Атактуу ырчы жана актриса Женнифер Лопес Америкадагы «W Magazine» журналына үчүнчүкүйөөсү Марк Энтони жана учурдагы сүйүктүүсү Каспер Смарт тууралуу агынан жарыла маек берди. Ырчы өз маегинде «жолдошум Марк Энтони үчүн мен 7 жылдык өмүрүмдүкороттум. Мамилебизди сактап калууга жакшы эле аракет кылдык. Айрыкча кызым Эмма менен уулум Максты көргөндө туура эмес кылып жатам го деп ойлочумун. Кыял менен реалдуулук эки башка нерсе экен. Маркка турмушка чыгып жатканымда бийик кыялдарым бар болчу. Ал эми никеге келгенде анын баары урап түштү» деген. Ал эми учурдагы жигити Каспер Смарт жөнүндө «биз мурда жолугушуп жүрчүбүз. Кийин сүйлөшпөй калдык, кайра кезигиштик. Менимче, мамилебиздин аягы бактылуу үй-бүлөлүк жашоо менен аяктайт» деп айткан. Эске сала кетсек, Смарт Лопестен 18 жашка кичүү.