БӨЙРӨКТҮ ИШТЕН ЧЫГАРУУЧУ 10 ФАКТОР

Кийинки кезде өлкөбүздө бөйрөгү ооругандар, ал тургай бөйрөгү иштен чыгып, аны алмаштырууга, ага алы жетпесе гемодиализ аппаратына көз каранды болгондордун саны өсүүдө. Буга себепкер эмнелер? Окумуштуулар бул жаатта негизги 10 факторду көрсөтүшөт. Аларды билип, бөйрөгүңүздү мүмкүн болушунча эрте сактоого тырышыңыз.


ЭТТИ, СҮТ-АЙРАНДЫ КӨП ИЧИП-ЖЕШ
Күндөлүк менюга белоктуу азыктарды, алып айтсак, этти, жумуртканы, сүт-айранды көп колдонууда бөйрөктүн иштеши начарлайт. Тамакты түрлөп, жашылча-жемишти кошуп жеш керек.

ГАЗДАЛГАН ТАТТУУ СУУСУНДУКТАРДЫ ДАЙЫМА ИЧҮҮ
Заарада белок пайда боло баштайт (буга суусундуктардын курамындагы жыт жана даам берүүчү заттардын да тиешеси бар). Бул бөйрөк канчалык бир деңгээлде сезгенип, иштеши кыйындаган деген белги.

УБАГЫНДА ЗААРА УШАТПОО, СУУКТА ЖУКА КИЙИНҮҮ
Толгон табарсыкты убагында бошотпоодон бөйрөктүн басымы көтөрүлүп, начар иштей баштайт.Суукта, өзгөчө кышта жука, белди жаппаган кийимди кийүүдөн бөйрөк суукка урунат. Тамандан сыз өтсө, муздак бассейнде сүзсө да бөйрөк жабыркап, сезгенерин эске алыңыз.


АЧУУ, ЫШТАЛГАН АЗЫКТАР ЖАНА ТУЗ
Туздалган, ышталган азыктарды көп жегенден жана тамакка туз, калемпир, мурчту ашыкча салып ичкенден бөйрөккө күч келип, акырындап иштен чыгат. Химиялык жер семирткичтер колдонулуп өстүрүлгөн жана гени өзгөртүлгөн (ГМО) жашылча-жемиштерди жегенден да бөйрөктө оору жараларын унутпаңыз.

СУУНУ АЗ ИЧҮҮ ЖАНА КИР СУУНУ ИЧҮҮ
Сууну (таза) аз ичсе, бөйрөктүн иштөөсү бузулат. Күн ысыкта 1 күндө 2-3 литрге жакын суу ичүү керек. Кир сууну ичкенде суу менен кошо организмге бактерия, вирус, уулуу заттар жана башкалар кириши мүмкүн. Аталгандар бөйрөктү сезгентет.


B6 ВИТАМИНИНИН ЖЕТИШСИЗДИГИ
Аталган витаминдин организмде жетишсиздиги бөйрөктө таштын пайда болуу коркунучун жаратат. B витамини авокадо, жүгөрү, гречка, сабиз жана малдын ич эттеринде бар.

АЗ КЫЙМЫЛ
Кечке компьютердин же сыналгынын маңдайында отуруу, спорт менен машыкпоо же үйдө жумуш жасабагандан, кыскасы, кыймылдын жоктугунан бөйрөктө таш жаралуусу мүмкүн.

ИЧКИЛИК, ООРУЛАР
Ичкиликти ашыкча ичүү бөйрөктүн иштешин бузат.
Жогорку кан басымда, кант диабетинде бөйрөктүн тамырлары ичкерип, иштөөсү оорлойт. Циститте табарсыктагы оору козгогучтар заара түтүкчөсү аркылуу бөйрөккө барып, аны сезгентет. Ангинада, тиштин ириңдөөсүндө да оору козгогучтар кан жана бездер аркылуу бөйрөккө өтүп, аны сезгентет. Андыктан убагында дарыланыңыз.


МАГНИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ
Бул химиялык элементтин жетишсиздиги бөйрөктө ташты пайда кылат. Магний кешью, соя, бадам, күрүч, сулу, шпинат жана какаонун курамында камтылган.

БАҢГИЗАТТАР ЖАНА ДАРЫЛАР
Дары-дармекти, өзгөчө ооруну басаңдатуучу каражаттарды өз алдынча ичүү, баңгизатты колдонуу бөйрөктүн иштешин начарлатат.


БӨЙРӨКТҮН МИЛДЕТИ
Адамдагы 2 бөйрөк артериалдык басымды жана организмдеги суу-туз алмашууну жөнгө салат.
Эритроциттердин (кызыл кан денечелери) жана сөөк ткандарынын жаралышына салым кошот.
Кандын курамынан заараны жана башка азоттуу шлактарды бөлүп чыгарып турат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Asyl19.09.90
2016-05-03 11:20:17
Аллергия жонундо дагы жазгылачы жаз келди аллергия жудотту
0
guzel55
2016-05-03 11:21:01
чон рахмат жакшы кенеш экен.
0
nurzhaz
2016-05-03 13:42:14
жегенибиз баары даарыга бышкан андан калса эт, сут, жумуртка болсо эми эмне жейбиз?
0
didu
2016-05-03 20:00:56
туззуук
0
nursultanbek
2016-05-04 06:32:29
Салам супер инфо? Мага Жоо басуу жонундо маалымат берип койгулачы сураныч?? Мен ото коп басам зыянбы же пайдабы билгим келет маалымат бергилечи болсо??алдын ала рахмат.
0
admin_superstan
2016-05-04 10:55:43
nursultanbek, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат.
0
leili1
2016-05-04 16:54:21
nursultanbek,баскан пайдалуу колдон келсе кунуно 3 км басыш кк тез ылдамдыкта
+2
tekebaeva.Arzu
2016-05-04 09:56:54
Бойрок оорунун белгилерин жазып коесунарбя?
0
sunu2015
2016-05-04 10:56:41
Жакшы кенеш экен ар ким озунун ден соолугу учун кам корсо керек
0
kazemir
2016-05-04 14:24:17
Эми азыр этти сутту коп жегендер аз.Кыргызстана кедейчилик 80% Эл сутту да этти да жарытып жебейт ойлонбогула ичкилик да азайды кудайга шугур.
+1
egemberdievagulbara
2016-05-04 17:26:15
Менин ичип курулдай берет тамак жегенден кийин.Суперинфо жооп таап бере аласыздарбы
+1
mirlaane
2016-05-05 06:56:13
egemberdievagulbara,i4egiler wamaldagan
0
PatriotKG01
2016-05-04 22:02:38
Бойрок оорунун симптомдорун дагым жазып койгулачы.
0
admin_superstan
2016-05-05 10:30:33
PatriotKG01, egemberdievagulbara, саламатсыздарбы? Сунуштар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Sajakat14
2016-05-06 12:45:25
Сонун маалымат экен! Апамдын бөйрөгү ооруйт. Эми апама кеп кеңеш бере алам. Сиздерге рахмат суперинфо!
0
akjoltoy
2016-05-06 16:41:58
Админ сайтта тибет медицинасы жонундо маалымат барбы? Болсо шилтемесин берип койгулачу сураныч
0
Nora
2016-05-06 23:34:22
Et mai sut jumurtka jesh kerek birok az azdan kop jep alsan bolboit, birok Kyrgyzdar kop dele jebeit, bizdin kyrgyzdar arak, gazdalgan suusunduktardy kop ichip koiushat, mailuu etti jep alyshat oshonduktan boor, boirok buzulup kalat da.
0
kenesh0749
2016-05-07 17:13:16
рахмат супер
0
A_y_86
2016-05-08 23:10:09
Алдын алуунуда жазып койбопсуздар
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан