"КҮНӨСКАНАМДА ПАЛЬМА, БАНАН, КИВИ ДА БАР"

Түштүк жергесине иш сапары менен барганыбызда бул жакка жаз эрте келерине дагы бир ирет ынандык. Анткени кээ бир дыйкандар талаада дарбыз эгип жүрсө, айрымдары эрте отургузган картошкаларын чаап, үйүү менен алек. Сарымсактар казылып базарга түшө баштаптыр. Жалал-Абадга жеткен соң Ноокен районунун Ноокен айылына аттандык, анткени бизди кызыктыргандардын бири – өзгөчө өсүмдүктөр өстүрүлүүчү күнөскана болчу.



Күнөскананын кожоюну өзүн Салижан Закиров деп тааныштырып, адистиги куруучу болгондуктан күнөсканасын өзү куруп алганын айтты. Ал кызыктырган өсүмдүктүн уругубу, көчөтүбү акчанын көзүн карабай сатып алат экен. 25тен ашык түрдүү өсүмдүктөр өстүрүлгөн траншея түрүндө казылган узундугу 23, туурасы 9, бийиктиги 6 метр келген күнөскананы курууга 750 миң сом кеткен. Өсүмдүктөрдү көрүү үчүн төмөнгө 2,5 метрдей ылдый түштүк. Адегенде эле көзүбүзгө жоокерлердей тизилген банандар урунду. Салижан өсүмдүктөр менен тааныштырып, аларды өстүрүү сырларын айтып берди.

Банан, 11 жылдык. Башында бир нече көчөттү сатып келип, гүл челектерге, кийин жазында сыртка отургузгам. 9 жыл сыртта өстүрдүм. Жыл сайын кыш жакындаганда түбүнөн кыркып, үстүн жыгач таарындысы менен көмүп салчумун. Жазында кайра өсүп калышчу. Күнөсканага отургузганыма 2 жыл болду. Сыртта өстүргөндө деле гүлдөп, ар бир түбү 100дүн тегерегинде мөмө алып жүрдү, бирок мөмөсү 6-7 сантиметрден ары чоңойбой жана бышпай көк бойдон калат экен. Убагында гүлдөп, мөмөсү бышып жетилсин үчүн 12 ай бою жылуулук керектелгендиктен мында отургуздум. 2 жылда бойлору күнөскананын төбөсүн тиреп калгандыктан баштарын кыркып салдым. Учурда 8и мөмөлөп турат, 5 айда бышат. Ар түбүндө 100-120нын тегерегинде банан мөмөсү бар. Көчөттөрүнөн керектүүсүн казып алып, башка жакка көчүрөм, калгандарын 1 даанасын миң сомдон жогору сатам. Бананды уругунан өстүрсө да болот. Бир жылда бир гүлдөп, мөмөлөйт.

Пальма, 7 жылдык. Уругун Кытайдан алдыргам. Алгач уругун марганцовка кошулган сууга 2-3 саат чылап, анан нымдуу матага ороп, үстүнөн целлофан баштыкка ороп, жылуу жерге койдум. Нымдуулугун кетирбей кармап жүрүп 3 ай дегенде өндүрүп алдым. Анан гүл идишке отургузуп, бою 7 сантиметр болгондо күнөсканага көчүрдүм.

Киви, 2 жылдыктары. Уругун Сербиядан алдыргам. 200 уруктан 5-6сы эле өсүп чыкты. Көчөттөр үчүн чыгарылган даяр органикалык жер семирткичке суу кошуп, ага уруктарды 12 саат салып койдум. Анан гүл челектеги кум, чиринди, таарынды аралашкан топуракка сээп, өстүрүп, 1 жылдан кийин күнөсканага отургуздум. Киви жүзүмдөй болуп тарбайып өсүп, 5-6 жылдан кийин мөмө бере баштайт.

Курма (финики), 9 жылдык. Уругун Арабиядан алып келип беришкен. 15-16 жыл дегенде гана мөмөлөөчү жемиш дарагы. Чоң гүл идишке чириндини салып, урукту таштап, үстүнө көчөттөр үчүн чыгарылган даяр органикалык жер семирткичке суу кошуп куюп, бетин жука клеёнка менен жаптым. Урук 1,5 айда өндү. Күнөсканага 2 жылдан кийин отургузгам.

Бул лимонду калемчесинен чоңойтком. Бул жакка отургузганыма 2 жыл болду.

Кофе, 3 жылдык. Уругун Кытайдан алдырткам. 4 айда араң өнүп чыкты. Анан чиринди салынган стаканга отургузуп, чоңойтуп, 2 жыл дегенде күнөсканага көчүрдүм.

Декоративдүү кытай анары, 5 жылдык.

Үйдө өскөн анар.

Кактустардын 6-7 түрү бар.

Фикус күнөсканада да жакшы өсөт.

Инжир, быйыл февралда өстүрүлгөнү жана 3 жылдыгы. Сары жана күрөң мөмөлөөчү түрлөрү. А бул сыртта өскөнү, мөмөлөрү менен (3 жылдык).

Короодон Япония акациясы, бою 6 метрге жетерлик бамбук, гибискус (кытай розасы), алоказия сыяктуу өсүмдүктөрдү да көрдүк. Салижан короосунда жана күнөсканада өстүргөн өсүмдүктөрдүн уругун, калемчесин, көчөтүн сатып, 1 жылда 120 миң сомдун тегерегинде пайда көрөт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Wave.
2016-05-02 09:32:40
Кыргыздар озу колубуздан коп нерсе келет. Бирок жалкообуз да. Болбосо колунан коору тогулгон азаматтарыбыз коп эле.
Келгиле баарыбыз аракет кылалы мамлекетти карап отура бербестен !!!
Ата мекендик продукцияларды гана колдонгонубуз да чон салым негизи.
+8
radyakiz
2016-05-02 12:05:30
Ваааауууууу сонун экен. Ошондой бакчанын ичинде журсон сонун болуш керек.
+4
Usow
2016-05-03 02:04:55
Молодец
+1
88inara88
2016-05-03 03:30:03
Ноокендин кайсыл жеринен болот болду экен толук жазбапсыздарда супер инфо,игинизге ийгилик.
0
eshmanov91
2016-05-03 19:28:12
Ийгилик сизге аяш ата. Ноокен менин айылымго. Оркундоп өсө берсин кен Ноокенибиз!
0
Aytur
2016-05-06 12:35:43
Азамат !!!
Иштесен тиштейсин деген ушул, башында кыйналган чыгар, оной оокат кайда.
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан