АЗИЯДАН КОЛО БАЙГЕ, ОЛИМПИАДАГА 3 ЖОЛДОМО

15-17-апрель аралыгында Ташкент шаарында дзюдо боюнча Азия биринчилиги жыйынтыкталды. Бул мелдештер Азиядагы мыкты дзюдочуну аныктоо менен бирге Олимпиадага баруу үчүн упайларды топтоо мүмкүнчүлүгү эле. Аталган мелдешке 12 кыргыз спортчусу аттанган.

НАМЫСКА ЖАРАГАН ЮРА
Алгач кыргыз дзюдочуларынан татамиге 60 килограмм салмак ченинде Отар Бестаев чыкты. Кытай спортчусун оңой эле утуп алган Отар чейрек финалда казак дзюдочусуна утулууга дуушар болду. Коло байге үчүн күрөшүүгө укук алган спортчубуз япондук Юма Ошимага жеңилип калды. Жыйынтыгында 5-орунга гана илинди.
Ал эми 100 килограммдан жогорку салмакта күрөшкөн Юрий Краковецкий таиланддык дзюдочуну утуп, айтылуу өзбек татами чебери Абдулло Тангриевге жеңилип калды. Муну менен ал 3-орун үчүн күрөшүүгө белсенип, түштүк кореялык Ким Сунг Мин менен кезикти. Чыңалуу менен өткөн күрөштө Юрий болгон аракетин жумшады, себеби Олимпиадага баруу үчүн упайларды топтоо зарыл эле. Кармашуунун аягында гана жеңиштүү упайды алып, коло байге ээси аталды. 
Кыз-келиндер арасынан 78 килограмм салмакка чейинки категорияда Нагира Сарбашева 5-орунга илинди. Ал жаракатынан улам 3-орун үчүн болгон беттешке чыга албай калды. Калган дзюдочуларыбыз алгачкы беттештеринде жеңилүү ызасын тартып, ийгилик жарата алышкан жок. Командалык эсепте Кыргызстан 31 өлкөнүн арасынан 11-орунга татыды.

«ОЛИМПИАДАГА 3 ЖОЛДОМО КАМСЫЗДАДЫК»
Азия чемпиондугун жыйынтыктоо менен бирге «Рио-2016» Олимпиадасына канча жолдомо камсыздаганы тууралуу КРнын дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов айтып берди:
– Азия чемпиондугунда биздин ишенимди бир гана спортчубуз актап, медалга татыды. Бирок жарым финалдык беттештерде Отар Бестаев менен Нагира Сарбашева беттешкен кармаштардагы калыстардын чечими бир далай суроолорду жаратты. Муну менен бирге Дүйнөлүк жана Олимпиадалык рейтингдерде спортчуларыбыз упайларды топтой алышты. Анын жыйынтыгында 3 дзюдочу Олимпиадага жолдомо алды деп айтсак болот. Алар Отар Бестаев, Юрий Краковецкий жана Нагира Сарбашева. Бирок муну расмий түрдө Азербайжан жана Казакстанда боло турчу мелдештерден кийин айтуу керек. Башында 4 лицензия алуу тапшырмасын койгонбуз. Аталган эки мелдештен Чыңгыз Мамедов, Владимир Золоев жана башка дзюдочуларыбызга үмүт артабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан