери Малайзия, Катар, Индия жана Макао командалары менен кез келип, жогорку дивизионго чыгуу үчүн кызуу беттештерди тартуулашты.

ТОП-ДИВИЗИОНГО ЖОЛ ТҮПТӨЛДҮ
Мындан 2 жыл мурун Кыргызстанда эл аралык хоккей боюнча мелдеш – Азия чакырык кубогу өткөн. Анда улуттук курама командабыз чечүүчү оюнда Макаого утулуп калган эле. 1 жылдан соң аталган мелдеш Кувейтте өтүп, анда да хоккейчилерибиз ийгилик жарата алган эмес. Быйыл Бишкек кайрадан Азия чакырык кубогун өткөрүүгө белсенди, жыйынтыгы жаман болгон жок.

1-ТУР КЫРГЫЗСТАН – ИНДИЯ 11:1
Хоккей боюнча башкы машыктыруучу Ниязбек Алиев курамга жаштарды чогултуп, аларга үч легионерди аралаштырган. Мунун жыйынтыгы алгачкы оюнда эле байкалды. Анда хоккейчилерибиз Индия менен күч сынашып, көрүүчүлөр өз ордуларын таба электе эле эсепти Бакыт уулу Бактынур ачууга жетишти. Дуулат Абышевдин алыстан узатылган соккусу да таамай болуп, эсеп 2:0 болду. Буга карабай дендароо боло түшкөн коноктордун дарбазасына шайба кирүүсү уланып жатты. Оюндун жыйынтыгы 11:1 эсебинде аяктап, Индия командасы биз үчүн атаандаш эместиги тастыкталды. Миллиарддан ашкан эли бар болсо да, татыктуу хоккейчилери жок экен.

2-ТУР КЫРГЫЗСТАН – КАТАР 9:0
Күндүн эртеси хоккейчилерибиз Катар менен беттешти. Араб өлкөсүнүн курама командасы биринчи оюнда Малайзияга 3:1 эсебинде уттуруп жиберген. Андыктан бул оюнда жаза кетиришсе, мелдешти утуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырамак. Арабдар өз дарбазасын 7 мүнөт гана сактай алды. Финалдык ышкырыктан кийин 9:0 эсеби катталды. Хоккейчилердин оюну көз сүйүнтүп, ар бир оюн күйөрмандардын кол чабуулары менен коштолуп турду.

3-ТУР КЫРГЫЗСТАН – МАЛАЙЗИЯ 9:5
Бул мелдеште татыктуу күрөш жарата алган команда Малайзия гана болду. Биринчи жана экинчи бөлүктө кыргыз хоккейчилери менен тең тайлаша чуркап, орду келгенде чабуулга өтүүдөн тартынышкан жок. Чечүүчү 3-бөлүктө биздикилер жеңишке болгон аракетин күчөтсө, коноктордун чаалыгып калганы байкалды. Жыйынтыгында негизги курамдагы легионерлер Даниил Шушенко менен Олег Колодий 3-ирет катары менен утуш алып келди. Кыргызстан 3 оюндан 9 упай топтоп, тайпада биринчи орунду камсыздады. Алдыда бир гана атаандаш – Макао турду.

4-ТУР КЫРГЫЗСТАН – МАКАО 8-1
2 жыл мурун дал ушул Макао 3:2 эсебинде Кыргызстанды утуп, топ-дивизионго жолдомону илип кеткен. Ал хоккейчилерибиз гана эмес, күйөрмандардын да эсинен кете элек. Бул сапар спортчуларыбыз Макаонун таш талканын чыгарышты. Капитандыкты колго алган Аман Эсен уулу жеңиш үчүн чабуулду өзү баштаса, чабуулчулук милдетти аркалаган Уран Турсунбеков менен Канайбек Өмүрбеков мыкты оюндарды көрсөттү. Жыйынтыктоочу эсеп 8:1, Кыргызстан Азия чакырык кубогун утуу менен топ-дивизионго жолдомо алды.

Мелдеш жадыбалы:

«ОЮНУБУЗДУН ӨЗҮНҮН СТИЛИ ПАЙДА БОЛДУ»
Улуттук курама команданын машыктыруучусу Ниязбек Алиев:
– Курам улуттук хоккей чемпиондугунда ойногон оюнчулардан тандалган. Ошондой эле тажрыйбалуу легионерлер менен күчтөнүүнү унуткан жокпуз. Мисалы, 15 гол менен мелдештин мыкты бомбардири аталган Олег Колодийди атасак болот. Атаандаштар кар көрбөгөн өлкөлөр экен деп жаңылуунун кереги жок. Себеби аларда эбак эл аралык стандарттарга жооп берген бир канча муз аянтчалары курулуп, мыкты машыктыруучулар менен иштешип келишет. Мурунку жылдарда команда чаржайыт ойноп, муз айдыңында баш аламан болуп жатканын көрчүбүз. Ал эми бул мелдеште улуттук команданын өзүнүн стили пайда болгонун байкай алдыңыздар. Башкача айтканда, «кыргызча хоккей ойноо» деген түшүнүк пайда болду.



Кыргызстан курама командасынын капитаны Аман Эсен уулу:
– Абдан кубанып турабыз. 2 жыл бою Азия чакырык кубогуна катышып, жеңе албай келгенбиз. Эми гана атаандаштардан алда канча мыкты ойноп, татыктуу жеңишке жетише алдык. 4 оюнда жалпы 37 гол киргизгенибиз буга далил. Эми жогорку дивизиондогу командалар менен тең тайлашып ойноо менен тажрыйба топтоп, такшалабыз.
Ал эми өлкөбүздөгү хоккей спортунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов буларга токтолду:
– Учурда Кыргызстандын улуттук чемпиондугунда 4 команда ойноп, оюндар аз гана убакыттын ичинде бүтүп калат. Машыгуу циклин жыл бою үзбөө керек, ошондуктан чет өлкөлүк командалар менен машыгуу жана беттештерди уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Азия чакырык кубогунун уюштуруу иштери тиешелүү деңгээлде өтүп, Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрүнүн назарын бурду. Кыргызстан жогорку дивизиондо ойноого күчү бар экенин муз үстүндө тастыктай алды. Анда Кытай, Япония, Корея, Казакстан жана башка Азия чөлкөмүнүн дөө-шаа командалары менен ат салышат. Алгач улуттук курам 2017-жылы Казакстанда өтчү Универсиадага жана Азия оюндарына катышат. Андан соң апрель айында топ-дивизиондо жүрүшүн баштайт. Эгерде жыйынтыктар ушундай көрсөткүчтөр менен уланса, келечекте Дүйнөлүк чемпиондуктун «С» тайпасында (анча күчтүү эмес командалар тайпасы) ойноого мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Хоккейчилерибиз кубокту татыктуу ала алышты.

Хоккейчилерибиз кубокту татыктуу ала алышты.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
rozka
2016-05-01 08:17:25
Алга Кыргызстан !!ушинтип эле биринчини алып журо бергиле
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан