– Мен муздак жайда төрөлдүм. Апамдын жылуу курсагынан бул ичиркенткен дүйнөгө келгендеги эң биринчи оюм ушул болгон. Суук экен. Ыңаалап ыйлап жибердим. Сууктан эмес. Жөн эле. Эркелеп, эреркеп. Мени чыдамсыздык менен күтүп жатышат го дегем. Бирок...
Апам. Апамдын жытын жазбай тааныдым. Кандай гана жагымдуу. Мен, албетте, анын жүзүн көрө элекмин го. Бирок ал абдан сулуу болсо керек. Апамдын колдору мени орой кармап ары түрттү. Эмнеге? Мен келдим го. Бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жүргөм да. Ал эмнеге орой?
– Сен гана жетишпей жаткансың!
Апамдын бул сөзүн жакшылыкка жоругум келди. Эми мен келип апамдын дүйнөсү түгөл боло түшөт окшойт дедим. Бирок...
Мен эркелеп ыйлай бердим. Курсагым да ач. Бирок... Бирок капыстан апамдын жытын жоготуп алдым. Эми чындап ыйладым. Кайда кеттиң? Апа-а!
Чоочун бирөө жаныма келгенин сезип жатам. Мени жыттап жатат. Бул эмне мурду сууланган? Адам эмес. Апам эмес. Чоочун жандык ырылдай баштады. Кыязы, менин апамды чакырып ыйлаганым анын жинине тийди окшойт.
Колум... Колум ооруп жатат. Токтотчу! Колум! Бутум! Токтотчу! Аа-а! Бул жырткыч менин азабымды түшүнө алган жок. Ал ачка экен. Мени тытып жеп жатты.
Денемден жаным бөлүнүп, четте карап турдум. Азабым түгөндү деңизчи... Бирок мен ыйлап жаттым. Менин сулуу денемди, бойтойгон колумду, бойтойгон буттарымды ит талап кара курсагын тойгузду.
– Карачы, эмне кылып салдың? Кандай сонун эле, бүт бүлүндүрүпсүң?!- ала дөбөткө кыйкырдым. Ал оозу-башын жаланып көңүлү ток. Мени укпады.
– Ыйлаба... Мен сага андан жакшысын жасап берем...- белгисиз жагымдуу үн чыкты.
– Апама мен бул бойдон жакпай калам... Карачы, ала дөбөт колумду жулуп салыптыр...- мен ыйлай бердим.
– Ал апаң эмес. Ал сени адашып алып алыптыр. Чыныгы апаң сени чыдамсыздык менен күтүп жатат...
– Жок!- денемдин тытылып жатканын көрүп ыза болуп жаттым. – Мен кайра бул жакка келүүнү каалабайм. Муздак экен. Адамдар муздак...
– Мейли, сен анда менин жанымда жүрө бер.
– А мен сага керекминби?
– Албетте. Периштелер мага ар дайым керек.
– Периште? Менин канаттарым болобу?
– Сөзсүз. Апакай, кичине канаттарың болот...
Марат Жанбараков
lira@super.kg