Учурда Жалал-Абад шаарында иштеп, жашап жаткан ырчы Эмил Балтагуловдун үйүнө барганыбызда келинчеги Гүлгүнай экөө: «Куш келипсиздер! Үйүбүз тар болгону менен, жүрөгүбүз кенен. Пейилиңиздер жакшы экен, башка коноктор да келмек эле, чогуу коноктоп, оңой кутулмак болдук. Чөнтөккө «эконом»,- деп тамашалап тосуп алышты. Үйүн тааныштырууда Гүлгүнай бизге гид болду.
ҮЙҮ ТУУРАЛУУ:
"АТАМ "ТАМАК ЖАМАН БОЛУПТУР, ҮЙ ЧАЧЫЛДЫ" ДЕП УРУШПАЙТ"
– Эмил, үйдү башка жакка, мисалы, Ошко же Таш-Көмүрдөгү апаңдын жанына салбай, эмнеге Жалал-Абадга салгансың?
– Негизи «бул жакка келип иште» деп досум чакырган. Сокулукта жашап жаткан жеримден көчүп келсем, ал чет жакка иштегени кетип калды. Бул жактан жумуш таап, батирге чыктык. Батир акысын эми эле төлөсөң, кайра кийинки ай келип калат. Ушинтип жүргүчө деп жер тилкесин сатып алып времянка салып, былтыр январда көчүп келгенбиз. Бөлмөлөрүбүз чакан. Чоң салалы десек, карыз болчудайбыз. Гүлгүнайдын фобиясы – карыз. Карыз алдык дегиче уктабай калат. Андыктан анын фобиясына тийбедик. Буюрса, эшиктин алдындагы бош жерге 2 кабат үй салуу планда бар. Үйгө өзүм электр жарыгын киргизип, сантехниканы орноттум.
– Колуң көп нерсеге жөндөмдүү окшойт?
Гүлгүнай: – Ушулары эле болбосо отун жаруу, кой союу, малдын этин жиликтөө дегендерди билбейт. Коноктор келгенде тааныштарды чакырып эт бөлүштүрөбүз. Үй иштерин да «илхамы» келгенде гана жасайт.
Эмил: – Бирок майда-чүйдөгө, ашканага киришпейт, токтоо, урушка жок деп мактаганды унутпа.
Гүлгүнай: – Аның чын. Негизи үйдө урушту мен баштайм. Менин оюмдагыны жасабагандыгы, "азыр келип калам" деп күттүрүп жүрө бермей адаты үчүн (күлүп).
Ушул кезде жаныбызда бизге сонуркап отурган 7 жаштагы кызы Мадинага кайрылдым.
– Мадина, сен айтчы, атаң да апаңды урушабы?
– Кээде эле «баланы мага таштап кетип калбай, өзүң карасаң болбойбу» дейт.
– Ушинтип эле урушабы? "Тамак жакшы болбой калыптыр, үй чачылыптыр" дебейби?
– Атам антип айтпайт, урушпайт.
– Үйдө акчаны ким кармайт?
– Атам, апам андан акча алып, үйгө жей тургандарды алып келет.
– Сени эмне деп эркелетишет?
– «Кара кызым» дешет. Мен чаң аарчыйм, пол жууйм, идиш жууйм. Таштандыны канал жакка алып барып өрттөп келем, өрттөгөндө сасыйт. Апам жини келгенде бизди уруп коёт. Атам урбайт, урушуп эле коёт.
– "Жан апам" деген ырды ырдап жүргөнүңдү билем. Эл алдында тартынбай эле ырдайсыңбы?
– Биринчи ырдаганда уялгам, азыр көнүп калдым.
– Оюнчуктарыңар көппү?
– Көп эле. Бирок апам баарын шкафтын үстүнө жыйнап салган. Үйдү чачышат деп ойлойт го.
Канымжан Усупбекова
star@super.kg