«ДАРТКА ЧЫРМООК ДА ДАБА БОЛО АЛАТ»

Элдик дарыгер

Табыпчылык өнөр эл ичинде илгертеден тарта бүгүнкү күнгө дейре жашап келет. Тамыр кармоо менен дартты аныктоо жана ооруну дары чөптөр менен айыктыруу тууралуу Дүйшөнбек Чомо уулу ой бөлүшөт.

– Сизди эл кыл тамырчы, табып катары тааныйт. Алгачкы суроом, тамыр кармоо менен кантип дартты аныктоого болот?
– Мен сыркоолоп калган адамдын тамырын кармап, анын кагышын байкап, оорунун эмнеден келип чыкканын аныктайм. Ички оорулар ысыктан, сууктан же экөөнүн аралашып кетишинен (чарбысын) келип чыгат. Андыктан тамыр да ошого жараша согот. Мисалы, жел ысыкчан оорулуунун тамыры эт менен терини жара бөлүп, лакылдап согот. Андай адамдын кан айлануусу бузулгандыктан, денесинде уюган кан болот жана дайыма үшүп жүрөт. Дарылоо да денедеги жел ысыкты чыгарууга багытталып, мүнөз тамак чектелет.
– Мүнөз тамак эмне үчүн чектелет?
– Тамак адамдын ысыгынын же суугунун ашынып кетишине таасир этет. Андыктан дарыланып жатып мүнөздөп тамак ичпесе (диета), анда дарылоо натыйжа бербей калат. Мүнөздөп тамак ичүүнүн мөөнөтү бүткөндө адам толук кандуу тамактанууга акырындап өткөрүлөт.
– Азыр кыш болгондуктан циститтин, бронхиттин күч алып турган учуру. Мындан кандай ыкмалар менен айыгууга болот?
Дары чөптөр менен айыгууга болот.
Циститте. Петрушканын данынан жана нокоттон 100 граммдан алып талкалоо кажет. Муну 1 килограмм балга кошуп аралаштыруу зарыл. Сыркоолуу күнүгө 1 чай кашыктан 4 маал ичет. Кечинде петрушканы кайнатып, жылуусунда бууга отуруу керек. Бул ыкма адам айыкканча колдонулат.
Бронхитте. Сезгендирүү (ташты ысытып, үстүнө дары сууну сээп, оозду тосуу), чөптөрдүн кайнатмасын ичүү жана оозду чайкоо, тамакты буулоо (ингаляция) ыкмалары сунушталат.
– Аялдарда мастопатия, башкача айтканда, эмчек безинин сезгениши жана жел кабыш (жел капты) оорулары учурайт. Буларды кандайча дарылайсыз?
Мастопатияны чөптөрдүн аралашмасын эмчекке тартуу менен дарыласа болот. Башкача айтканда, казтаңдай, чалкан, төө уйгактын жалбырагы, сасык маталдын түбү, согон, уу коргошун, бака жалбыракты аралаштырып, майда туурап алам. Анан ак самынга ачытып, спирт кошом. Эмчекке 5-7 күн, шишик кайткыча тартылат. Мүнөздөп тамак ичилет.
Жел кабыш (жел капты) тууралуу айтсам, бул оору менен эркектер сейрек, ал эми аялдар көп ооруйт. Аялдар төрөгөндөн кийин суукка урунуп, жел кабышка кезигишет. Башкача айтканда, шишип кетишет. Бул ооруга туш келбеш үчүн бойдон бошонгон аял 40 күн катары менен кордо (сүзмө катыкталган күрүчтүн кайнатмасы) ичкени оң. Ооруну айыктыруунун бир нече ыкмасы бар. Алардын бири ороодогу бууга отургузуу менен дарылоо. Мында кара топурактуу жерге чатыр же боз үй тигилет. Так ортосуна адамдын башы гана чыгып тургандай кылып ороо (чуңкур) казылат. Айланасы чий менен курчалат. Ороого кайнаган сууну сиңбей калганча куюп, үстүн буу чыкпагыдай кылып жабат. Аял киши ал ороого күндө 1 маал жылаңач отургузулуп, буу чыкпагыдай болуп кымтыланып коюлат. Башы сүлгү менен оролот. Дарылоо курсу 3-7 күн. Ороодон чыккан аял 2 саат жылуу жатуусу керек.
– Сизге рак, анын ичинде залалдуу шишик менен кайрылгандар да барбы?
– Ооба, андайлар да келишет. Өтүшүп кетпеген залалсыз шишиктерди айыктырууда түркүн ыкмалар бар. Бирок залалдуу шишиктерге келгенде иш башкача. Анткени андай шишиктерди башталышында бат өөрчүп кетүүгө жеткизбей гана кармап турууга болот. Башкача айтканда, адамдын өмүрүн канча бир убакытка узартууга мүмкүн. Шишиктерде, негизинен, чөп дарылар колдонулат. Арасында уулуу чөптөр да бар.
– Канча дары чөп түрүн колдоносуз жана аларды кайдан терип келесиздер?
– 700гө жакын чөп түрүн колдоном. Аларды үй-бүлөм менен Токтогулдан, Суусамырдан, Тогуз-Тородон жана башка жерлерден терип келебиз. Дарылыкка кээ бирлердин тамыры колдонулса, кээ бирлеринин жалбырагы, кээлеринин сабагы, уругу, гүлү да колдонула берет. Ар бир чөптү өз убагында терип албаса, дарылык касиети төмөндөп кетет.
– Кадимки медицинада колдонулуучу дары-дармектерден чөп дарылардын айырмасы эмнеде?
– Химиялык кошундулардан жасалган дарыларды колдонгондо алардын терс таасирлери адамда ооруну пайда кылышы мүмкүн. Мисалы, дарыдан аллергиялар келип чыгууда. Кайсы бир органды айыктырганы менен, экинчи органга запкы келтирет. Ал эми дары чөптөрдүн андай терс таасирлери жок. Болгону, канчалык өлчөмдө жана кайсы ооруда ичүүнү билүү керек.
– Эл арасында жалаң кыз төрөп, уулдуу боло албай же тескерисинче жалаң уул төрөп, кыздуу боло албай жүргөндөр бар...
– Суроонун төркүнүн түшүндүм. Мындай учурда аялдын тамырын кармап, жатыны ысыкка же суукка кирерин аныктап алам. Мисалы, жатыны ысыктар уул, ал эми жатыны суукчандар кыз төрөшөт.
Андыктан кызды каалагандардын жатынын сууктап, ал эми уулдуу болгусу келгендердин жатынын ысыктоо керектелет. Ошондо алар өздөрү күткөндөй уулдуу же кыздуу боло алышат.
– Төрөбөй келгендерге дарылап жардам бере аласызбы?
– Төрөбөй калуунун себептери көп. Мисалы, жатыны буралып же жыныстык органдары сезгенип дегендей. Мындайда чөп-дарылардан баштап жаныбарлардын терисине чейин колдоном. Айта кетсем, кашкулактын териси жатындын сезгенүүсүн жок кылып, төрөөгө шарт түзө алат. Ал үчүн жаңы союлган кашкулактын териси аялдын белине оролот. Эмдөө мөөнөтү 15 күн. Эгер аял тубаса төрөбөй турган болуп жаралып калса, анда айла жок.
– Тери ооруларын айыктыруу ыкмалары боюнча да кеп салып берсеңиз.
– Тери оорусуна экзема, чакалай, диатез жана башкалар кирет. Мындай оорудан жапа чеккен адамдын алгач канын тазалоо кажет. Бул үчүн чөптөрдүн кайнатмасы, тундурмасы берилет. Аларды сыркоолуу ичет, жарасына сыйпайт же компресс жасайт. Анан кан алуу ыкмасын колдоном. Булардан тышкары курт-кумурскалардан дары жасап берем. Кан алуу жайкы жана кышкы чилдеде гана жүргүзүлөт. Анткени жаз, күз жел убагы деп аталат. Мындай учурда кан алса, адамдын организми желге кабылып, майып болуп калышы мүмкүн. Чеге турган устара болоттон жасалып, мизи курч болот.
– Талма оорусун айыктырууда жаныбарлардын эти менен шорпосун да колдонот деп уктук эле...
– Ооба, бул үчүн кирпинин этин колдонуу оң. Ал үчүн этин сууга бышырып, шорпосун куюп алуу зарыл. Анан шорподон күнүгө эртең менен кечинде 1 аш кашыктан ичип жүрүү керек. Улардын этин бышырып жеп жүрсө да талмадан айыгууга салым кошот.
– Отоо чөп катары саналган чырмооктун да дарылык касиети болушу мүм­күнбү?
– Дарылыкка сары чырмоок пайдаланылат. Анын өпкөнү тазалап, өнөкөт жөтөлдү баса турган касиети бар. Дары жасоо үчүн аны кургатып, жанчып, 100 граммына 0,5 килограмм сары май кошуп коюу керек. Анан 1 стакан ысык сүткө 1 аш кашыктан салып 3 маал ичкен оң. Дарылануу курсу 2 ай.
– Маек соңунда окурмандарга эмне деп кайрылат элеңиз?
– Айта кетчү нерсе, чөп дарыларды өз алдынча колдонууга болбойт. Анткени оорусу ысыктан же сууктан экенин билбей туруп колдонсо, айыкмак түгүл дартын күчөтүп алышы мүмкүн. Ошондой эле бир адамга сунушталган чөп дары, өнөкөт оорусу барларга сунушталбашы мүмкүн. Ооруга кезиккенде адам аны өнөкөткө өткөрбөй дарыланса, организмине көп залал келбейт. Адам өзү да кыйналбайт. Андыктан ден соолукка жакшы көңүл буруу кажет.

ТАБЫП ТУУРАЛУУ

  • Табыпчылык менен 1988-жылдан бери эмгектенет.
  • 700дөн ашык дары чөптөрдүн “тилин” билет.
  • КМШдагы элдик дарыгерлер арасында өтүүчү семинарларга катышып турат.
  • Табыпчылык өнөр таятасы Чомодон (Токтогулдук) өткөн. Ал Кетмен-Төбөдө, Суусамырда, Жумгалда элге белгилүү тамырчы-табып болгон. Андыктан Дүйшөнбек табып Чомонун уулу эмес, жээни болуп эсептелет.
  • Өз апасы Сайрагүл сыныкчы да, табып да болгон.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Izana
2010-04-21 13:52:17
Беттеги купероз оорусун кантип кетурууго болот? кееде кызарып кычышат.
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан