ПЕДИАТР КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго №9-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач педиатры БҮАЙЫМ ЖОЛДУБАЕВА жооп берет.
«БРОНХИТ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАНДАР СПОРТТУН КАЙСЫ ТҮРҮ МЕНЕН МАШЫКСА БОЛОТ?»
– Балам бронхит менен жабыркайт. Спорттун кайсы түрү менен машыкса болот?

Айгүл, Токмок шаары

– Бронхит – бул бронханын ички былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү. Бала бронхитке кабылбаш үчүн жаңы төрөлгөндөн баштап эле сууга түшүрүү менен организмин чыңдоо керек. Бронхит менен жабыркагандар сууда сүзүү менен алектенгени жакшы, ошондой эле таза абада сейилдеп баскан пайдалуу.

«1 ЖАШЫНДА КАНЧА ТИШ ЧЫГЫШЫ КЕРЕК?»
– Балам 1 жаштан өттү. 8 айында 8 тиши чыккан. Ошол боюнча токтоп калды. Эмнеге тиши чыкпай калды деп сарсанаа боло берем. 1 жашында канча тиши чыгып калышы керек? Биздики нормабы же кальций бериш керекпи?

Алтынай, Токмок шаары

– 1 жаштагы баланын 8 тиши чыкса нормалдуу көрүнүш. 1,5 жашында азуу тиштери кошулуп 12 тиш чыгат. 2 жашка чейин бардык тиштери чыгып бүтөт.

«1 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛАГА КАНДАЙ ТАМАКТАРДЫ БЕРҮҮ КЕРЕК?»
– Менин балам нанды тиштеп үзүп жегенди жакшы көрөт. Кечке жей бергениненби, өткөндө ичи катып көпкө кыйналды. Дүкөндөрдө сатылган ботколорду көп бербегенге аракет кылабыз. Баланы ичи катпай тургандай кылып кантип туура тамактантууга болот?

Акмаанай, Кызыл-Кыя шаары

– Балага жашылчалардан жасалган ботколор пайдалуу. Сабиз, картошка, капуста, ашкабак, кызылча сыяктуу жашылчаларды сууга бышырып, эзип берүү туура. Андан сырткары кадимки биз жеген тамак-аштарды берүү керек. Куурулган тамактар сунушталбайт. Булар өт оорусуна алып барат.

«УУЛУМ КӨП ТЕРДЕЙТ»
– Балам 1,5 жашта. Ыйлаганда, эмчек эмгенде деле тердей берет. Врач «D витамини жетишпейт, күзүндө, кышында D3 витаминин бер, күн ысыганда токтотосуң» дегенинен кышында ичирип жүрдүм. Бирок тердегени калган жок. Учурда баламды күнгө көп эле алып чыгып жатабыз. D3 витаминин ичире берсем болобу?

Айсулуу, Талас шаары

– D3 витаминин убагы менен дарыгердин айтуусу боюнча берсе, ошого карабай тердеп жатса, анда баланын гемоглобини төмөн болушу мүмкүн. Эгер аталган витамин туура эмес, талапка ылайык берилбесе, балада итийдин белгилери кала берет. Күн ысыкта берүүгө болбойт. Анткени күн ысыганда аталган витамин теринин алдында өзү пайда болот. Кээ бир ата-энелер балдарыбыз күндө эле жүрөт деп узун жеңдүү көйнөк, шым кийгизип коюшат. Мында күндүн нурунан витаминдер жетиштүү деңгээлде кабыл алынбайт. Майка, трусачан эле коё бериш керек.

«КЫЗЫМ АРЫК, БОЮ ДА КЫСКА»
– Кызым 8 жашта. Бою кичинекей, арык. Тамакка болгон табити да начар. 5 жаштагы кыздардын өлчөмүндө кийим киет. Мен да, атасы да сөөктүү, салабаттуу эле кишилербиз. Андан кийинки эки балам бул кызымдай кичинекей эмес.

Каира, Токтогул району

– Каны аз бала арык, кичинекей болот жана тамакка табити тартпайт. Кызыңыздын гемоглобинин текшертүү керек. Негизи 15 жашка чейинкилердин гемоглобинин өлчөмү 120 болушу нормалдуу көрүнүш.

«ИЧ КАТУУ ЭМНЕДЕН УЛАМ БОЛОТ?»
– 6 жаштагы кызым бар. Ичи ката берет, 2-3 күндө бир заңдайт. Мүнөздөп тамак берүү керек деп угуп, тамагын деле көзөмөлдөп жатам. Жашылча-жемишти көп бергенге, камыр тамактарды аз бергенге аракет кылам. Бирок жыйынтык жок. Негизи ич катуу эмнеден улам болот?

Акмарал, Бишкек шаары

– Ич катуу эки себептен болот. Биринчиси, ичегиде керектүү микробдордун азайып кетишинен улам тамак сиңирүү начарлайт. Экинчиден, өт түтүкчөсүнүн формасы бузулуп, бүктөлүп калганда ич катат. Андыктан дарыгерге кайрылып оорунун себептерин билиңиз, дарылоо ошого жараша жүргүзүлөт.

«ТАКЫР ТАМАК ЖЕБЕЙТ»
– Кызым Малика 1 жаштан өттү, эмчек эмет. Такыр тамак жебейт. Тамак берерде чоң энеси, чоң атасы маскарапоз болуп жатып алдап араң жедиребиз, эмнеден улам мындай болот?

Мээрим, Кара-Көл шаары

– Негизи баланы 1 жашка чейин гана эмизиш керек. 1 жаштан кийин эненин сүтүнүн сапаты начарлайт, балага пайдасы жок. 1 жаштан кийин эмчектен чыгарып, андан көрө тамак-аш берүү баланын өсүүсүнө жакшы жардам берет. Ошон үчүн дарыгерлер 6 айдан кийин эле кошумча тамак бергиле деп айтабыз. Тамактан баш тартканы – эмчекке көнүп алганы же канында гемоглобиндин өлчөмү аз болушу мүмкүн.

«БАЛАМДЫН ЧАЧЫ ТЕГИЗ ЧЫКПАЙ ЖАТАТ»
– Баламдын чачы аз, кала берсе маңдайкы чачтары жок. Чачы тегиз чыксын деп маңдай жактарын устара менен кырып да көрдүк. Кайра эле мурункудай өсүп жатат. Атасынын да, апасынын да генинде кашка баштар жок. Эмне кылыш керек? Анан да чачты кырса коюу, кайраттуу болот деген чынбы?

Сезим, Нарын шаары

– Чачынын тегиз чыкпашы итийдин белгиси. Кичинекейинде итий болгондордун көбү кийин кашка баш болушат. Чачты устара менен кырса чач коюу чыгат деген туура. Бирок итийлердики андай болбойт, алгач ооруну дарылоо керек.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Nurzatka94
2016-04-25 09:29:53
Ошондо итийге каршы эмне кылышыбыз керек? Анын кандай зыяны бар?
+1
Shat.88
2016-04-30 18:27:02
Nurzatka94,итийге каршы минерал витаминдердин топтому бар препараттар бар алардыврачтын коргозмосу менен беришиниз керек
0
aijan
2016-04-25 10:04:40
Жакшы жооптор. Бирок устарадан чач кобойт, чач чыкчу тамырчалардын(луковица)саны ошо бойдон калат. Улам бала чонойгон сайын чач жоонойуп катуулагандыктан алынган чач да коюу корунуп калат.
Эненин суту бала чонойгон сайын ага ылайыкталып озгоруп турат. Бир жаштан сон сутум начарлады деп кескин эмизбей коюу зарыл эмес. Ар бир эне шартына карап эмизип анан эмчектен чыгарат деген пикирдемин.Сут начардыгынан эмес, эмген бала тамакты дурустап жебей жатканынан улам эмчектен чыгарсаныз дурус десе болмок
+8
tokitok
2016-04-25 12:25:17
супер неге менин суроомо жооп болбой жатат?илгери эле жаздым элего педиатрга?же эмне эч ким билбейт бекен?
же силер жоопберет деп калпычы болуп каласынар.
0
admin_superstan
2016-04-25 14:23:09
tokitok, саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жазып жөнөтүңүз.
0
adi.sumi
2016-04-25 22:20:35
итийи эмнеси? Мен бир жаштан откондо эле чыгаргам. Бирок тункусу отоле кыйналдым уктата албай ыйлаган сайын чай берип сут берип соска м.н. Ээ жаман эле кыйналдым да 2ге чыкканга чейин
0
Shat.88
2016-04-30 18:30:06
adi.sumi, итийдин орусчасы рахит уксаныз керек d витамини пайдалуу, балыктын майында болот
0
nurzhaz
2016-04-26 09:58:28
менин угушумча эмчек сутундо таурин гормону бир жаштан сон пайда болот деген эле ошону эмизсе баласы мээримдуу болот экен.
0
Azikko
2016-04-26 10:19:09
Мен баламды 2 жашында аран чыгардым,азыр эмчегимдин суту тарабай кыйналып атам эмне кылсам болот ким билет жазып койгулачы. Дарысын дагы ичип кордум
0
DAIN
2016-04-28 18:17:01
Azikko,аптекадан комфорное масло алып суйкоп массаж жасаныз, марлиге куюп эмчегиниздин устуно жаап чон жоолук менен катуу байлап алсаныз ото жардам берет экен, мен да жакында ошентип кайтардым
0
Shat.88
2016-04-30 18:32:28
Azikko,суюктукту аз ичиниз эмчегинизди катуу байлап алыныз сутко толуп чыдатпай ооруса бир аз саап кайра таныныз акырындап тарайт
0
kundduz
2016-04-26 10:46:59
Кээде эмип жатканда кызымдын башы тердеп кетет бул эмнеден улам болот admin_superstan Ушуга кайдан жооп . Алсам Болот
0
admin_superstan
2016-04-26 12:01:39
kundduz, Azikko, саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жазып жөнөтүңүз.
0
begimai1989
2016-04-27 02:26:19
kundduz,эмип жатканда тердеп атса бул норма,анда санда уктап атканда да башы тердеп калат го,бирок кундо эмес бул да норма.коп кыжаалат боло бербениз
0
esimdesin
2016-04-26 23:01:07
жеке эле педиатр эмес чоңдор деле сурасак болобу?
0
Ayzi93
2016-04-27 00:40:51
Саламатсыздарбы!? Биз азыр Санкт-Петербург шаарындабыз, кызым 3,5 айлык уч айлыгында текшерууго барганыбызда салмагы 7,600гр элэ аны педиатр озунун жашына коп тез тез эмизбей уч саатта бир эмиз деп айтты ушул туурабы?
0
begimai1989
2016-04-27 02:28:04
Ayzi93,ооба 3 саатта бир эмизиш керек,эгер эмгенди жакшы корсо соска берип коюнуз.
0
aijan
2016-04-27 03:17:15
Ayzi93, жалан эмчек гана эмсе, атайылап чектоонун кажети жок. Себеби алты айдан сон бала кыймылга киргенде озу эле калыбына келип калат. Болбосо бекер озунор да, бала да кыйналасынар. Ар бир бала озуно ылайык оорчуйт, чоноет. Мисалы, чон адамдарда деле бири бою узун, экинчиси кыскараак, бири толмоч, башкасы арык. Ошондой эле балдар да ар кандай. Бала курсагы ачып ыйлап жатса, сиздин кокурогунуз толуп кетип жатса, эмизбегенден эмизген эле он. Жакын арада жумушка чыгууну пландап, эмизууну азайтууну каалап жатсаныз, анда башка кеп.
0
gulaza
2016-04-28 11:38:20
Ayzi93,орустар кыргыз ымыркайларды орус сыяктуу маалымат берет биз баарибир кыргызбыз,бизге орус педиатр мен уга элек нерселерди айткан бирин да аткарбадым азыр жакшы 1,5 жашка толдук
0
nargis
2016-04-27 13:39:55
Эмизип эле жата бербей масаж жасап туруш керек чымыр денелуу болот эмизуунун зыяны жок,пайдасы ото коп,3,5ай болсо далысын бутарын таманын коп массаждагыла .
0
Ayzi93
2016-04-27 19:31:29
nargis, Эмизип элэ жата бергенге бала деле конбойт,Кайсы энэ элэ ошентип жата берсин, массажды кунуно канча жолу эмизсем ошончо жасаймын...
0
Ayzi93
2016-04-27 19:36:18
Ар уч саат сайын болбосо дагы эмгенинин аралыгы кундузу бир жарым сааттан эки саатка чейин болот,тундосу 4 саатка чейин созулат. Анан дагы эмип жатканда башы тердегени эмнеден?
0
nargis
2016-04-28 09:15:29
Ayzi93.мен 3 бала чонойтум кичинесинде башы тердей берчу ,,азыр кудайга шугур ден соолугу жакшы,тердегенде башын да массаж кылып турчуумун калып кетти.
0
nargis
2016-04-28 09:30:38
Анан да салмагы коп десе озундун тамакка болгон табитин кара камыр татту ж.б ,бала тынч уктаса ден соолугу жакшы эле болот.Мен балдарымды 4жашка чейин эмиздим бул практика.
0
Айзат
2022-12-29 00:06:00
Саламатсызбы мен жаны эле торогом баламдын Ичи чон эмнеден андай болот
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан